8-берене. Бейтаптардын медициналык нурлануусунда радиациялык
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
коопсуздукту камсыз кылуу критерийлери
1. Дени сак адамдарды алдын ала медициналык рентгендик изилдөөлөрдөн жана илимий изилдөөлөрдөн өткөрүүдө бул адамдардын өткөрүлүп жаткан изилдөөлөрдүн эсебинен нурлануусунун жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашпоосу тийиш. Жылдык алдын ала нурлануунун белгиленген ченеми, кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылган же чоң доза түзүүчү усулдарды аргасыз пайдаланууну талап кылган жагымсыз эпидемиологиялык шарттарда гана жогорулашы мүмкүн.
2. Бейтаптын медициналык диагностук нурлануусу 0,5 мЗв жыйналган натыйжалуу дозасына жеткенде, эгерде нурлануу жол-жобосу жашоо көрсөткүчтөрүнөн улам талап кылынбаса, анын андан ары нурлантууну чектөө чаралары көрүлүшү керек.
3. Рентгенорадиологиялык жол-жоболору аткарууда бейтаптарга (ооруусу оорлорго, балдарга) жардам көрсөткөн адамдардын (нур диагностикасы бөлүмүнүн кызматкерлери болуп саналбаган) жылдык нурлануусунун натыйжалуу дозасы 5 мЗв ашпоосу тийиш.
4. Диагностика же дарылоо максаттарында радиофармацевтикалык дары-дармектер берилген бейтапти радиологиялык бөлүмдөн чыгарганда гамма-нурунун дозасынын кубаттуулугу бул дары-дармектердин бейтаптын денесинен 1 м аралыкта 3 мкЗв/с ашпоосу тийиш.
5. Нурлануу булактарын медициналык максаттарда колдонууда бейтаптердин нурлануусунун дозасын контролдоо милдеттүү болуп саналат.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-8" title="8-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>