Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета министров Кыргызской Республики от 21 июня 2021 года № 33 "О подведомственных подразделениях Министерства юстиции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-21.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июлу № 432 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 471, 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат (мындан ары - Кызмат) түзүлсүн.
2. Кызмат соттук-эксперттик иштер жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун иштеп жаткан кызматкерлери эмгектик мамилелерин сактоо менен жаңы түзүлгөн Кызматка которулаары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы белгиленген тартипте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- 2018-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен экспертизалардын айрым түрлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагынан штаттык бирдиктерди, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустук соттук-медициналык экспертиза бюролорунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психикалык-ден соолук борборунун жана Республикалык наркология борборунун эксперттик комиссияларынын тиешелүү бюджеттик каржылоолорун жана материалдык-техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин долбоорун киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 471 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-экспертизалардын мамлекеттик борборуна каралган каражаттардын жана штаттык санынын чегинде 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын каржылоону камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3-пунктундагы "350" жана "142" деген цифралар тиешелүү түрдө "243" жана "35" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-3-пункт менен толукталсын:
"
27-3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы
107
анын ичинде:
- борбордук аппарат
96
- аймактык бөлүктөр
11
".
8. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун "б" пунктчасынын онунчу абзацындагы "Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр "Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3-пунктундагы "235" жана "25" деген цифралар тиешелүү түрдө "222" жана "12" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
"
27-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат
13
анын ичинде:
- борбордук аппарат
11
- аймактык бөлүктөр
2
".
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (14)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764…Положение · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик…Постановление · 04.05.2017 · № 253 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтому менен…Положение · 14.07.2017 · № 432 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2013 · № 577 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 716 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө)…Распоряжение · 02.11.2017 · № 716 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы №…Постановление · 22.10.2013 · № 577 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 471 токтомуПостановление · 15.10.2018 · № 471
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Постановление · 15.10.2018 · № 471 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2016 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик…Постановление · 04.05.2017 · № 253 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка…Постановление · 12.01.2012 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2013 · № 577 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.