Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтердин кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамын түзүү тууралу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 14-сентябры № 449-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 570-б, 2017-жылдын 4-майындагы № 141-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтердин кенин жана Калесай бериллий кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтердин кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия эки айлык мөөнөттө конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.Сариев
Тиркеме Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтердин кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 570-б, 2017-жылдын 4-майындагы № 141-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Зилалиев Д.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Сапаралиев А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Нышанов С.К.
-
"Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Пирматов И.А.
-
"Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Турсунбаев А.А.
-
"Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жутанов А.Т.
-
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жамангулов А.Ж.
-
"Республика - Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Айнакулов М.А.
-
"КСДП" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Акматалиев А.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Азимов А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Жусубалиев А.И.
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Абдыкаров А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Артыкбаев Р.С.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Рыспеков А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Катанаев А.Г.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматтын директору;
Кудайбергенов Б.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Шаршеналиев Н.А.
-
Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Дононбаев Э.К.
-
Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Изабаев К.Д.
-
Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Асаналиев С.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын начальниги;
Гильфанов И.В.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жайлык коопсуздукту жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 646-б (Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу…Распоряжение · 29.12.2015 · № 646-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 570-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 541-6, 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 449-б, 2015-жылдын…Распоряжение · 27.12.2016 · № 570-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 141-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 449-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.05.2017 · № 141-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 541-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 14.11.2017 · № 525-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 56-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир документтерине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 16.02.2016 · № 56-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 235 (Топтун курамын түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.09.2015 · № 235