КР Өкмөтүнүн (Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамын түзүү тууралу) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 16-январы № 15-б (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Аксай акиташ кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 24-беренесине ылайык:
1. Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия эки айлык мөөнөттө конкурсту өткөрүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т. Сариев
Тиркеме Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Рыскулов У.Д.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы;
Сапаралиев А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
Масабиров Т.А.
-
"Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Пирматов И.А.
-
"Бир бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Токтошев Э.Т.
-
"Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мавлянова М.Э.
-
"Республика - Ата-Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Сатыбалдиев К.У.
-
КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жутанов А.Т.
-
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Акматалиев А.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Азимов А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Орозалиев А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Абдыкадыров А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Артыкбаев Р.С.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Рустамов А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору
Маматов А.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
Сарыбашов Т.Н.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Маматалиев Д.М.
-
Ош облусундагы Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы;
Жоробеков Н.А.
-
Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Абдукулов А.М.
-
Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Гильфанов И.В.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги;
Дюшеев А.М.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын коргоо башкармалыгынын начальниги;
Кыдырмаев А.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын пайдалануу боюнча саясат башкармалыгынын начальниги.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 181-б (Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибин жана жеңүүчүнү…Распоряжение · 22.04.2016 · № 181-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.10.2016 · № 444-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 541-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 14.11.2017 · № 525-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 541-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.07.2017 · № 293-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.