Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-Май айылдык кеңешинин «1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2017-жылдын отчету жана 2018-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө» токтому
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-февралы № 10 1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2017-жылдын отчету жана 2018-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү жөнүндө 1-Май айыл айымагынын жайыт комитетинин 2017-жылдын отчету жана 2018-жылга карата жайыт кирешесинин салыгын көбөйтүү максатында жайытка чыгучу малдардын жайыт акысын 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылдын отчету кабыл алынсын.
2. Жайыт комитетинин 2018-жылга киреше бөлүгү, жайыт акы жана жайыт салыгынын болжолдуу сметасы 620 000 (алты жүз жыйырма миң) сом, анын ичинен салыктар 80,5, жергиликтүү бюджетке-33% 178,0 , жайыт комитетине 67% 361,5 сом болуп бекитилсин. Кирешесинин салыгын көбөйтүү жайытка чыгуучу бир башка төлөнүүчү баа төмөнкүдөй бекитилсин.
1. Уй, жылкы, эшек – 100 сом
2. музоо, кулундарга – 70 сом
3. Кой, эчкилер – 20 сомдон жайыт акы, жайыт салыгы менен бирге бекитилсин.
3. Айыл аймагынын тургундарынын малдарын эмдөө үчүн дарыгерлердин эмгек акысы кой-эчкилер үчүн 10 сомдон, чоң малдар үчүн 40 сомго чейин келишимдин негизинде белгиленсин.
4. Чекене акы ар бир баш бодо мал, жылкы үчүн жайыттын алыс жакынына карап 250 сомдон 300 сомго, кой-эчкилерге 45 сомдон 50 сомго чейин бекитилсин.
5. Жайлоого чыккан ар бир чекенечилер салык патент алып төлөп чыгуу жагы бекитилсин.
6. Мыйзамсыз мал алып чыккандарга, жайыт мыйзамын бузгандарга КР 2011-жылдын 16-декабрындагы №239 жана 2014-жылдын 17-январындагы №17 мыйзамдарынын негизинде айып акы салынсын.
7. Жайыт комитетинин бюджетинен жайытка кеткен жолдорду, көпүрөлөрдү жана жууткананы оңдоо үчүн тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Ветеринардык сервистин жетекчилери ай сайын жайыт комитетине жүргүзүлгөн профилактикалык эмдөөлөр боюнча маалымат берип турулсун.
9. 2018-жылга жайыттын абалын жакшыртуу, малдын ден-соолугун коргоо жана киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү максатында 9200000 сомдук грантты ийгиликтүү пайдаланууну, ошондой эле 5%дык өздүк салымды туруктуу негизде кармап туруу үчүн жайыт акысынын баасы жогоруласын. Мындай тышкары жазгы жана күзгү жайыт акысы 30%ын (20сом х 30% = 6,6 сом) түзөт, ушул максатта ушул төлөм киргизилсин.
10. Айыл аймагында күздүк жаздык жер айдоонун жер айдоонун 1 га жер аянтын бүтүрүп берүү 4500 сом деп белгиленсин.
11. Сырт жактан (башка райондон же айыл аймактан) 1-Май айыл аймагынын жайытына жайылса 100% үстөктөн жайыт акысы алынсын.
12. Жайыт сезонунда малдардын ветеринардык эмдөөлөрүн көзөмөлдөө жана жандыктарды жугуштуу оорулардан коргоо үчүн 1 штаттык ветеринардык штат кабыл алынсын.
13. Жайыт комитетинин төрагасына жана бухгалтерине жылдык эмгек акы төлөнсүн.
14. 2018-жылга карата кабыл алынган кирешесинин салыгын көбөйтүүнүн аткарылышын жана максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Мараимбековго милдеттендирилсин.
15. Жайыт комитетинин уруксат кагазы болмоюнча жайлоого малды өз алдынча айдоого жана автомашина менен алып барууга тыюу салынсын.
16. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага
Н.Абдырайымов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2011 · № 239 · Күчүн жоготкон