Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Ушул Кодекстин колдонулуу чөйрөсү
Күчүндө · 06.08.2025 редакциясы · 1-глава
1. Турак жай мыйзамдары Конституцияга негизделет жана Жарандык кодекстен, ушул Кодекстен, турак жай мамилелерин, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча да мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларына ээлик кылуу, пайдалануу, тескөө, укугунун пайда болушу, жүзөгө ашырылышы, өзгөрүшү, токтотулушу;
2) жеке турак жай фондунун турак жайын пайдалануу;
3) жайлардын ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу;
4) орун жайларды турак жайлардын катарына киргизүү жана аларды турак-жай фондусунан чыгаруу;
5) турак жай фонддорун эсепке алуу;
6) турак жайларды күтүү жана оңдоо;
7) турак жайларды кайра түзүү жана кайра пландаштыруу;
8) көп батирлүү үйлөрдү башкаруу;
9) турак жайды пайдалануунун натыйжасында берилген товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн тартиби;
10) турак жайларды белгиленген санитардык жана техникалык эрежелерге жана нормаларга, мыйзамдардын башка талаптарына ылайык турак жай фондусун пайдаланууну жана сактоону, контролдоону ишке ашыруу;
11) мамлекеттик турак жай көзөмөлүн жүзөгө ашыруу.
Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келиши керек. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган турак жай укугунун ченемдери ушул Кодекстин ченемдерине карама-каршы келген учурда, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.
2. Турак жайларды куруу, оңдоо жана кайра куруу, инженердик жабдууларды пайдалануу, коммуналдык кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөө менен байланышкан турак жай мамилелерине ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү мыйзамдар колдонулат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде турак жай мыйзамдарында каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
Берененин тексти 06.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан…Заключение · 05.08.2014
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 756 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.10.2015 · № 756 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203926/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>