Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 23-декабры № 184 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы №166 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кеңештин зарыл сандагы депутаттарынын катышпагандыгынан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болгон эмес. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал, Ош облусундагы Өзгөн районунун Кароол, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек, Ничке-Сай, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер зарыл болгон сандагы депутаттардын добуштарын алышпагандыктан айыл өкмөт башчылары шайланган эмес. Чүй облусундагы Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы Джумагулов Т.А., өзүнүн арызынын негизинде Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 17-декабрындагы №238-тк тескемеси менен 2013-жылдын 18-декабрынан баштап ээлеген кызматынан бошотулган. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын:
1). Мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен:
- Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан,
2). Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен:
- Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал;
- Ош облусундагы Өзгөн районунун Кароол;
- Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек;
- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек;
- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Ничке-Сай;
- Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт;
- айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2014-жылдын 8- январына дайындалсын.
2.Чүй облусундагы Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 10-январына дайындалсын.
3.Ат-Башы, Ак-Суу, Өзгөн, Кара-Суу, Токтогул, Чүй, Сузак аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 "2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү…Постановление · 20.01.2014 · № 10
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын…Постановление · 20.01.2014 · № 7
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын…Постановление · 26.11.2013 · № 166
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон