Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-январы № 10
2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 166 токтому менен дайындалган Нарын облусунудагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, 2013-жылдын 23-декабрындагы № 184 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан, Өзгөн районунун Кароол; Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал; Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек, Ничке-Сай 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыларынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын (№ 1 тиркеме).
2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (№ 2 тиркеме).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 токтомунун № 1 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Нарын облусу Ат-Башы району
Ак-Моюн
18.12.2013
Ош облусу Кара-Суу району
Папан
8.01.2014
Өзгөн району
Кароол
8.01.2014
Ысык-Көл облусу Ак-Суу району
Кара-Жал
8.01.2014
Жалал-Абад облусу Токтогул району
Үч-Терек
8.01.2014
Ничке-Сай
8.01.2014
Ош облусу Өзгөн району
Зергер
15.01.2014
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 токтомунун № 2 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Нарын облусу Ат-Башы району
1.
Ак-Моюн
Мамбетов Дүйшенбек Абдыгазиевич
18.12.2013
Ош облусу Кара-Суу району
2.
Папан
Исмаилов Эрматбек Бакирович
8.01.2014
Өзгөн району
3.
Кароол
Сайитов Рустамбек Акжолович
8.01.2014
Ысык-Көл облусу Ак-Суу району
4.
Кара-Жал
Тамаев Омурбек Шакирович
8.01.2014
Жалал-Абад облусу Токтогул району
5.
Үч-Терек
Сейдалиев Рысбай Көчкөнбаевич
8.01.2014
6.
Ничке-Сай
Нурматов Нарынбай Бекишович
8.01.2014
Ош облусу Өзгөн району
7.
Зергер
Акматов Юлдаш Мамытович
15.01.2014
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын…Постановление · 26.11.2013 · № 166
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 "Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону…Постановление · 26.12.2013 · № 188
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 23.12.2013 · № 184
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон