Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-04-13.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-декабры № 239
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 186-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "экиден беш" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "бештен он" деген сөздөр "ондон он беш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 193-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген жайыттарды жана чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузуу,- жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына - бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 1-Май айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-апрелиндеги №1 "1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү…Постановление · 09.04.2019 · № 1
- 1-Май айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 10 "1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2017-жылдын отчету жана 2018-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү…Постановление · 28.02.2018 · № 10
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон