Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-декабры № 182
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №166 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлер катталбагандыгынан, Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоого айылдык кеңештин зарыл сандагы депутаттарынын катышпагандыгынан айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо болгон эмес. Чүй облусундагы Чүй районунун Шамшы, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Жаргылчак, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчылары шайланган эмес. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын:
1). Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен:
-Чүй облусундагы Чүй районунун Шамшы; -Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы; -Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Жаргылчак; -Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ырдык; -Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Кетмен-Төбө; -Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс,
2). Мурда каттоодон ɵткɵн талапкерлер менен:
-Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Чоң-Алай; -Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн; -Ош облусундагы Кара-Суу районунун Катта-Талдык,
- айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2013-жылдын 30 - декабрына дайындалсын.
2. Чүй, Ат-Башы, Чоң-Алай, Кара-Суу, Жети-Өгүз, Токтогул, Сузак аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 12 "Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра…Постановление · 20.01.2014 · № 12
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 2 "2013-жылдын 24-, 25-, 30- декабрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 10.01.2014 · № 2
- Ат-Башы айылдык кеңешинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 8-1 (Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө) токтомуПостановление · 30.12.2013 · № 8-1
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын…Постановление · 26.11.2013 · № 166
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон