Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана «Терек-Таш» ЖЧК жана «ЗЕНИТ» фирмасы» («ZENIT») ЖЧК компанияларынын консорциумунун ортосундагы Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 24-августу № 452-т Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана "Терек-Таш" ЖЧК жана "ЗЕНИТ" фирмасы" ("ZENIT") ЖЧК компанияларынын консорциумунун ортосундагы Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Дж.Амангельдиевге аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана "Терек-Таш" ЖЧК жана "ЗЕНИТ фирмасы (ZENIT)" ЖЧК компанияларынын консорциумунун ортосундагы Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАКУЛДАШУУ Ушул Цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу (мындан ары - Инвестициялык макулдашуу) мындан ары "Тараптар" деп аталган, Уставдардын негизинде иштеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин жүзөгө ашырган, бир тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети), экинчи тараптан "Терек-Таш" ЖЧК жана "ЗЕНИТ" фирмасы" ЖЧК компанияларынын консорциумунун (мындан ары - Инвестор) ортосунда түзүлгөн. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен Чүй облусунун клинкер чыгаруучу жана цементти майдалоо боюнча заводдорду куруу долбоорун ишке ашырууда өз ара укуктарды жана милдеттерди жөнгө салуу максатында жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган төмөнкүлөр жөнүндө ушул Инвестициялык макулдашуу түзүлдү:
1. Негизги түшүнүктөр
1.1. Негизги терминдер жана түшүнүктөр:
мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын конституциялык жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык туруктуу негизде уюшулган, аткаруу бийлигинин функцияларын жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюм. "Мамлекеттик орган" термини ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу бардык аймактык бөлүмдү же түзүмдүк бирдикти билдирет; күчүнө кирген дата - Инвестициялык макулдашуунун 18-пунктунда аныкталган; цемент заводу - Кемин районундагы Кара-Булак айыл аймагында Жылтыр участогунда клинкер өндүрүү боюнча жана Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл аймагында цемент майдалоо боюнча заводдор; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары - Кыргыз Республикасынын жыйынды мыйзамдары; инвестициялык макулдашуу - ушул Инвестициялык келишим, киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен анын бардык тиркемелери кирет; инвестициялык долбоор - Чүй облусунда клинкерди чыгаруу жана цементти майдалоо боюнча заводдорду куруу долбоору; инвестор - тике инвестициялар түрүндө өздүк, зайымдык же тартылган каражаттардын салымын жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъекти; айлана-чөйрөгө таасирди баалоо (мындан ары - АЧТБ) - долбоордук чечимдерде белгиленген чарбалык жана башка иштин болжолдуу таасир этүүсүн, анын натыйжасында келип чыккан айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү аныктоо, талдоо, баалоо жана эсепке алуу; расмий уруксат - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ар кандай уруксаты, лицензиясы, сертификаты, каттоо, күбөлүгү жана башка бардык жактыруусу же макулдашуусу; жоготуулар жана зыяндар - жеке же юридикалык жакта келип чыгуучу ар кандай жоготуулар, сарптоолор, залалдар, жоопкерчиликтер, милдеттенмелер, чыгашалар (пайыздарды, айыптарды, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гонорарларды жана чыгымдарды кошкондо), соттук териштирүүлөр, доолор, дооматтар, кошуп эсептөөлөр, айыптар же зыяндар; жумуш күнү - Кыргыз Республикасындагы банктар иштөө үчүн ачык болгон бардык расмий күн; кабарлоо - Инвестициялык макулдашуунун 19-главасында аныкталган; алынбай калган пайда - жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында менчик ээси же жерди пайдалануучу алышы мүмкүн болгон алынбаган киреше; форс-мажор - Инвестициялык макулдашуунун 13-главасында аныкталган; юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү түрдө түзүлгөн ар кандай компания, корпорация, коом, акционердик коом, шериктештик, ишкана, биргелешкен ишкана, инкорпорацияланбаган биргелешкен ишкана, бирикме, трасттык фонд же бардык башка уюм.
