Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнун «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 декабря 2019 года № 696 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Жилищный кодекс Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-12-18.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 696 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-сентябры № 575 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" гезити 2013-жылдын 26-июлу № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-беренесинде:
а) 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана чет өлкөлүк юридикалык жактар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкү мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте, ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн башка себептерсиз, туруктуу жашоого уруксаты же Кыргыз Республикасында инвестициялык визасы бар, чет өлкөлүк юридикалык жактар турак жай үйлөрүн салууга, аларды сатып алууга жана колдонууга укугу бар. Чет өлкөлүк адамдарга, кайрылмандардан тышкары, жарандыгы жок адамдарга, жана чет элдик юридикалык жактарга турак жайларды жана үйлөрдү жеке менчикке сатып алууга, аларды Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында курууга тыюу салынат.";
2) 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "ошондой эле юридикалык жактар" деген сөздөрдөн кийин "ушул кодекстин 7-беренесинин 2-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "жарандарга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын жарандарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 4-апрелиндеги № 2336-VI "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2018 · № 2336-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2033-VI "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.11.2017 · № 2033-VI
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 194 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.04.2019 · № 194
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап…Постановление · 18.12.2019 · № 696 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 15-февралындагы № 2238-VI "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.02.2018 · № 2238-VI · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап…Постановление · 18.12.2019 · № 696 · Күчүн жоготкон