24-берене. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 19.05.2017 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 мая 2018 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2014 года № 77
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги ар бир объект боюнча конкурсту жарыялоо жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт.
2. Конкурсту өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан курамы 7 мүчөдөн кем эмес ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми добуш берүүгө укугу жок комиссиянын катчысы - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан дайындалат. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү. Ар бир фракция бирден өкүлдү аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү;
3) жер казынасын пайдалануу обьекти жайгашкан аймактагы администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк жана аткаруучу органдарынын башчылары же алардын орун басарлары.
3. Конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери комиссия тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Конкурсту өткөрүүнүн шарттарында төмөнкүлөр аныкталышы керек:
1) катышууга табыштама берүүнүн тартиби жана мөөнөтү;
2) конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеги;
3) төмөнкүлөрдү камтыган конкурска катышууга жол берүүнүн критерийлери:
а) геологиялык жана тоо-кен тармагындагы иш тажрыйбасы;
б) пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоонун, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларынын бар экендиги, ээ болушу жана колдонуусу;
в) конкреттүү конкурстук объектиге карата иштерди жүргүзүүнүн каржылык мүмкүнчүлүгү;
4) төмөнкүлөрдү камтыган жер казынасын пайдалануу укуктарынын атайын шарттары:
а) инфратүзүмдүк объекттерди куруунун, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү процесстерин ишке киргизүүнүн чектик мөөнөтү;
б) кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана кызматкерлерди тартуунун чектик катышы;
и) жерди рекультивациялоо боюнча милдеттенме;
г) жер казынасынын объекти жайгашкан аймактагы жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө инвестициялардын (социалдык пакет) минималдуу өлчөмү;
д) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоо жана пайдалуу кендерди сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси;
е) конкурстун жеңүүчүсүнүн жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн наркын төлөө мөөнөтү;
ж) объектти өз убагында ишке киргизбегендиги үчүн айып санкциялары;
з) комиссия жер казынасынын тигил же бул объекти үчүн зарыл деп эсептеген башка шарттар;
5) конкурсту өткөрүүнүн датасы жана жеңүүчүнү аныктоонун тартиби.
4. Төмөнкүлөрдү ишке ашыруучу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган комиссиянын жумушчу органы болуп саналат:
1) геологиялык маалыматты даярдоону;
2) пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервиндеги пайдалуу кен чыккан жерлерден убактылуу пайдалануу укугун берүүнү;
3) эл аралык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяны басып чыгарууну жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-сайтында жайгаштырууну;
4) конкурстук табыштамаларды кабыл алууну жана каттоону;
5) эгерде конкурсту өткөрүүнүн шарттары боюнча концессиялык келишимди же продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашууну түзүү каралбаса, конкурстун жеңүүчүсүнө комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнү.
5. Эгерде берилген сунуштардын бирөө дагы конкурстун шарттарына туура келбесе, же табыштамалар жок болсо, же бир эле табыштама катталса, конкурс өткөн жок деп таанылат.
6. Эгерде конкурсту кайталоонун натыйжасында жеңүүчү аныкталбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга тийиш:
1) жер казынасынын ушул объектине конкурсту өткөрүүдө тыныгуу жөнүндө;
2) жер казынасынын ушул обьектин жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын эсебинен чыгаруу жана объектти аукционго берүү жөнүндө.
7. Конкурстун катышуучуларынын чыгымдары кайтарылууга жатпайт.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (30)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 404-б (Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары…Распоряжение · 20.08.2015 · № 404-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 132-б (Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү…Распоряжение · 30.03.2016 · № 132-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450-б ("Жерүй" алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна кайра конкурс…Распоряжение · 09.10.2014 · № 450-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 449-б (Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтердин кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу…Распоряжение · 14.09.2015 · № 449-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 181-б (Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибин жана жеңүүчүнү…Распоряжение · 22.04.2016 · № 181-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралындагы № 41-б (Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү…Распоряжение · 16.02.2015 · № 41-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июлундагы № 348-б (Арым II мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары менен тартиби жана жеңүүчүнү…Распоряжение · 24.07.2015 · № 348-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 459-б (Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери бекитүү…Распоряжение · 16.09.2015 · № 459-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 15-б (Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук…Распоряжение · 16.01.2016 · № 15-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 646-б (Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу…Распоряжение · 29.12.2015 · № 646-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 476-б (Күрмөнтү акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс еткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук…Распоряжение · 28.10.2014 · № 476-р
- КР Өкмөтүнүн 20014-жылдын 19-ноябрындагы № 513-б (Конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзүлүшү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.11.2014 · № 513-р
- КР Өкмөтүнүн 20014-жылдын 20-ноябрындагы № 517-б (Бел-Алма күрөң көмүр кенин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык…Распоряжение · 20.11.2014 · № 517-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 107-б (Бел-Алма күрөн көмүр кенин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары менен тартиби жана…Распоряжение · 19.03.2015 · № 107-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 277-б (Тереккан, Перевальное алтын кендерин, Терек алтын-сурьма кенин (17-блоктон башка) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу…Распоряжение · 22.06.2015 · № 277-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 531-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 459-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу)…Распоряжение · 27.10.2015 · № 531-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 541-б (Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзүлүшү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 01.12.2014 · № 541-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 381-б ("Сүлүктү-талаа 11" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары менен…Распоряжение · 23.08.2016 · № 381-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 137-б (Ноокат гипс кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук…Распоряжение · 30.03.2015 · № 137-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 110-б (Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча…Распоряжение · 18.03.2016 · № 110-р · Күчүн жоготкон
30 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203760/st-24" title="24-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>