2. Чечмелеө
2.1. Ушул Инвестициялык макулдашууну пункттарга жана башка бөлүктөргө бөлүү, ошондой эле аталыштарды киргизүү ыңгайлуулук үчүн гана ишке ашырылган жана аны чечмеленишине таасирин тийгизбеши керек.
2.2. Эгерде башкасы белгиленбесе, анда пунктка же тиркемеге карата номер коюлуучу бардык шилтемелер ушул Инвестициялык макулдашуунун көрсөтүлгөн пунктуна же тиркемесине кирет.
2.3. "Ушул Инвестициялык макулдашуу" термини жана ушул сыяктуу маанилер ушул Инвестициялык макулдашуунун кайсы бир конкреттүү пунктуна, тиркемесине же бөлүгүнө эмес ушул Инвестициялык келишимге кирет.
2.4. Эгерде контекстте башкача көрсөтүлбөсө же талап кылынбаса, жекелик маанини билдирген сөздөр көптүк маанини да камтыйт жана тескерисинче, ал эми бир родду билдирген сөздөр бардык роддорду билдирет жана "анын ичинде" деген сөздөр "анын ичинде, бирок чектелбестен" деген маанини билдирет.
3. Инвестициялык макулдашуунун предмети
3.1. Ушул Инвестициялык макулдашуунун предмети болуп жылына 1500000 (бир миллион беш жүз миң) тонна цемент чыгарган өндүрүштүк кубаттуулуктагы Чүй облусундагы клинкер өндүрүү жана цемент майдалоо боюнча заводдорду долбоорлоо жана курууну ишке ашыруу максатында инвестор тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу инвестициялык долбоор саналат.
4. Инвестициялык иштин объекти
4.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча Инвестордун ишинин объекти болуп Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагынын Жылтыр участогунда клинкер өндүрүү жана Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагында цемент майдалоо боюнча заводдорду куруу саналат.
4.2. Инвестициялардын жалпы суммасы 150000000 (жүз элүү миллион) АКШ долларын түзөт.
4.3. Заводдор Инвестордун менчиги болуп саналат.
4.4. Клинкер өндүрүүчү завод Кыргыз Республикасынын Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагынын Жылтыр участогунда жана цемент майдалоочу завод Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагында жайгашкан.
4.5. Заводдордун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1500000 (бир миллион беш жүз миң) тонна цементти түзөт.
4.6. Заводдор клинкер жана цемент өндүрүү үчүн гана пайдаланылат.
4.7. Заводдун өндүрүш процесси "Евро-4төн" төмөн эмес экологиялык стандартка ылайык келет.
4.8. Заводдорду куруу Министрлер Кабинети менен Инвестордун ортосунда бекитилген План-графикке жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүзөгө ашырылат.
4.9. Заводдор пайдаланууга берилгенге чейинки курулуштун мөөнөтү заводдорду жана технологиялык жолду куруу үчүн зарыл болгон жер участокторун трансформациялоо менен байланышкан бардык жол-жоболор толук аяктаган күндөн тартып 24 (жыйырма төрт) айды түзөт.
5. Министрлер Кабинетинин билдирүүлөрү жана кепилдиктери
5.1. Министрлер Кабинети Инвестициялык макулдашуу күчүнө кирген датага карата төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
- Министрлер Кабинети ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана жүзөгө ашырууга жана ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга ыйгарым укуктуу жана мындай аракеттердин бардыгы ал тарабынан бардык зарыл жол-жоболор менен талаптагыдай түрдө санкцияланган;
- ушул Инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинети тарабынан талаптагыдай түрдө жана мыйзамдуу негизде түзүлгөн жана анын шарттарына ылайык аткарылып башташы мүмкүн болгон, ал үчүн мыйзамдуу, жарактуу жана юридикалык жактан милдеттүү болгон милдеттенмени түзөт;
- ушул главанын тексти жана мазмуну "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде" каралган Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдиги катары эсептелбейт жана чечмеленбейт.
