Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-январы № 11
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 2013-жылдын декабрь айында аяктап жаткандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчыларын – Өзгөн шаарынын мэрин жана айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 "2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү…Постановление · 20.01.2014 · № 10
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 13-декабрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 13.12.2013 · № 180
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 18-декабрындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 18.12.2013 · № 182
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 2 "2013-жылдын 24-, 25-, 30- декабрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 10.01.2014 · № 2
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 29 ноября 2013 года № 171 "Об утверждении сметы расходов на подготовку и проведение выборов глав…Постановление · 29.11.2013 · № 171
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 190 "2013-жылдын 12-, 13-, 23-, 24- декабрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 26.12.2013 · № 190
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 "Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону…Постановление · 26.12.2013 · № 188
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 23.12.2013 · № 184
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрырындагы № 185 "2013-жылдын 11-, 12-, 13-, 16-, 18-, 19-, 20- декабрында өткөрүлгөн…Постановление · 23.12.2013 · № 185
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана Референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-январындагы № 11 "Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылдык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 24.01.2013 · № 11
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон