Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка тийиштүү төлөмдөрдү төлөө маселелерин чечсин;
- кредиторлор менен эсептешүүлөрдү жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) дебитордук карыздарын өндүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) мүлкүн эсепке алсын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу балансын даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;
-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) бошотулуп жаткан кызматкерлерин окутуу жана кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) өндүрүшүндө турган жазык иштерин жана материалдарды тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү маселелерин белгиленген тартипте чечсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 250 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 639 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 415 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 10-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун жыйырманчы абзацы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрге жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов
Комиссия 1.docx
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 52
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын…Постановление · 12.02.2021 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик…Постановление · 20.12.2017 · № 826
- КР Өкмөтүнө 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык…Постановление · 23.04.2015 · № 250
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы №176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын)…Постановление · 15.03.2012 · № 176 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2017 · № 415 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.11.2016 · № 639 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык…Постановление · 22.10.2018 · № 493 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык…Постановление · 14.10.2019 · № 539 · Күчүн жоготкон