6. Инвестордун билдирүүлөрү жана кепилдиктери
6.1. Инвестор күчүнө кирген датага карата өзү тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
- Инвестор тийиштүү түрдө түзүлгөн, мыйзамдуу негизде бар жана юрисдикциянын, анын мекемесинин мыйзамдарына ылайык бардык коюлган талаптарга жооп берет, азыркы мезгилде Инвестор жүргүзүп жаткан жана мындан ары да жүргүзүүнү болжолдогон чарбалык ишти жүзөгө ашырууга мыйзамдуу ыйгарым укуктар берилген;
- Инвесторго ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана аткарууга, ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга жана бардык зарыл жол-жоболорго ылайык ал тарабынан тиешелүү түрдө макулдашылган бардык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктар берилген;
- Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттарды жана ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.9-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө инвестициялоого кепилдик берет;
- ушул Инвестициялык макулдашууну түзүү жана аткаруу анын мекемесинин же уюштуруу документтеринин шарттарына ылайык Инвестор тарабы болуп саналган же ага байланышкан, же Инвестордун өзүнүн же анын каалаган активдеринин тиешеси бар каалаган макулдашууну, токтомду же тескемени олуттуу бузууга же олуттуу түрдө аткарбай коюуга же аткаруу мөөнөтүн кыскартууга алып келбейт;
- ушул Инвестициялык макулдашуу Инвестор тарабынан талаптагыдай түрдө жана мыйзамдуу негизде түзүлгөн жана анын шарттарына ылайык аткарылып башташы мүмкүн болгон, ал үчүн мыйзамдуу, жарактуу жана юридикалык жактан милдеттүү болгон милдеттенмени түзөт;
- Инвесторго каршы эч кандай доо коюлган жок, эч кандай сот иштери козголгон жок, эч кандай териштирүү же тергөө жүргүзүлгөн жок жана ага каршы каалаган сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан мындай аракеттерди жасоо коркунучу жок, алар өзүнчө же чогуу алганда анын чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге же ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн начарлатууга алып келиши мүмкүн. Инвестордун каалаган мындай олуттуу жагымсыз кесепеттерге же мындай начарлатууга алып келиши мүмкүн болгон каалаган сот, арбитраж же каалаган мамлекеттик орган тарабынан кандай гана болбосун тескемелердин, токтомдордун, буйруктардын же тыюу салуулардын бузулгандыгы же аткарылбагандыгы жөнүндө маалыматы жок;
- Инвестор бардык колдонулуп жаткан мыйзамдарды сактаган, буга байланыштуу ага карата эч кандай айыптар, санкциялар, соттук тыюу салуулар колдонулган эмес жана ага каршы кылмыш-жаза жоопкерчилиги козголгон эмес, бул жалпысынан анын чарбалык ишине, финансылык абалына же ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизген же олуттуу түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон;
- ушул Инвестициялык макулдашууга киргизилген Инвестордун арыздарынын же ишендирүүлөрүнүн эч бири олуттуу фактылар жөнүндө эч кандай жалган ырастоолорду камтыбайт (алар ушул Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн датага карата Инвесторго белгилүү же белгилүү болушу керек) жана мындай билдирүүлөр жана ишендирүүлөр алар жасалган жана берилген жагдайларды эске алуу менен жаңылышууга алып келбешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кандайдыр бир олуттуу фактыларды (ушул Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн датага карата Инвесторго белгилүү же белгилүү болушу керек) өткөрүп жибербейт.
