1-берене. Негизги терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 1-глава
Убактылуу тургундар - турак жайдын менчик ээси аларга мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фонддорунун үйлөрүнөн акы албастан турак жайда мөөнөттүү жашоо укугун берген жарандар; аскер шаарчасы - бир жер участогунда жайгашкан жана аскер бөлүгүн (мекемесин) батирлештирүү жана аскер кызматчыларын, жумушчуларды жана кызматчыларды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу имараттардын жана курулмалардын комплекси. Аскер шаарчалары жабык жана ачык болуп бөлүнөт. Жабык аскер шаарчаларына калктуу конуштарда жайгашкан, өткөрүү тутуму бар аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчалары, ошондой эле калктуу конуштардан сырткары жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн өзүнчө обочолонгон аскер шаарчалары кирет; турак жайдын турак аянты - турак жайдагы чарчы метр менен эсептелинген турак бөлмөлөрүнүн аянттарынын суммасы; турак жайы - туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бир бөлүгү; көп батирлүү үйдөгү батир; коммуналдык батир; коммуналдык батирдеги бөлмө; адистешкен турак жай фондунун үйлөрүндөгү бөлмө, көчмө турак жай фондунун турак үйү); кызматтык турак жайы - мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү, тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган жана алардын эмгектик мамилелеринин мүнөзүнө, ошондой эле аскердик же башка кызматты өтөөсү, иштеген жери боюнча же ага жакын жерде жашоо керектиги менен байланыштуу жарандарды жайлаштыруу үчүн арналган турак жай; турак жай фонду - менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайлардын жыйындысы; адистешкен турак жай фонду - мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган, социалдык колдоого муктаж жарандардын айрым категориялары үчүн арналган турак жайлардын жыйындысы; көчмө турак жай фонду - мамлекеттик менчикте турган, жеңүүгө болбогон күчтүн (табигый кырсыктар жана аскердик аракеттер) аракеттердин натыйжасында өзүнүн турак жайына менчик укугун жоготкон жарандарга арналган турак жайлардын жыйындысы; жеке турак үй - жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогуна курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулар тарабынан жашоо үчүн пайдаланылуучу белгилүү бир жеке турак имараты; жеке турак жай фонду - жеке турак үйлөрдүн жыйындысы; капиталдык оңдоо - турак имаратынын курулуш конструкцияларынын жана инженердик жабдуу тутумдарынын физикалык жана моралдык жактан эскиришин четтетүү, ошондой эле анын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн жана функционалдык багытын сактоо максаты менен аткарылуучу жумуштардын комплекси; көп батирлүү үйдөгү батир - бир же бир нече турак бөлмөлөрдөн, ошондой эле жарандардын жашап туруусу менен байланышкан алардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган кошумча жайлардан (ашкана, даараткана, жуунуучу бөлмө жана башка жайлар) турган көп батирлүү үйдөгү турак жай; коммуналдык батир - бир нече менчик ээлерине таандык батир, бөлмөлөр, ал эми көмөкчү жана кошумча жайлар бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат; коммуналдык батирдеги бөлмө - жарандардын жашап турушу катарында пайдаланылуу үчүн берилген коммуналдык батирдеги турак жай; коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр - сапаты белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга ылайык келген тиешелүү калктуу конуштун шарттарына карата турак жайлардын зарыл болгон ыңгайлуулугун камсыз кылган кызмат көрсөтүүлөр; көп батирлүү үй - эки же андан ашуун батирлери, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу көмөкчү жайлары бар (жалпы пайдаланылуучу орун) турак жай имараты; байланыш жабдуулары - үндү, тыбышты, көрмө билдирүүлөрдү кошуп алганда, маалыматтарды жана сүрөттөлүштөрдү, ошондой эле мындай билдирүүлөрдүн кандай болбосун элементтерин жиберүү, байланышуу же электр байланыш билдирүүлөрүн берүү үчүн техникалык каражаттар; көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы мүлкү - бирден ашуун менчик ээсин тейлөөчү жай, үй ичиндеги тарам жана инженердик жабдуу, анын ичинде байланыш жабдуусу (подъезддер, вестибюлдар, батир аралык тепкич чарчылары жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкаркы коридорлор, коридорлор, кир жайгычтар, кир жуучу орундар, кампа жайлар, чатыр, техникалык кабаттар, жер төлөөлөр, өткөөл шлюздар, акыр-чикир камералары, акыр-чикир өткөргүчтөр, чатырдын асты (чатыр жапмасы) имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар, ошондой эле үй жанындагы жер участоктору; турак жайдын жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана терассаларды кошпогондо, турак жайдын турак жана турак эмес аянттарынын суммасы; көп батирлүү үйдүн жалпы аянты - батирлердин, жалпы пайдаланылуучу жайлардын жана турак эмес жайлардын аянттарынын жалпы суммасы; жайларды кайра куруу - имараттын же жайдын инженердик тарамдарын жана жабдууларын (санитардык-техникалык, электрдик жана башка), курулуш конструкцияларын коюу, алмаштыруу же башка жерге көчүрүү боюнча курулуш-монтаждоо жумуштарынын комплекси, аны аткаруунун натыйжасында инженердик жабдууларды, чечимдерди, ошондой эле жайдын планын кошуп алганда, анын көлөмдүк-пландаштыруучулук, архитектуралык жана конструкциялык функциялык арналышы өзгөрөт; жетиштүү турак жайга укук - жашап туруу үчүн жарактуу, социалдык инфратүзүмгө жеткиликтүү, сатып алуу үчүн жеткиликтүү, ошондой эле аны пайдаланууга укуктары сакталган турак жайга жарандардын мамлекет тарабынан кепилдик берилген укугу; үн жанындагы жер участогу (көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогу) - бак-дарактарды, короо ичиндеги ирригациялык тарамды (магистралдык жана суу берүүчү каналдарды кошпогондо) жана тышкы жарыктандырууну, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды кошуп алганда үйгө жанаша жаткан аймакты өзүнө камтыган участок, жана чек аралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган башка участоктор; учурдагы оңдоо - турак жай имаратынын конструкцияларынын жана анын тутумдарынын, үй ичиндеги тарамдарын жана инженердик жабдууларынын шайма-шайлыгын (ишке жөндөмдүүлүгүн) калыбына келтирүү, ошондой эле эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн сактоо максатында аткарылган жумуштардын комплекси; турак жай имаратын техникалык тейлөө - имараттарды эксплуатациялоо процесстерин башкаруу менен байланышкан иш-чаралардын комплекси, жалпы жана жарым-жартылай текшерүүлөр жолу менен имараттын техникалык абалын контролдоону, анын конструкциялык элементтеринин жана инженердик тутумдарынын ишке жөндөмдүүлүгүн жана бузулбагандыгын сактоону, аларды оңдоону жана жөнгө салууну, бүтүндөй объекти, анын элементтерин жана тутумдарын сезондук эксплуатациялоого даярдоону, турак жайларга жана жанаша жаткан аймакка карата санитардык-гигиеналык талаптарды камсыз кылууну камтыйт; техникалык паспорттоштуруу - турак жайлардын техникалык паспортторун - турак жайлары жөнүндө техникалык жана башка маалыматтарды камтыган документтерди жол-жоболоштуруу; турак жайдын сервитуту - алардын менчик ээлери болуп саналбаган, бирок объективдүү жагдайлардын натыйжасында мындай пайдаланууга барууга мажбур болгон адамдар тарабынан турак жайды жана курулмаларды мыйзамда белгиленген же келишимде каралган жарым-жартылай пайдалануу укугу, мүлктү чектүү биргелешип пайдалануу укугу; адистешкен уюм - менчигинин формасына карабастан, турак жай имаратын техникалык тейлөөнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак; жабдуучу уюм - турак жана турак эмес жайлардын жеке менчик ээлерине келишимдердин негизинде товарларды жеткирүүчү жана коммуналдык кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак; курулуш конструкциясы - турак жай имаратынын көтөрүүчү, тосуучу жана (же) эстетикалык функцияларды аткаруучу бөлүгү.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 28-июнундагы N 9-р "Виктория Николаевна Евсюкова, Джамиля Эркеновна Эркенова, Дамира Мырзакуловна Закирова, Сеил…Решение · 28.06.2017 · № 9-р
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)…Закон · 22.04.2024 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2009-жылдын 6-майындагы №272 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө"токтомуПостановление · 06.05.2009 · № 272 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнун 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"…Постановление · 14.09.2017 · № 575 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>