Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Администрациялык ведомстволор
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151
1. Администрациялык ведомстволор мамлекеттик орган болуп саналат, алар Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн чечими менен түзүлөт, жоюлат жана кайра уюштурулат.
2. Администрациялык ведомстволор өз ишин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик инспекциялар, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик фонддор формасында түзүлөт.
Мамлекеттик агенттик - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство. Мамлекеттик инспекция - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын контролдоо жана инспектордук функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство. Мамлекеттик кызмат - атайын статусу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылган, башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство. Мамлекеттик фонд - башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ошондой эле акча каражаттарын топтоо жана товардык-материалдык баалуулуктарды чогултуу максаттарында түзүлүүчү администрациялык ведомство.
3. Мамлекеттик агенттиктерге, инспекцияларга директорлор, ал эми мамлекеттик кызматтарга жана фонддорго төрагалар башчылык кылат, алар Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат.
4. Администрациялык ведомстволор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер тиешелүүлүгүнө жараша директордун же төраганын буйруктары жана тескемелери менен жол-жоболоштурулат.
5. Өкмөт администрациялык ведомстволорго баш ийген юридикалык жактын статусу бар ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдү түзүүгө, жоюуга жана кайра уюштурууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- 2021-жылдын 5-марты № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө"Постановление · 05.03.2021 · № 71
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.11.2014 · № 650 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлу № 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2017 · № 432 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси…Постановление · 20.12.2018 · № 599 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599-токтомуПостановление · 20.12.2018 · № 599
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №71 токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 71
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтомуПостановление · 14.07.2017 · № 432
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>