7. Тараптардын укуктары
7.1. Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө укуктуу:
- Инвестициялык макулдашууну түзүү жана бузуу шарттарын, тартибин аныктоого, Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана каттоого;
- Инвестордун Инвестициялык макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча милдеттенмелеринин сакталышын контролдоого жана талаптагыдай түрдө жана өз убагында аткарылышын талап кылууга;
- Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин жана өлчөмүн бекитүүгө;
- эгерде аларды жүзөгө ашыруу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келсе, мурда кабыл алынган схемаларды, өндүрүүчү күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу, мелиорациялоо, химиялаштыруу программаларын жана башка чечимдерди жүзөгө ашырууну токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарын сактоону, жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын, тазалоочу курулмалардын жана башка жаратылышты коргоочу түзүлүштөрдүн иштешин, аларды контролдоо каражаттарын текшерүүгө;
- Инвестордон ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча Инвестордун милдеттенмелеринин аткарылышын ырастаган маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тиешеси бар маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө суроого;
- ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Министрлер Кабинетинин форс-мажордук жагдайларды таануусун кошпогондо, Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерин жарым-жартылай же толук аткарбаган учурда, Чүй облусундагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укуктарында бөлүнүп берилген жер участокторун мөөнөтүнөн мурда алып коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Инвестициялык макулдашууда белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
7.2. Инвестор төмөнкүлөргө укуктуу:
- Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Инвестициялык макулдашуунун жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген аракеттерди көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболорго ылайык жергиликтүү жана чет өлкөлүк башкы подрядчыларды, анын ичинде чектебестен долбоорлоо компаниясын, башкы подрядчыны, субподрядчыларды долбоорлоо (долбоорду жана документтерди улуттук долбоорлоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө адаптациялоо менен чет өлкөлүк подрядчылар тарабынан долбоорлонгон учурда) жана куруу боюнча иштерди аткаруу үчүн, ошондой эле Инвестициялык долбоордо каралган объекттерди куруу, ошондой эле аларды оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана өркүндөтүү үчүн башка компанияларды тандоого, ошондой эле товарларды жеткирүүчүлөрдү тандоого;
- ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвестор тарабынан берилген Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин бөлүгүн көрсөтүүгө ыйгарым укуктарды Инвестордун өз ыктыяры боюнча тандап алынган бир же андан көп субподрядчыларга, мындай субподрядчылардын бардыгы аларга берилген иштердин көлөмүн аткарууга тиешелүү Расмий уруксаты болгон шартта өткөрүп берүүгө. Мындай өткөрүп берүүгө карабастан, Инвестор ишти Министрлер Кабинетине өткөрүп берүү үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
- бөлүнгөн квоталардын чегинде кесиптердин жана сандын тизмеги боюнча Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга.
8. Тараптардын милдеттенмелери
8.1. Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:
- цемент майдалоочу заводду куруу үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагындагы 26 га жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына жер участогун трансформациялоону камсыз кылууга;
- "Жаңы-Жол айылы - "Карагайбулак" карьери" (акиташ чыгуучу жер) узундугу 24 км технологиялык автомобиль жолун куруу үчүн Ильичев жана Кичи-Кемин айыл аймагындагы жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына трансформациялоону камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Инвестициялык макулдашуунун талаптарын сактоого;
- Кемин жана Ысык-Ата райондорундагы курулуш аянттарында ташып келүүчү жабдуулар жана механизмдер жана аларды андан ары чогултуу үчүн "Терек-Таш" ЖЧКсы үчүн "бажы контролунун убактылуу зонасы" (БКУЗ) бажы режимин ачууну жана камсыз кылууга;
- "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун 2024-жылдын 3-кварталынан тартып "Терек-Таш" ЖЧК жана "ЗЕНИТ" ("ZENIT") ЖЧК компанияларынын консорциуму менен көмүлгөн жерлерден алтындын калдыктарын жылына 300 миң тоннадан кем эмес көлөмдө тазалоо жөнүндө, көрсөтүлгөн көлөмдү цемент өндүрүүдө пайдалануу үчүн акысыз негизде ташып чыгуу менен 49 жылга келишим түзүүгө.
8.2. Инвестор өзүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алат:
- ушул Инвестициялык макулдашууга жана Пландын графигине ылайык Инвестициялык долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
- айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которууда (трансформациялоодо) жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери - Инвесторлор тарабынан жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммаларын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо төлөөгө;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында цемент майдалоочу заводду куруу үчүн жер участогу мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда менчикке берилген учурдан тартып 30 (отуз) күндүн ичинде заводду куруунун бекитилген План-графигин киргизүүгө;
- ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.9-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн инвестицияларды ишке ашырууга жана заводдорду пайдаланууга берүүгө;
- Инвестициялык долбоорду курууда курулуш, техникалык, өнөр жай, экологиялык жана коопсуздуктун башка ченемдерин жана ушул Инвестициялык макулдашууну кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого. Атап айтканда, Инвестор алардын персоналына карата колдонулуучу чет өлкөлүк жарандарды ишке кабыл алууга, ден соолугун коргоого, социалдык камсыздоого жана иштөөгө уруксат берүүгө тиешелүү мыйзамдарды кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенүүгө милдеттүү;
- Чүй облусунда мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда алынган жер участокторун максаттуу пайдаланууну жүзөгө ашырууга;
- ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрүн өзгөртпөөгө жана Инвестициялык долбоордун шарттарын бузбоого;
- Министрлер Кабинети жана мамлекеттик органдар тарабынан талап кылынган Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдар менен заводдордун долбоордук-сметалык документтерин, анын ичинде АТББ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына адаптациялоо жана жергиликтүү шарттарды максималдуу эске алуу менен өнөр жай коопсуздугу боюнча документтерди макулдашууга;
- экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылууга;
- заводдорду ишке киргизүү менен 500дөн (беш жүз) кем эмес жаңы жумушчу орундарын түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын - инженер-техникалык кызматкерлердин жана жумушчулардын кеминде 90 (токсон) пайызын ишке тартууга;
- Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбаган учурда, Министрлер Кабинети форс-мажор жагдайы деп тааныган учурду кошпогондо, Инвестор Чүй облусундагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда алынган жер участокторун мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүгө милдеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Инвестициялык макулдашууда белгиленген башка милдеттенмелерди аткарууга;
- ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймагында заводдор жана технологиялык жолдор бар айыл аймактарын социалдык өнүктүрүүгө катышууга.
9. Тараптардын жоопкерчилиги
9.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди күнөөлүү Тарап аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда Тараптардын бири тарткан жоготуулардын жана зыяндардын ордун толтурууга милдеттенет.
10. Айлана-чөйрөнү коргоо жана коопсуздук
10.1. Инвестор өз ишин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына, ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык жүзөгө ашырат.
10.2. Кыргыз Республикасынын аймагында заводдорду курууда айлана-чөйрөгө зыян келтирилсе, жеке адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, Кыргыз Республикасынын жеке жана (же) юридикалык жактарынын мүлкүнө зыян келтирилген учурда, анда мындай зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Инвестор тарабынан толтурулууга тийиш.
11. Салыктар жана төлөмдөр
11.1. Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө милдеттенет.
12. Инвестицияларды коргоо
12.1. Министрлер Кабинети ушул Инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн Инвестициялык долбоорго байланыштуу инвестицияларды (капиталдык салымдарды) коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт.
13. Форс-мажор
13.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча кандайдыр бир милдеттенмени (же анын кайсы бир бөлүгүн) аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн жооптуу болгон ар бир Тарап, ушул пунктта көрсөтүлгөн акчалай сумманы жана милдеттенмелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди кошпогондо, мындай аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы ушул Инвестициялык макулдашууда аныкталгандай форс-мажордук жагдайлар менен шартталган же келтирилген даражада аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
13.2. Министрлер Кабинетине карата форс-мажор жагдайлары төмөнкүлөр менен чектелет:
- табигый кырсыктар (жер титирөө, сел, жер көчкү, циклон, суу ташкындары, өрт, чагылгандын соккусу, толкун, вулкандын атылышы жана башка ушул сыяктуу жаратылыш кубулуштары);
- эгемендүү мамлекеттердин ортосундагы аскердик аракеттер, терроризмдик актылар, көтөрүлүштөр жана козголоңдор;
- Кыргыз Республикасын кошпогондо, эгемендүү мамлекеттерге карата эл аралык эмбарго;
- ар бир учурда Министрлер Кабинетине жана (же) мамлекеттик органдарга өз милдеттерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууга мүмкүндүк бербеген ушул пункттун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн жагдай же себеп жана алардын ар кандай кесепеттери алардын контролдоосуна мүмкүн болбогон шартта, ошондой эле ушул пункттун экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн мындай жагдай же себептер Министрлер Кабинетинин жана (же) мамлекеттик органдардын шалаакылыгы же алардын ушул Инвестициялык макулдашууну бузуусу менен чакырылбаса же шартталбаса.
13.3. Инвесторго карата форс-мажордук жагдайлар Инвесторго өз милдеттенмелерин же анын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууга тоскоол болгон, анын акылга сыярлык көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлар же себептер менен чектелет жана Инвестор тарабынан шалаакылыгы же анын ушул Инвестициялык макулдашууну бузуусу менен чакырылган эмес же шартталган эмес. Ушул пунктка ылайык форс-мажор ушул пункттун башка талаптарына ылайык келген шартта төмөнкүдөй жагдайларды жана себептерди өзүнө камтыйт:
- табигый кырсыктарды (жер титирөө, сел, жер көчкү, циклон, суу ташкындары, өрт, чагылгандын соккусу, толкундар, вулкандын атылышы жана башка ушул сыяктуу жаратылыш кубулуштары);
- согуштарды, иш таштоолорду жана Инвестордун кызматкерлери менен гана чектелбеген башка эмгектик талаш-тартыштарын, көтөрүлүштөрдү жана козголоңдорду, террордук актыларды;
- эл аралык эмбаргону, ошондой эле Инвестордун акылга сыярлык көзөмөлүнөн тышкары башка жагдайларды же себептерди жана алардын эскалациясын, аталган мүнөздө же андай эмес болсо да;
- COVID-19 эпидемиясына окшош санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдү.
13.4. Акчалай суммаларды төлөө боюнча милдеттенмелерди кошпогондо, форс-мажордун натыйжасында Тараптардын бири ушул Инвестициялык макулдашуу же анын кандайдыр бир бөлүгү боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн жоготкон учурда, ал анын алдында аткарылуучу милдеттенмеси бар экинчи Тарапка токтоосуз түрдө жазуу жүзүндө бул тууралуу билдирет.
13.4.1. Мындай билдирүүдө:
- бул Тарап аткара албаган милдеттенмелерди же алардын бир бөлүгү көрсөтүлөт;
- форс-мажордук жагдай толук сүрөттөлүп берилет;
- форс-мажор сактала турган болжолдуу убакыт көрсөтүлөт;
- форс-мажордун кесепеттерин оңдоо же азайтуу үчүн өзүнө же башка Тарапка көрүүгө сунуш кылган чаралар көрсөтүлөт.
13.5. Мындай билдирүү берилгенден кийин жана форс-мажор сакталып турган бардык мөөнөттүн ичинде, акчалай суммаларды төлөө боюнча милдеттенмелерди кошпогондо, мындай форс-мажордун натыйжасында аткарылышы мүмкүн болбогон бардык милдеттенмелерди же анын кайсы бир бөлүгүн аткаруу токтотулат.
13.6. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган кайсы болбосун Тарап ал үчүн жеткиликтүү болгон чараларды көрөт жана Тараптар тарткан зыянды азайтуу жана жоюу же оңдоо үчүн зарыл болгон каражаттарды жумшайт, форс-мажордук жагдайларды жоюу жана өз милдеттенмелерин же анын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууну мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүүгө аракет кылат.
13.7. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Министрлер Кабинети форс-мажордук жагдайлар сакталган мезгил ичинде жана анын натыйжасында Инвестор тарткан чыгымдарды азайтуу үчүн талап кылынган мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон чараларды көрүү үчүн бардык керектүү аракеттерди жасайт.
13.8. Форс-мажордун натыйжасында өзүнүн милдеттенмелерин же алардын бир бөлүгүн аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн (акчалай суммаларды төлөө милдеттенмесин кошпогондо) ажыраган Инвестор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ар кандай мамлекеттик орган, жеке жана (же) юридикалык жак форс-мажор учурунда жана анын натыйжасында тарткан жоготууларды жана чыгашаларды азайтуу үчүн бардык зарыл аракеттерди көрөт.
