29-берене. Улуттук борбордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Улуттук борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, кызмат адамдары менен түздөн-түз туруктуу байланышта жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, кызмат адамдары өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Улуттук борбордун кайрылуусу боюнча анын ишин уюштурууга зарыл көмөк көрсөтүүгө;
2) Координациялык кеңештин сунуштамаларын кароого жана алардын ишке ашырылышына көмөктөшүүгө;
3) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине, аларды кармап туруунун тартибине жана шарттарына, ошондой эле кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Улуттук борборго жиберүүгө;
4) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайы баяндамаларын жарыялоого жана таркатууга.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-29" title="29-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>