Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-Май айылдык кеңешинин «1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө»токтому
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XII сессиясы
2019-жылдын 9-апрели №1 1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө 1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету жана 2019-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жайытка чыгуучу малдардын жайыт акысын белгилъъ максатында 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын отчету кабыл алынсын.
2. Кирешенин салыгын көбөйтүү, жайытка чыгуучу бир башка төлөнүүчү баа төмөнкүдөй бекитилсин.
1. Уй, жылкы, эшек – 100 сом
2. музоо, кулундарга – 70 сом
3. Кой, эчкилер – 20 сомдон жайыт акы, жайыт салыгы менен бирге бекитилсин.
3. Айыл аймагынын тургундарынын малдарын эмдъъ үчүн дарыгерлердин эмгек акысы кой-эчкилер үчүн10 сомдон, чоң малдар үчүн40 сомго чейин келишимдин негизинде белгиленсин.
4. Чекене акы ар бир баш бодо мал, жылкы үчүнжайыттын алыс жакынына карап 250 сомдон 300 сомго, кой-эчкилерге 45 сомдон 50 сомго чейин бекитилсин.
5. Жайлоого чыккан ар бир чекенечилер салык патент алып төлөп чыгуу жагы бекитилсин.
6. Мыйзамсыз мал алып чыккандарга, жайыт мыйзамын бузгандарга КР 2011-жылдын 16-декабрындагы №239 жана 2014-жылдын 17-январындагы №17 мыйзамдарынын негизинде айып акы салынсын.
7. Жайыт комитетинин бюджетинен жайытка кеткен жолдорду, көпүрөлөрдү жана жууткананы оңдоо үчүн тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Ветеринардык сервистин жетекчилери ай сайын жайыт комитетине жүргүзүлгөн профилактикалык эмдөөлөр боюнча маалымат берип турулсун.
9. Жазгы жана күзгү жайыт акысы 10%ын (20 сом х10% = 2 сом) түзөт, ушул максатта тълъм киргизилсин.
10. Сырт жактан (башка райондон же айыл аймактан) 1-Май айыл аймагынын жайытына жайылса 100% үстөктөн жайыт акысы алынсын.
11. Жайыт комитетинин төрагасына жана бухгалтерине жылдык эмгек акы төлөнсүн.
12. Жайыт комитетинин уруксат кагазы болмоюнча жайлоого малды ъз алдынча айдоого жана автомашина менен алып барууга тыюу салынсын.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы:
Н.Абдырайымов.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2011 · № 239 · Күчүн жоготкон