14. Купуялуулук
14.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул Инвестициялык келишимди ишке ашыруу боюнча ишке тиешелүү бардык документтердин, маалыматтардын жана отчеттордун купуялуулук шарттарын анын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде сактайт.
14.2. Тараптардын бири дагы экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар бири-бирине берген маалыматты, же Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу купуялуу деп эсептелген башка маалыматты ачыкка чыгарууга укугу жок, төмөнкү учурлардан тышкары:
- маалымат соттук иликтөөнүн жүрүшүндө колдонулганда;
- Инвестициялык макулдашуу боюнча Тараптардын бирине кызмат көрсөтүүчү үчүнчү жактарга маалымат берилгенде, эгерде мындай үчүнчү жак мындай маалыматтын купуялуулугунун шарттарын сактоого жана аны Тараптар белгилеген максаттарда жана Тараптар белгилеген мөөнөттө гана пайдаланууга милдеттенгенде;
- Тарап Инвестициялык макулдашуу боюнча финансы каражаттарын алган банкка же башка финансылык уюмга маалымат берилгенде, мындай банк же финансылык уюм мындай маалыматтын купуялуулук шарттарын сактоого милдетин өзүнө алганда;
- Инвестордун банктык эсептерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чет өлкөлүк банктарда ачылган эсептерине тиешелүү, анын ичинде банктык сыр болуп саналган маалыматтарга жетүү укугу бар Кыргыз Республикасынын салык органына же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалымат берилгенде;
- Министрлер Кабинети Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаганда. Мында Министрлер Кабинети инвестициялардын суммасы, ишке ашырылып жаткан региону, түзүлгөн жумуш орундардын саны жана Инвестициялык долбоордун аталышы жөнүндө гана маалыматты жарыялоого укуктуу.
15. Талаш-тартыштарды чечүү
15.1. Ушул Инвестициялык макулдашуудан келип чыккан же ага байланыштуу (анын ичинде аны түзүүгө жана ушул Инвестициялык макулдашуунун болушуна, жарактуулугуна, аткарылышына же токтотулушуна тиешелүү бардык маселелер) жана (же) Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар Министрлер Кабинетинин жана Инвестордун катышуусу менен сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Эгерде мындай сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 3 (үч) айдын ичинде талаш-тартыш чечилбесе, анда мындай талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сотторунда чечилүүгө тийиш.
16. Инвестициялык макулдашуунун туруктуулугунун кепилдиктери
16.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган же Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурлардан тышкары, Министрлер Кабинети менен Инвестордун ортосунда түзүлгөн Инвестициялык макулдашуунун шарттары ушул Инвестициялык макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөрүүсүз калат.
17. Колдонулуучу укук
17.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу жана ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде кол коюлган башка макулдашуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет.
18. Колдонуу мөөнөтү жана Инвестициялык макулдашуунун күчүнө кириши
18.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинети жана Инвестор тарабынан кол коюлган күнү күчүнө кирет (мындан ары - "Күчүнө кирген күн") жана Тараптар өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
19. Кабарлоо
19.1. Ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде же ага байланыштуу берилген кабарлоо, жактыруу, макулдашуу жана башка кабарлоолор (ушул пунктта "Кабарлоо" деп аталат):
- кыргыз жана/же орус тилдеринде жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш;
- колдон колго жеткирилүүгө же почта аркылуу почта жыйымын алдын ала төлөө жана адресаттын дарегине жеткирилгендигин белгилөө же каттоо менен жөнөтүлүүгө тийиш же телекс же факсимилдик байланыш аркылуу адресаттын ушул Инвестициялык макулдашуунун 19.2-пунктунда көрсөтүлгөн телекс же факс номерине жөнөтүлүүгө тийиш жана көрсөтүлгөн адамга же ушундай башка даректерге, телекс же факс номерлерине даректелгендигин белгилөө жана (же) ушул пунктка ылайык берилген Кабарлоодо тиешелүү Тарап тарабынан мезгил-мезгили менен көрсөтүлүшү мүмкүн болгон ушундай башка жакка даректелгендигин белгилөө менен;
- кандайдыр бир шектенүүлөрдү болтурбоо үчүн электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн Кабарлоо жарактуу деп эсептелбейт.
19.2. Ушул Инвестициялык макулдашуу күчүнө кирген күнгө карата ар бир Тараптын төмөнкүдөй реквизиттери бар:
Министрлер Кабинети: Дарек: [*] Факс: [*] Кимге: [*] Инвестор: Дареги: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 282А, 11-офис (Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак а/ө, Жылтыр уч.) e-mail: terek.tash2015@.gmail.com тел.: +996 555 (770) 582205 Кимге: Башкы директор Туголбаев Акыл Орозобековичке.
19.3. Мурда алууну ырастоо болбогон учурда, бардык Кабарлоолор ушул Инвестициялык макулдашуунун 19.4-пунктуна ылайык алынды деп эсептелген учурдан тартып күчүнө кирет.
19.4. Кабарлоо 19.3-пунктту эске алуу менен төмөнкүдөй учурларда кабыл алынды деп эсептелет:
- адресаттын дарегине колдон колго жеткирилген Кабарлоо учурунда - мындай дарекке жеткирүү боюнча; же
- эл аралык таанылган курьердик жеткирүү кызматын пайдалануу учурунда - эл аралык таанылган кызмат мындай билдирүүнү же документти тиешелүү дарекке жеткиргенде жана алынгандыгын ырастаган кол тамганы алганда; же
- факс аркылуу жөнөткөн учурда - факсимилдик кабарлоо алуучунун факс номерине толук түрдө жөнөтүлгөнүн көрсөтүү менен Кабарлоо жөнөтүлгөн факсимилдик аппараттан маалыматтарды берүүнүн протоколу басылып чыгарылганын алуу боюнча.
19.5. Ушул Инвестициялык макулдашуунун 19.4-пунктуна ылайык жумуш эмес деп эсептелген күнү же каалаган жумуш күнү алган жердеги жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00дөн кийин алынган же алынды деп эсептелген Кабарлоо кийинки жумуш күнү алынды деп эсептелет.
19.6. Эгерде ушул Инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн дарек же факс Кабарлоону берүү үчүн мындан ары туура келбесе, ар бир Тарап эки жуманын ичинде экинчи Тарапка ушул пунктка ылайык жөнөтүлгөн Кабарлоо аркылуу билдирүүгө милдеттенет.
20. Инвестициялык макулдашууну бузуунун шарттары
20.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
20.2. Эгерде Инвестор милдеттенмелерди мөөнөтүндө аткарбаган учурда, Инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинети тарабынан бир тараптуу тартипте мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
21. Инвестициялык макулдашуунун тили
21.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу кыргыз жана орус тилдеринде төрт түп нускада түзүлөт, эки нускасы Министрлер Кабинети үчүн жана эки нускасы Инвестор үчүн арналат.
21.2. Ушул Инвестициялык макулдашуунун бардык нускалары түпнуска болуп саналат жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
21.3. Ушул Инвестициялык макулдашуунун тексттери дал келбеген учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
22. Кошумча жоболор
22.1. Эгерде Тараптардын ар бири кол койгон кошумча макулдашуу аркылуу ушул Инвестициялык макулдашууга бардык өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор жазуу жүзүндө таризделсе гана алар жарактуу жана күчүндө болот.
22.2. Тиркемелердин жоболору менен Инвестициялык макулдашуунун ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар болсо, акыркысы негиз болуучу мааниге ээ болот.
22.3. Ушул Инвестициялык макулдашуу 2022-жылдын "___" _____________ Бишкек шаарында Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлду.
22.4.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан
Ф.А.А. Амангельдиев Д.Дж
Кызмат орду: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Колу ____________________________ МО "Терек-Таш" ЖЧК жана "Фирма "ЗЕНИТ" ЖЧК компаниялардын консорциумунун атынан
Ф.А.А. Туголбаев А.О.
Кызмат орду: "Терек-Таш" ЖЧКнын башкы директору Колу ____________________________ МО
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон