Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибин жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлерин бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 22-апрели № 181-б "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Аксай акиташ кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 15-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук комиссия Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандыруу жарыяласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 132-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
расмий тилдеги текстинин 3-пунктундагы "гипса" деген сөз "мрамора" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Тиркеме Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери
1. Жалпы жобо
1. Конкурс Аксай акиташ кенин иштетүүдө Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында өткөрүлүүдө.
2. Конкурска: Аксай акиташ кенин иштетүү максатында, конкурстун жеңүүчүсү тарабынан лицензиялык шарттар аткарылганда, пайдалуу казылмалардын запастары түгөнгөнгө чейин, андан ары узартуу менен 20 жылдык мөөнөткө, координаттардын тик бурчтуу системасында төмөндөгү бурчтук чекиттер менен жер казынасын пайдалануу укугу коюлат:
№
X
Ү
№
X
Ү
1
4454213
13267427
8
4454876
13269225
2
4454548
13267698
9
4454652
13269090
3
4454826
13268058
10
4454046
13269072
4
4455008
13268695
11
4454380
13268746
5
4454756
13268696
12
4454186
13268281
6
4454755
13268825
13
4453972
13267513
7
4454982
13268827
14
4454017
13267395
S = 104,6 га
2. Аксай акиташ кени жөнүндө жалпы маалымат
3. Аксай акиташ кени алай тоо кыркаларынын түндүк тоо этегинде Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-чыгышка карай 15 км алыстыкта, Аксай суусунун бассейнинде жайгашкан.
Административдик жактан кендин аянты Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Ноокат районуна кирет, 1700 м ден 1965 м чейин абсолюттук бийиктикте жайгашкан. Аксай кен аймагынын табигый чеги төмөнкүлөр болуп саналат: чыгышта - Абшыр өзөнү, түштүктө - Боордуу-Казан кыркалары, батышта - Исфайрам суусу жана түндүктө Тахтек өрөөнү.
4. Кендин рельефи бийик тоолуу. Райондун эң чоң орфографиялык бирдиги Боордуу-Казан жана Чымкен-Тоо. Боорду-Казан кыркалары кен аймагынын бүткүл түштүк бөлүгүн ээлейт жана Аксай өзөнүнө салыштырмалуу 1500-1600 м бийиктикте турат. Аянттын чегиндеги эң чоң абсолюттук белги 3292 м - Казан тоосуна тийиштүү. Боордуу-Казан кыркаларынын түндүк боору чоң тик өйдө жана жардуусу менен мүнөздөлөт. Аянттын түндүк жагында Чымкен-Тоо кыркалары батыштан чыгышка карай созулуп Боордуу-Казан кыркаларындай эле акиташтан турат. Тоо кыркасынын максималдык абсолюттук белгиси 2196,9 м барабар, Аксай өрөөнүнө салыштырмалуу 200-280 м бийиктикти түзөт. Тоо кыркасынын жантаймалары өтө тик. Боордуу-Казан кыркаларынын тоо этегинен Аксай өзөнүнүн өрөөнүнө карай рельеф акырындык менен төмөндөп кетет.
Негизги гидрографиялык элемент Суук-Булак, Суу-Булак, Дангиден куймаларынан турган Аксай өзөнү болуп саналат. Аксай өзөнүнүн агымы секундасына 44 литрди түзөт, бирок жаз, жай мезгилдеринде кардан эришинин жана жамгырдан эсебинен секундасына 0,5 м3 чейин көбөйөт. Өзөндүн суусун жергиликтүү жашоочулар ичүү үчүн жана талааларды сугаруу максатында колдонушат. Аянттын батыш чегинде Исфайрам дарыясы агат. Дарыянын агымы секундасына 9,17 м3дан 117 м3га чейин өзгөрүп турат жана орто эсеп менен 21,6 м3 түзөт. Кен чыккан жердин чыгыш чегинде Абшыр дарыясы агат, ал Кичи-Алайдын кар баскан тоолорунан башталат жана анча чоң эмес булактардан агып келүүсү менен топтолот. Дарыянын агымы жылдын мезгилине карай секундасына 0,85 м3дан 3,87 м3га чейин өзгөрүлүп турат. Абшыр дарыясынын суусу толугу менен талааларды сугарууга бөлүнөт.
5. Райондун өсүмдүктөрү жетишерлик ар түрдүү. Сайлардын өрөөнү жана тоо жантаймаларынын этектери боюнча чөбүнүн молдугу менен айырмаланат. 1900 м бийиктикте жана деңиз деңгээлинен жогору тоо кыркаларынын жантаймаларына жапайы чиенин, бөрү карагаттын, карагаттын жана ит мурундун бадалдары толгон. Райондун аянтында жапыз өскөн арчаларды кошпогондо токой өсүмдүктөрү жок.
Жаныбарлар дүйнөсү салыштырмалуу жакыр. Коён, элик, кекиликтер жолугат.
6. Райондун климаты континенталдуу: жазы жылуу, жайы ысык, кургак, күз жылуу, катуу үшүк болбойт; кышы кар көп жаайт. Айрым учурда узакка созулган жамгырдан жана кыска мөөнөттүү нөшөрдө сел жүрөт. Кышында кардын катмарынын калыңдыгы чанда гана 30-50 см ге жетет. Абанын жайкы максималдуу температурасы июнь-июль айларында белгиленген жана 37,9° С жетет, кышкы минималдуу температура декабрда-январда белгиленген жана - 24,4° С чейин төмөндөйт. Шамал негизинен батыш жана түндүк-чыгыш багытында болот. Шамалдын орточо ылдамдыгы секундасына 0,4 м ден 2 м ге чейин өзгөрүлүп турат, максимум 2,4 м ге жетет. Жер титирөөгө туруктуулугу боюнча район МСК - 64 түн 12 баллдык шкаласы боюнча жер титирөөнүн 9 баллдуу алкагына кирет.
7. Экономикалык жактан кен чыгуучу район жетиштүү өнүккөн жана калк жыш жайгашкан. Бул жерде калктуу пункттар: Кызыл-Кыя шаары (15 км), Кувасай (30 км), Фергана (47 км), Ош (90 км), Ноокат айылы (45 км), Беш-Бурхан айылы (2 км) жана Тоотек өрөөнүнүн бир катар айылдары жайгашкан. Кен чыккан жерге өтө жакын жайгашкан ири калктуу пункт Кызыл-Кыя шаары болуп саналат. Жергиликтүү калк негизинен кыргыздардан, бир аз - өзбектерден, тажиктерден жана башка улуттардан турат.
Кызыл-Кыя темир жол станциясы кенден түндүк-батышка карай 15 км аралыкта жайгашкан. Кызыл-Кыя темир жол станциясы Маргалаң темир жол станциясына узундугу 46 км болгон нормалдуу эки рельсалуу айрылыш темир жол менен кошулган. Кызыл-Кыя станциясынан Ленин комсомолу атындагы шахтага чейин кең эки рельсалуу айрылыш темир жолдор курулган. Жер казынасын пайдаланууда курулушу ишке ашырыла турган цемент заводуна чейин Ленин комсомолу атындагы шахтадан узундугу 15-20 км темир жол айрылыштарын курууга болот.
8. Изилдөө тарыхы:
Баяндалган райондун аянтын план ченемдүү изилдөө сурьма жана сымап кендерин издөөгө байланыштуу 1941-1943-жылдары башталган. Изилдөө иштерин 1941-1943-жылдары Синицин Н.М. жетектеген. Бул иштердин жыйынтыгында Шахимардан - Кыргыз-Ата сууларынын ортосундагы аянттын геологиялык картасы түзүлгөн жана Аксай кенинин акиташ участогунун чегинде жайгашкан Орлинный уступ, Караташ кендери ачылган. 1956-жылы Түштүк-Ферганалык изилдөө - картага түшүрүү партиясынын Ярушевский Г.А жана Горянова В.Б. геологдор жетектеген Чаувайский отряды тарабынан Аксай цемент чийки зат кенинин аймагында 1:25000 масштабындагы изилдөө-картага түшүрүүчү иштери жүргүзүлгөн. Бул иштердин жүрүшүндө палеозой катмарларын деталдуу бөлүктөргө бөлүүгө мүмкүндүк берген геологиялык маалыматтардын көптөгөн саны топтолгон, ошондой эле, Боордуу-Казан тоо кыркаларынын түндүк капталында бир нече сымаптын рудалык пайда болуулары табылган. 1959-жылы Кыргыз геологиялык башкармалыгынын тематикалык сымап алуучу партиянын жумуштары менен Чымкен-Тоо кыркасынын акиташтары таш көмүр пайда болгон доор менен тең экендиги тастыкталган жана ал таралган аянт такталган. 1963-1964-жылдары Аксай кенинин аймагында 1:25000 масштабындагы кондициялык изилдөө - картага түшүрүү иштери жүргүзүлгөн, жыйынтыгында сымап чачыраган ореолдордун бир нечеси табылган. Изилдөөнүн жогорудагы тарыхында баяндалгандай, Аксай кенинин аймагында жүргүзүлгөн бардык иштер сымап жана сурьманы издөө иштерине багытталган, ал эми акиташтардын жана чополуу кумдун сапаты цемент өндүрүү үчүн алардын жарактуулук көз карашынан улам изилденген эмес. 1968-1971-жылдары Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясынын Түштүк изилдөө - чалгындоо партиясы Аксай аймагында курулуш материалдарынын кенин изилдөө жана текшерүү иштерин жүргүзгөн. Бул иштердин натыйжасында руда эмес пайдалуу казылмалар боюнча иш жүзүндө чоң материал чогултулган. 1974-жылы изилдөө - алдын-ала чалгындоо иштери башталып 1975-жылы аяктаган. Бул иштердин жыйынтыгында цемент чийки заты катары Аксай кениндеги акиташ жана чополуу кумдун жарамдуулугу аныкталган. Акиташтын жана чополуу кумдун запастары эсептелип чыккан. Изилдөө - алдын-ала чалгындоонун натыйжасында алынган материалдар Еревандык ВНИИ Геолнеруд тажрыйбалык - методикалык партиясы тарабынан түзүлгөн Аксай кенин деталдуу чалгындоого өтүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө техникалык экономикалык эсептер менен убактылуу кондициялардын негизин түзгөн. Убактылуу кондициялар техникалык-экономикалык эсептери менен 1977-жылы СССР Курулуш материалдар өнөр жай министрлиги тарабынан бекитилген. Кен байлык чыккан жерди деталдуу чалгындоо 1977-жылы башталган.
9. Акиташ кенинин геологиялык түзүлүштөрүнөн улам анын участоктору бири-бирине түздөн-түз жакын, Алай кыркаларынын төмөнкү тоо этектеринде палеозой жана мезо-кайнозой доорунда пайда болуулардын кеңири өнүгүшү менен мүнөздөлгөн Казан антиклинорийинин түндүк капталында жайгашкан. Чалгындалган кендердин геологиялык түзүлүштөрүндө силур, девон жана таш көмүр пайда болгон доордогу карбонат жана терриген тоо тектери, ошондой эле байыркы эшилме чополор жана чополуу кумдун төртүнчүлүк брекчиялар кездешет. Алай кыркаларынын төмөнкү тоо этектери үчүн белгиленген бардык литологиялык свиталардын жана пачкалардын, оң фаунистик чоң аянттарынын чыдамдуулугу мүнөздүү болуп саналат.
Палеозой доорундагы терриген тоо тектери эреже катары татаал, карбонаттык түзүлүштөр көбүнчө моноклиналдуу жайгашкан. Чополуу кум жана анын астындагы байыркы доордо пайда болуулар II катардагы карбонаттык түзүмдүн тоо этектеринде айрыкча өнүккөн. Палеозой жана кайнозой доорундагы литолого-фациалдык белги боюнча цемент чийки зат кенине кошулуучу катмарлар ар башка доордогу свиталардын жана пачкалардын катарына бөлүнгөн. Деталдуулуктун ар кандай деңгээли менен алардын практикалык маанилүүлүгүнө жараша изилденген. Изилденген аянтта төртүнчүлүк системасынын тектери жетиштүү кеңири таркаган. Байыркы эшилме чопонун (Q1) жана кум аралаш чопонун (dQIII-IV) брекчиялар анча көп өнүкпөгөн. Аксай өзөнүнүн сол капталындагы төртүнчүлүк системасынын кесиндисинин жогорку бөлүгү, 72 м чейин мүмкүнчүлүгү бар кум аралаш топурактан турат. Бул кандайдыр-бир катмарланып кеткен белгиси жок монотондуу саргыч-күрөң порода. Түндүк тоо боорунда жана жарым-жартылай Чымкен-Тоо тоосундагы суу бөлүнгөн жерде акиташ кенине деталдуу чалгындоо жүргүзүлгөн.
10. Тектоника.
Баяндалып жаткан аянт Казан антиклинорийинин түндүк капталында татаал жайгашкан фрагменти болуп саналат, анын ядролук бөлүгү 10-12 км түштүк тарапта жатат. Аймактын өнүгүүсүнүн палеозой тарыхында эки тектоникалык түзүмгө бөлсө болот: Аксай антиклиналы жана Чымкен-Тоо түзүлүшү. Биринчиси - төртүнчүлүк пайда болуулар (чопо) менен дээрлик толугу менен жабылган жана алар татаал чечмеленет. Экинчиси - жетишээрлик ачылган жана бургулоо скважинасы, кен иштетүүнүн жардамы менен изилденген.
11. Аткарылган геологиялык чалгындоо иштеринин ырааттуулугу жана көлөмү.
1974-жылы масштабы 1:10000 болгон аянттык издөөнү, өткөөлдөрдү, казылган аңдарга жана шурфтарга проба жүргүзүүнү өзүнө камтыган издөө деңгээли аяктаган. Издөөчү чалгындоонун натыйжасында портландцементтин чополуу жана карбонаттык компоненттерине алдын-ала чалгындоо аянттары тандалып алынган. 1974-75-жылдары "сланецтерди" алдын-ала чалгындоо учурунда беш чалгындоо линиясында жалпы көлөмү - 2653,2 м колонкалык бургулоонун 19 вертикалдык бургулоо скважинасы бургулап тешилген. Акиташты алдын-ала чалгындоо иштери Аксай өзөнүнүн оң капталында жүргүзүлгөн. Чымкен-Тоо тоосунун батыш этегинде участоктун үстүнкү бети 8 чалгындоо линиясы боюнча изилденген: табигый чыгып турган породалар, казылган аңдардан жана казылган участоктордон пробага алынган. Алты профилде колонкалык бургулоо менен 6: 4 - горизонталдык жана 2 - вертикалдык - 1942,9 м скважина бургулап тешилген. 1974-1975-жылдары алдын-ала чалгындоо бир эле мезгилде "чопо жана акиташ" участогунда жүргүзүлгөн. Бул деңгээлде кендин жалпы чектерин белгилөө, анын түзүмдүк өзгөчөлүктөрү, чийки заттын сапаты, эксплуатациялоонун жалпы кен казуу техникалык шарттары, иштетүү ыкмалары, анын өндүрүштүк мааниси, чалгындоо деталдарын жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жана негизинен С1 + С2 жана жарым-жартылай В категориясы боюнча запастарды баалоо боюнча маселелер чечилген. 1977-жылы Аксай цемент чийки зат кенинде деталдуу чалгындоо башталган. Акиташты деталдуу чалгындоо алдын-ала чалгындалган аянттын чыгыш бөлүгүндө жүргүзүлгөн. Чалгындалуучу 6 линияда табигый түрдө ачылып калган жана аңдардагы акиташтар боюнча акиташтын үстүңкү катмарына проба жүргүзүлгөн. 2 горизонталдуу жана 20 вертикалдуу - 3628,7 м скважина бургуланган. Акиташ кенинде баардыгы колонкалык бургулоо жолу менен көлөмү 5571,6 п.м 28 скважина бургуланган. Бардык скважиналар запастарды эсептөөдө катышат. Акиташ участогу Чымкен-Тоо тоо кыркаларында өзгөчө бөлүнүп жайгашкан жана түштүк-батыштан Аксай өзөнү, чыгыштан Х-Х чалгындоо линиясы, ал эми түндүк жактан - Тоотек өрөөнү менен чектелген, орто кеңдикте - 1,3 км менен участоктун узундугу - 3,2 км. Участоктун аянты - 4,2 км2. Кенди түзүүчү карбонат породаларынын комплекси ташкөмүр системасына кирет. Карбонаттык компонент катары цемент өнөр жайында Б пачкасынын пешкат свитасынын, туюк данги жана пыркаф свиталарынын жалпы кубаттуулугу 400 м кем эмес акиташтары колдонулушу мүмкүн. Акиташтын химиялык түзүмү % менен: SiO2 - 1,29; TiO2 - 0,04; Al2O3 - 0,37; Fe2O3 - 0,28; СаО - 54,11; MgO - 0,62; SO3 - 0,12; Р2O5 - 0,02; К2O3 - 0,03; Na2O - 0,04; Cl - <0,01. Жогоруда аталган свиталардын карбонат породалары көрсөтүлгөн талаптарды канааттандырат жана цемент чийки заты катары иштетилиши мүмкүн. Аткарылган геологиялык чалгындоо иштерине ылайык акиташтын участогу биринчи топко, пайдалуу казылманын кубаттуулугу, түзүлүшү жана сапаты боюнча жеткилең ири - кендер тибине киргизилген. Запасты эсептөө үчүн акиташтын 2,7 т/м3 барабар орточо көлөмдөгү массасы алынат. Запасын эсептөөгө баардыгы 28 скважина катышат. Мындан тышкары пайдалуу катмарынын сапаты табигый чыгып турган жана казылган аңдардан тандалып алынган пробалар менен мүнөздөлгөн. Аксай кенинин акиташынын баланстык запасы СССРдин ЗМКнын 1979-жылдын 1-майындагы № 8411 протоколу менен бекитилген.
12. Аксай кени боюнча цемент чийки затынын запасынын мамлекеттик балансы менен A+B+C1+C2 категорияларынын суммасы боюнча 376595 миң тонна акиташ (2016-жылдын 1-январына карата) эсепке алынган. Запастары ЗМКнын 1979-жылдын 17-январындагы № 8411 протоколу менен бекитилген.
Акиташ участогунун чыгыш бөлүгүн "ЮКЦ" жабык акционердик коому иштетүүдө. 2016-жылдын 1-январына карата иштетүүгө алынган запас 84374 миң тоннаны түзөт. Кендин түндүк флангасын "Тешик-Таш" ЖЧКсы иштетет. Иштетүүгө алынган запасы 1986 миң тоннаны түзөт. Аксай акиташ кенинин иштетүүгө эркин запасы 2016-жылдын 1-январына карата 290235 миң тоннаны түзөт.
3. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
13. Конкурска катышууга төмөнкүлөргө жол берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактар (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- жеке жактар - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар.
14. Ушул Шарттардын 13-пунктунда аталган жактар конкурска катышууга жол берүү үчүн төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүсү керек:
- геология жана тоо-кен тармактарында иш тажрыйбасына ээ болуу;
- пайдалуу казылмаларды казып алуу жана кайра иштетүү жаатында илимий-методикалык негиздерге жана стандарттарга ээ болуу;
- Аксай акиташ кенин иштетүү үчүн өздүк каражаттарга жана/же керектүү кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.
Аталган жактар өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы эл аралык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын стандарттарын өзүнүн ишинде сакташы керек.
15. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна адистердин квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун ишке ашыруу үчүн керектүү болгон башка мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кошумча маалыматты жана документтерди берүүгө укуктуу.
. Кенди пайдалануунун негизги шарттары
16. Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган жана Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия (мындан ары - "лицензия") алган жактын бир катар милдеттенмелерди аткаруусу жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары болуп саналат, анын ичинде лицензия алган (эгерде конкурстун жеңүүчүсү чет өлкөлүк юридикалык жак, туунду компания, юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган) конкурстун жеңүүчүсү, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны (мындан ары - "конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа") конкурска катышууга тийиштүү өтүнмөдө көрсөтүлгөн, бирок 1000000,0 (бир миллион) АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө төлөө;
2) иштетүүгө лицензия берилген датадан тартып 1,5 жылдан кечиктирбей Аксай акиташ кенин иштетүү үчүн зарыл болгон өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутунду менен техникалык долбоорду даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана тийиштүү ведомстволор менен макулдашууну камсыздоо, ошондой эле инфраструктуралык жана башка объекттерди курууга уруксат документтерин алуу;
3) кенди иштетүүнүн техникалык долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана тийиштүү ведомстволор менен макулдашылган датадан тартып 3 айдан кечиктирбей цемент заводун (мындан ары "Завод") курууга киришүү. Курулушту баштоо мөөнөтүн бузган учурда лицензиат Кыргыз Республикасынын "Жер казыналары жөнүндө" Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, мөөнөттү бузуунун ар бир толук айы үчүн 50000,0 (элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү (50%ы - республикалык бюджетке, 30%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусун өнүктүрүү фондуна, 10%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районун өнүктүрүү фондуна жана 10%ы - Ынтымак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине) айып төлөөгө макул болот;
4) кен иштетүүгө долбоордук документация ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана тийиштүү ведомстволор менен макулдашылган датадан тартып 1 жылдан ашпаган билдирилген мөөнөттө өнөр жайлык эксплуатациялоого Заводду ишке киргизүүнү камсыздоо. Өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн бузган учурда лицензиат "Жер казыналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, мөөнөттү бузуунун ар бир толук айы үчүн 50000,0 (элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндө (50%ы - республикалык бюджетке, 30%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусун өнүктүрүү фондуна, 10%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районун өнүктүрүү фондуна жана 10%ы Ынтымак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине) айып төлөөгө макул болот;
5) долбоордук документацияда каралган өндүрүмдүүлүк менен Заводдун долбоордук кубаттуулукка чыгуусун, аны эксплуатациялоого киргизген датадан тартып 6 айдан кечиктирбей, бирок долбоордук кубаттуулуктун 50%нан кем эмес камсыздоо. 50%дык долбоордук кубаттуулукка чыгуунун мөөнөтүн бузган учурда лицензиат "Жер казыналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, мөөнөттү бузуунун ар бир толук айы үчүн 50000,0 (элүү миң) АКШ доллары өлчөмүндө (50%ы - республикалык бюджетке, 30%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусун өнүктүрүү фондуна, 10%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районун өнүктүрүү фондуна жана 10%ы - Ынтымак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине) айып төлөөгө макул болот.
6) кенди иштетүүгө долбоордук документацияга өнөр-жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды, бузулган жерлерди рекультивациялоо жана кен казуу мүлктөрүн консервациялоо боюнча программаларды, лицензиаттын эл аралык стандарттарга жооп берген жер казынасын айрыкча сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон башка аракеттерин баяндоону киргизүү;
7) инвестициялардын салынышын, анын ичинде социалдык пакетке (Макулдашууга) ылайык банк жана финансылык институттар жактан каржылоону тартуу жолу менен, ушул Шарттардын 22-пунктунда аталган конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны, лицензия берилген датадан тартып биринчи 3 жылда лицензияны токтоткондугу үчүн бонустарды жана төлөмдөрдү кошпостон камсыздоо;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган долбоордук документациялардын жоболорун катуу сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоордун жоболорун сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын кошо аткаруу;
9) лицензия алган датадан тартып 2 айдан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун административдик-аймактык бирдигинин аткаруу органына жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иш жүргөн райондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, калкты кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерге тартуу максатында аларды кесиптик даярдоону уюштурууну, камтыган социалдык пакетти (мындан ары - Макулдашуу) даярдоо жана андан ары кароо жана жактыруу үчүн берүү, Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүү.
Жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүүгө инвестициялардын ар жылдык өлчөмү өндүрүш ишке кирген учурдан тартып жергиликтүү коомчулук менен инвестордун ортосунда сүйлөшүлөт;
10) Заводду куруу мезгилинде жана аны эксплуатациялоого киргизгенге чейин 30%дан ашпаган чет өлкөлүк адистерди тартуу, ал эми Завод ишке киргизилгенден кийин - подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынын 10%дан көп эмесин тартуу;
11) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, аткарылбаган жана көрсөтүлбөгөн товарларды, иштерди жана кызматтарды, ошондой эле башка өлкөлөргө караганда кымбатка турган товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудан тышкары лицензиаттын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баардык сатып алууларын Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруу. Ошол эле учурда бирдей шарттарда Ош жана Баткен облустарынын аймагында өндүрүлгөн товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алууну артыкчылыктуу ишке ашыруу керек.
17. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары, жогоруда баяндалган негизги шарттарды кошо конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
18. Конкурстун катышуучусунун жер казынасын пайдалануунун жогоруда саналган негизги шарттарын тааныгандыгы жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга аларды кошууга автоматтык түрдө макул болушу конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн фактысы катары саналат.
5. Жыйымдын, кепилдик төгүмдүн, баанын, салыктардын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
19. Геологиялык маалыматтардын пакети үчүн акы:
1) комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз ээсине геологиялык маалыматты, ушул Шарттардын 1-тиркемесине ылайык жетүүнүн керектөө деңгээли үчүн каралган тартипте берет. Конкурска катышуу үчүн арыз ээлери аталган геологиялык маалыматты 376907,0 (үч жүз жетимиш алты миң тогуз жүз жети) сом өлчөмүндөгү акыга сатып алууга милдеттүү;
2) зарыл болгон учурда арыз ээси "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык кошумча геологиялык маалыматты сатып алууга укуктуу;
3) ушул пункттун 1-пунктчасында аталган геологиялык маалымат үчүн төлөм конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун акыркы баасына кошулат жана ушул Шарттардын 44-пунктунда баяндалган учурларды кошпогондо, документтерди кароонун жыйынтыктарына жана/же конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайтарылып берилбейт;
4) аталган төлөм конкурстук комиссиянын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Геология агенттиги) агайын эсебине түшөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык колдонулат. Геологиялык маалымат анын наркын толук төлөөрү менен арыз ээсине берилет;
5) конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин ага наркы 1929629,0 (бир миллион тогуз жүз жыйырма тогуз миң алты жүз жыйырма тогуз) сом болгон (геологиялык маалыматтын баасын эске алуу менен) толук геологиялык маалымат берилет. Толук геологиялык маалыматтын наркы конкурстук объектинин жер казыналарын пайдалануу укугунун акыркы баасына кошулат.
20. Конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурстун катышуучулары конкурска катышкандыгы үчүн 500000 (беш жүз миң) сом (мындан ары - катышуу үчүн жыйым) өлчөмүндөгү жыйымды төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун акыркы баасына кошулбайт жана документтерди кароонун жыйынтыктарына жана/же конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайтарылып берилбейт. Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.
21. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 20000,0 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик төгүмдү төлөөгө милдеттүү. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, ушул Шарттардын 22-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны толук же жарым-жартылай төлөбөсө кепилдик төгүм конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
22. Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа.
1) Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа 1000000,0 (бир миллион) АКШ долларын түзгөн минималдуу чектен кем болбошу керек. Баа өзүнө бонус суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казыналары жөнүндө геологиялык маалымат үчүн бааны камтыйт, мында конкурсанттар тарабынан жогорку баа сунушталышы мүмкүн. Бонусту жана жер казыналары жөнүндө геологиялык маалымат үчүн бааны алып салгандагы жалпы сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайтарылбас төлөм болуп саналат;
2) конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып конкурстун жеңүүчүсү 30 иш күндүн ичинде конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна ал сунуштаган бааны (кепилдик төгүмдү эсептен чыгаруу менен) төлөөгө милдеттүү.
20. Төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык маалымат үчүн акы, конкурска катышуу үчүн жыйым, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү, ошондой эле конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа тийиштүү дайындоону көрсөтүү менен төмөндөгү реквизиттер боюнча Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине киргизилиши керек: Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь РОК Банк: "РСК Банк" ААК Октябрь райондук филиалы, Бишкек шаары БИК 129053 а-б/э 1290534132810077 ө/э 4402032100002327 Төлөмдү дайындоо: [геологиялык маалымат үчүн Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[конкурска катышуу үчүн Геология агенттигинин өздүк эсебине жыйым]/[конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы Геология агенттигинин өздүк эсебине (конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа)].
24. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
6. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берүүчү документтер
25. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу максаттарында, алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары берген конкурстун экинчи этабына өткөн документтерди кабыл алууну жана алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат жана белгиленген критерийлерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
26. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары расмий басма сөз органдарында конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбей, төмөндөгү документтерди (2 нускада) Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 227 кабинет дареги боюнча Геология агенттигине беришет:
1) ушул Шарттардын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына конкурска катышууга өтүнмө;
2) геологиялык маалымат үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
3) кепилдик төгүмү төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы).
Чапталган конвертте ошондой эле төмөндөгү документтер берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар үчүн, - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставынын көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, уюмдаштыруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле ал өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү, мамлекеттик реестрден апостилдештирилген же легалдаштырылган көчүрмөсү же башка документ;
в) жеке жактар үчүн - паспорттун жана жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жак кошумча түрдө паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен берет;
г) түпкү ээси жана/же конкурстун катышуучусунун бенефициары болуп саналган жактарды ачып берүүчү, ушул Шарттардын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматты жана документти;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген, эгерде жак өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенсе, өкүлгө ишеним кат;
е) уюмдун аткаруу органы дайындалгандыгы жөнүндө документтин көчүрмөсү;
ж) кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
з) геологиялык маалыматты сатып алгандыгы жөнүндө маалымат;
и) бюджетке салыктык бересеси жоктугу жөнүндө салык органдарынан маалымдама (Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке жана юридикалык жактар үчүн);
к) ушул Шарттардын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча төмөндөгүлөрдү караган жазуу жүзүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу, ал конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда Заводду курууну баштоонун жана/же Заводду өнөр-жайлык эксплуатациялоого киргизүүнүн мөөнөтүн бузган учурда ушул Шарттар менен каралган бардык айыптарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу, ал конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталганда ушул Шарттардын 47-пунктунда каралган учурдан башка учурда конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп эсептелерине макул болот;
- конкурстун катышуучусу өзүнүн ишинин натыйжасында курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын натыйжасында келтирилген болсо, курчап турган чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө макул болот.
27. Конкурстун катышуучусу бир конвертте конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун биринчи этабынын алкагында катышууга көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмегин камтыган документтерди бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттер номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтерди чет тилде берген учурда аларга карата мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормо тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылбайт жана Геология агенттигинде сакталат.
28. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кийинки иш күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана алар берген документтердин бетинин саны көрсөтүлөт. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 иш күндүн аралыгында берилген документтерди карайт жана конкурстун экинчи этабына жол берүү же жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучуларына алар берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкеш келген шартта экинчи этапка катышууга жол берилет. Берилген документтердин тизмегине, түрүнө жана формасына карата талаптарга байланыштуу суроолор жаралган учурда конкурстук комиссия протокол формасында таризделген кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
24. Конкурстук комиссиянын экинчи этапка жол берүү же жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий сайттарында, ошондой эле башка расмий басма сөз басылмаларында жарыяланат.
30. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка катышууга жол берилген конкурстун катышуучулары жол берилгендиги жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 календардык күндөн кечиктирбей, төмөнкү: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2 дареги боюнча, Геология агенттигинин № 227 кабинетине чапталган конвертте төмөнкүдөй документтерди берет:
1) төмөнкүлөр боюнча алдын ала сунуштарды камтыган, Аксай акиташ кенин иштетүүнүн программасы:
- капиталдык салымдарга, эксплуатациялык чыгымдарга жана долбоордун рентабелдүүлүгүнө байланыштуу техникалык-экономикалык эсептөө;
- Заводду куруунун жана эксплуатациялоого киргизүүнүн мөөнөттөрүн, жумуштарды жүргүзүүнүн этаптарын сактоо;
- жер алдынан пайдалуу казылмалардын запасын толук алууну камсыздоо;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо;
- кенди иштетүүдөн айлана-чөйрөгө тийген таасирин алдын-ала баалоо жана жаратылышты коргоонун зарыл иш-чараларын жүргүзүү;
- Аксай акиташ кенин иштетүүдө колдонулуучу кен жана башка мүлктөрдү жоюу же консервациялоо боюнча иш-чаралар планын түзүү;
- талап кылынган инвестициялардын эсеби;
- Заводдун ишинин жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн эсеби.
Аксай акиташ кенин иштетүүнүн программасы конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча төмөнкүдөй башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн;
2) пайдалуу казылмаларды казып алуунун жана кайра иштетүүнүн, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоонун, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануунун заманбап технологияларын колдонуу боюнча сунуштарды жана комплекстүү чараларды;
3) геологиялык жана кен казуу тармактарында иш тажрыйбасы бар экендигин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды жана документтерди;
4) баштапкы капиталдык салымдар үчүн өздүк каражаттардын бар экендигин жана/же финансы каражаттарын тартуу мүмкүндүгү жөнүндө тастыктоону, анын ичинде акыркы 3 жылдагы бухгалтердик отчёттордун, банктык маалымдамалардын, кредиттерди алуу жөнүндө келишимдердин, салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугун күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү жана башка ушундай документтер;
5) жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иш жүргөн райондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, калкты кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерге тартуу максатында аларды кесиптик даярдоону уюштурууну, камтыган социалдык пакет боюнча, Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүү боюнча сунуштарды;
6) ушул Шарттардын 22-пунктунда көрсөтүлгөн сумманын минималдуу өлчөмүнөн кем болбогон конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны сунуштоо;
7) Аксай акиташ кенин иштетүү үчүн керектүү болгон кен тармагындагы иш тажрыйбасы, адистердин квалификациясынын деңгээли, конкурстун катышуучусунун өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүндүктөрү жөнүндө күбөлөндүргөн башка бардык кошумча маалыматтар жана документтер.
31. Конкурстун экинчи этабына катышууга жол берилген конкурстун катышуучусу бир конвертте, конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында документтерди бергендиги жөнүндө көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган документтерди бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттер номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтер чет тилде берилген учурда аларга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек. Конкурстук комиссия белгилеген документтерди берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылып берилбейт жана Геология агенттигинде сакталат.
32. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки иш күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана даректери, алар берген документтердин бетинин саны жана конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт. Конкурстун катышуучулары конверттерди ачууда катышууга укуктуу.
33. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун критерийлери
34. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 иш күндүн аралыгында конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары берген документтерди кароодо конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
35. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо аркылуу аныкталат. Документтерди баалоо упай системасы менен төмөнкүдөй критерийлер боюнча конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№
Критерийлердин аталышы
Упайлар
1
Аксай акиташ кенин иштетүүгө берилген программанын сапаты
3 упайга чейин
2
Пайдалуу казылмаларды казып алууда жана кайра иштетүүдө, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоодо, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдаланууда заманбап технологияларын колдонуу, ошондой эле цемент заводун курууда, анын иштешинде жана кенди иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча сунуштар
10 упайга чейин
3
Аксай акиташ кенин өздөштүрүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр (жеке жана тартылган каражаттар)
10 упайга чейин
4
Ушул Шарттардын 16-пунктунун 9-пунктчасында аталган суммадан сырткары социалдык пакетке бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү (суммасы)
3 упайга чейин
5
Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баанын минималдуу чегинен ашуу
Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна минималдык баадан жогору болгон ар бир 10000 (он миң) АКШ долларына 1 упай
6
Заводду куруунун жана эксплуатациялоого киргизүүнүн мөөнөтү
6 айга чейин - 6 упай; бир жылдын ичинде - 4 упай
7
Юридикалык жактын - келечектеги лицензиаттын Кыргыз Республикасына уставдык капиталдагы катышуу үлүшүн акысыз берүү
Ар бир 10% - 5 упай
Эскертүү: 100% мамлекеттин менчигиндеги юридикалык жак конкурска катышкан учурда, 7-критерий боюнча упайлар чет өлкөлүк инвестор менен биргелешип иштөө жөнүндө макулдашууга жараша аныкталат.
36. Ар бир катышуучуга карата конкурстук комиссия тарабынан ар бир критерий боюнча катышуучу алган упайларды жана катышуучунун жалпы упайын көрсөтүү менен упайларды эсептөө протоколу түзүлөт.
37. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча упайларды аныктоонун негизинде конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
38. Эң көп упай топтогон катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат. Эки жана андан көп катышуучуларда упайлар тең болгондо комиссиянын төрагасы ачык добуш берүүнүн жол-жобосун дайындайт. Добуш берүү ар бир катышуучу боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн добушун бир гана катышуучу үчүн берүүгө укуктуу. Эң көп добуш алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Эгерде эки жана андан көп катышуучуга бирдей сандагы добуштар берилсе, анда мындай катышуучулар боюнча конкурстун жеңүүчүсүн аныктаганга чейин биринчи турдун эрежелери боюнча добуш берүүнүн кошумча турлары өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда конкурстун жеңүүчүсүн аныктоого чейин добуш берүүнүн кошумча турлары өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш бербей коюуга укугу жок. Добуш берүүнүн бардык турларында конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болгондо конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
39. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу менен протокол түрүндө таризделет жана ага конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
40. Конкурстук комиссиянын протоколдору эгерде аларга конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү тарабынан кол коюлса, жарактуу деп эсептелет.
41. Конкурстук комиссиянын протоколу конкурстун жеңүүчүсүнө Аксай акиташ кенин иштетүү максатында кенди пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат. Лицензияга карата лицензиялык макулдашуулар конкурсту өткөрүүдө белгиленген шарттарды камтышы керек.
42. Чет өлкөлүк юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылганда лицензия конкурстун жеңүүчүсү Аксай акиташ кенинин жайгашкан орду боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлгөн жана катталган туунду компанияга берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак түзгөн туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакты конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялаган күндөн тартып бир айдан кечикпей катталышы керек. Юридикалык жакка - лицензиатка катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берген учурларды кошпогондо, түзүлүп жаткан туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө 100% үлүштүк катышы болушу керек.
43. Лицензия конкурстун жеңүүчүсүнө ал конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунуштаган бааны төлөгөндөн кийин 5 иш күндүн ичинде берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензияны берүү төмөнкүлөрдөн кийин:
1) конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа төлөнгөндөн кийин;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясынын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн бергенден кийин, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кечирээк болгонуна жараша 5 иш күндүн ичинде берилет.
44. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан же конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал билдирген бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда конкурстун жеңүүчүсү лицензия алуу укугун жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү катары баш тарткан жеңүүчүдөн кийин башка катышуучуларга салыштырмалуу көп упай топтогон же эгерде конкурстук комиссия тарабынан башкача чечим кабыл алынбаса, кошумча добуш берүүдө көп добуш алган катышуучу таанылат.
8. Конкурсту токтотуу жана өткөн жок, жараксыз деп таануу
45. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин форс- мажордук кырдаалдар пайда болгон учурда гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча конкурс жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурс өткөрүү жокко чыгарылган учурда конкурска катышуучунун 20000,0 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кепилдик төгүмү кайтарылып берүүгө тийиш.
46. Конкурска катышууга өтүнмөлөр болбогондо же эгерде конкурска катышууга бир катышуучудан гана өтүнмө келип түшсө, же эгерде конкурстун бардык катышуучулары берген документтер конкурстун катышуучуларына коюлган негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурс протокол менен таризделген жана расмий басма сөз органдарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде өткөн жок деп таанылат.
47. Конкурс ушул Шарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген конкурс өткөрүүнүн эрежелерин бузуу менен өткөрүлгөн учурда кызыкдар жактын доосу боюнча өткөн жок деп таанылышы мүмкүн жана конкурстун жыйынтыктары сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн конкурстун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган жана төлөнгөн баа кайтарылып берүүгө тийиш.
48. Конкурстун катышуучусу конкурстун экинчи этабына документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга чейин конкурска катышууга өзүнүн өтүнмөсүн артка чакырып алууга укуктуу. Мында 376907,0 (үч жүз жетимиш алты миң тогуз жүз жети) сом өлчөмүндөгү геологиялык маалымат үчүн төлөм, конкурска катышуу үчүн 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү жыйым жана конкурстун катышуучусунун 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кепилдик төгүмү кайра кайтарылбайт.
