Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, „Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 22-апрели № 79 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
59-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: «9) жыйырма жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына.».
2-берене
«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Свободные горы» гезитине 1-тиркеме, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
12-статьяда:
а) он үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан жана 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон же каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашап жаткан тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.»;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
«20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары аларга берилген кызматтык квартираларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө укуктуу.».
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 13-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 1841-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 31.01.2024 · № 1841-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 21-февралындагы № 1889-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 21-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 21.02.2024 · № 1889-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 13-мартындагы N 1932-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 13-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 13.03.2024 · № 1932-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 21-февралындагы № 1891-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине…Постановление · 21.02.2024 · № 1891-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 1935-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Аскер…Постановление · 13.03.2024 · № 1935-VII
Шилтеме берет (2)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексиКодекс · 09.07.2013 · № 117