Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 13-августу № 100 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу бөлүк менен толукталсын:
"Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз жер участогу - мелиоративдик процесстерди жүргүзүүгө мүмкүн болбогон, айыл чарба техникасынын жеткиликтүүлүгү чектелген, жеке турак үйлөрдүн курулушуна, которуу жөнүндө чечим кабыл алынганына, максаттуу багыттагы - айыл чарба жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт чыгарылганына байланыштуу аны максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган контурдагы жер участогу.";
2) 4-берененин 2-бөлүгүндө "айыл чарба жерлерин" деген сөздөр "чарба жерлеринин түрлөрүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын орду толтурулбайт. Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар которулуп (трансформацияланып) жаткан жеке менчик жер участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.";
4) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда жер участокторунун ээлери жерди которуп берүү жөнүндө райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын туруктуу иштөөчү комиссиясына арыз беришет.";
5) 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
6) 20-берененин 1-бөлүгүндө "12-пунктунда" деген сөздөр "12 жана 13-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилгенден кийин айыл чарбасына багытталган жерлерге имараттардын жана курулмалардын мыйзамсыз курулушу үчүн шарт түзүп берген жактарды жоопкерчиликтен бошотпойт.
3-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 23-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында жайгашкан жерлерди…Постановление · 12.08.2022 · № 452
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4677-VI "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 23.06.2021 · № 4677