Сурап-билүү үчүн телефондор: (+996 312) 30-03-71, 90-98-78. Бул маалымат менен Геология агенттигинин расмий сайтынан таанышууга болот: www.geology.kg.
Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринин 1-тиркемеси
Форма Конкурска катышууга ТИПТҮҮ ӨТҮНМӨ
Мен, __________________________________________________________________________________ (аты-жөнү) _______________________________________________________________________________________ (ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ) _______________________________________________________________________________________ (документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, датасы жана каттоо органынын _______________________________________________________________________________________ дареги, банк реквизиттери) атынан чыгуу менен: _____________________________________________________________________ (негизи боюнча жак аракеттенген документ, эгерде өкүл ишеним кат боюнча аракеттенсе - анда ишеним каттын реквизиттери) _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ негизинде аракеттенүү менен, Ишеним кат боюнча: Мен, __________________________________________________________________________________ (аты-жөнү) _______________________________________________________________________________________ (ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ) _______________________________________________________________________________________ (документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) төмөндөгү дарек боюнча жашаган: _________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ (шаар, айыл, көчө, үй жана батир №) Ушуну менен: _______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ (орду жана убактысы) объект(-тер) боюнча _____________________________________________________________________ лот(-тор) боюнча ________________________________________________________________________ боло турган конкурска катышуу ниетим жөнүндө билдирем. ______________________________________________________________________________________. Бул ниетке ылайык төмөндөгү төгүмдөр төлөндү.
1. 376907,0 (үч жүз жетимиш алты миң тогуз жүз жети) сом өлчөмүндө географиялык маалымат үчүн акы.
2. 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү конкурска катышуу үчүн жыйым.
3. 20000,0 (эки жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кепилдик төгүмү.
Конкурста жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюу;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурста сатылып алынган объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун баасын конкурстун шарттары менен аныкталган мөөнөттө төлөө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү төлөмдөрдү төлөө;
4) жер казынасынын объектисин конкурска коюунун ажырагыс шарттары болуп саналган, конкурстун уюштуруучусу тарабынан жер казынасынын объектисин пайдаланууга карата белгиленген талаптарды аткаруу, ал эми аларды аткарбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "__" __________ 2016-жылдагы № ___ буйругу менен бекитилген Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн Шарттарында жана тартибинде белгиленген айып санкцияларын төлөө.
Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, эгерде билдирилген сунуштардын бири дагы конкурстун шарттарына жооп бербесе, же өтүнмөлөрү болгондо же бир гана өтүнмө келип түшкөндө, конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго мен кол коюуга макулмун, мында геологиялык маалыматтар үчүн төлөнгөн сумма жана конкурска катышуу үчүн жыйым кайтарылбайт жана жер казынасын пайдалануу боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат. Конкурска катышуу үчүн ушул арызга кошумча төмөнкүлөрдү тиркейм:
1. _____________________________________________________________________________________;
2. _____________________________________________________________________________________;
3. _____________________________________________________________________________________;
4. _____________________________________________________________________________________;
5. _____________________________________________________________________________________;
6. _____________________________________________________________________________________;
7. _____________________________________________________________________________________;
8. _____________________________________________________________________________________.
Паспорт өтүнмөнү берүүдө жеке талапкер тарабынан көрсөтүлөт. Арыз ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: __________________________ Дата 2016-жыл "__" ________________ Кабыл алынды: _________________________________________________________________________ (өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызматы) _______________________________________________________________________________________ (так убакытты көрсөтүү менен, өтүнмө кабыл алынган дата) _______________________________________________________________________________________ (өтүнмөнү кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу)
Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринин 2-тиркемеси
Форма Компаниянын менчик ээлери жөнүндө МААЛЫМДАМА
1. Компаниянын толук аталышы
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан орду)
3. Мамлекеттик каттоо датасы жана орду
4. Компания □ жеке менчик □ мамлекеттик болуп саналат
5. Компания 100% акцияларга/катышуу үлүшүнө ээ болгон туунду компанияларды санаңыз
6. Компания катышуу үлүшү 5% жана андан көп акцияга ээ болгон башка компанияларды санаңыз
7. Компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат (акционерлер/компаниянын катышуучулары):
№
Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү
Катышуу үлүшү
Юридикалык дареги/каттоо дареги
Тастыктоочу документтер
1
2
3
...
8. Компаниянын менчик ээлери акционерлери/катышуучулары жөнүндө маалымат:
№
Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү
Катышуу үлүшү
Юридикалык дареги/каттоо дареги
Тастыктоочу документтер
1
2
3
...
9. 8-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат:
№
Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү
Катышуу үлүшү
Юридикалык дареги/каттоо дареги
Тастыктоочу документтер
1
2
3
...
Компания ушул маалымдамада көрсөтүлгөн маалыматтар толук, так жана ишенимдүү экендигин кепилдейт.
Колу:
_____________________________________
М.О.
Аты-жөнү:
_____________________________________
Кызматы:
_____________________________________
Дата:
_____________________________________
Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринин 3-тиркемеси
Форма МИЛДЕТТЕНМЕ ____________________________________, мындан ары "Катышуучу" деп аталган _____________________________ атынан, _____________________________________________________ _____ негизинде аракеттенип, ушуну менен Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринде (мындан ары - Шарттар) каралган бардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет. Катышуучу Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда катышуучу төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Шарттарда каралган бардык айыптарды төлөөгө;
- конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп саналарына;
- өзүнүн ишинин натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын натыйжасында келтирилсе, айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө.
Катышуучу жогоруда саналган милдеттенмелер Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринин бир бөлүгү болуп саналаарын түшүнөт жана макул болот жана аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу:
______________________________________________
Ф.И.О.:
______________________________________________
Кызматы:
______________________________________________
Дата:
______________________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 132-б (Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү…Распоряжение · 30.03.2016 · № 132-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 15-б (Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук…Распоряжение · 16.01.2016 · № 15-р
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2012 · № 834 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 144
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу…Постановление · 18.02.2014 · № 100