7-берене. Табигый булактар менен нурланууда радиациялык
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
коопсуздукту камсыз кылуунун критерийлери
1. Калктын табигый булактар менен нурлануусу төмөнкү гигиеналык ченемдерди сактоонун эсебинен чектелүүгө тийиш:
- тегеректеги аймактагы гамма-нурлануунун дозасынын кубаттуулугу 0,3 мкЗв/с ашпоосу тийиш:
- турак жай жана коомдук имараттарды курууга бөлүнгөн аймактардын участокторунун кыртышынын үстүңкү бетиндеги радон агымынын тыгыздыгы 80 мБк/(кв.м х с) ашпоосу тийиш;
- өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга бөлүнгөн жерлердин участокторунун үстүңкү бетиндеги радон агымынын тыгыздыгы 250 мБк/(кв.м х с) ашпоосу тийиш;
- турак жай жана коомдук имараттардын абасындагы табигый радионуклиддердин гамма-нурлануусунун абага сиңген дозасынын кубаттуулугу 0,6 мкГр/с ашпоосу тийиш;
- турак жай жана коомдук имараттардын абасындагы радон изотопторунун көлөмдүк активдүүлүгүнө тең салмактуу эквиваленттүүлүктүн жылдык орточо мааниси жаңыдан курулган (ремонттолгон, реконструкцияланган) имараттар үчүн 100 Бк/куб.м жана эксплуатациялоодогу имараттар үчүн 200 Бк/куб.м ашпоосу тийиш;
- радон агымынын тыгыздыгы 80 Бк/(кв.м х с) ашык болгон участокту бөлүп берүүдө имаратты куруу үчүн долбоордо радондон коргоо системасы каралуусу тийиш (монолиттик бетон жаздыкча, жертөлө жайларын жаап изоляциялоону жакшыртуу ж.б.).
2. Ичүүчү суудагы камтыган бардык радионуклиддердин (техногендик жана табигый) эсебинен калктын нурлануусунун жылдык натыйжалуу дозасы 1,0 мЗв/жылдан ашпоосу тийиш.
3. Табигый радионуклиддери жогору болгон ишканалардын өндүрүштүк калдыктарын урунууда калктын радиациялык коопсуздугу калктын кооптуу тобунун жылдык натыйжалуу нурлануусунун мааниси боюнча бааланат. Табигый радионуклиддери жогору болгон өндүрүштүк калдыктарды урунуунун эсебинен калктын кооптуу тобунун натыйжалуу нурлануусунун жылдык орточо дозасы 100 мкЗв/жылдан ашпоосу тийиш.
4. Б категориясындагы адамдар үчүн табигый иондуу нурлануу булактарынын өндүрүштүк нурлануусунун натыйжалуу дозасы 5 мЗв/жылдан ашпоосу тийиш.
Бул көлөм жогорулаган учурда ишкананын администрациясы жумушчулардын нурлануусун төмөндөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрөт. Эгерде көрүлгөн чаралар дозанын көрсөтүлгөн чектен төмөндөшүнө алып келбесе, жумушчулар А тобунун персоналына которулат.
5. Алар чыккан жерлерден казылып алынган же өндүрүштүн кошумча продуктусу болуп саналган курулуш материалдарында (чийки заттарда), ошондой эле курулуш материалдарын жана буюмдарын даярдоо үчүн пайдаланылуучу өндүрүштүн өнөр жайлык калдыктарындагы табигый радионуклиддердин салыштырмалуу натыйжалуу активдүүлүгү (Аэфф) төмөнкү талаптарга ылайык келүүсү тийиш:
- курулуп жаткан жана реконструкцияланган турак жай жана коомдук имараттарда, курулмаларда пайдаланылуучу чийки заттар жана материалдар үчүн Аэфф мааниси 370 Бк/кг (I класс) ашпоосу тийиш;
- өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууда, ошондой эле жол курулушунда калктуу конуштардын чектериндеги жана келечектеги курулуштар чөлкөмдөрүндө пайдаланылуучу материалдар үчүн мааниси Аэфф 740 Бк/кг (II класс) ашпоосу тийиш;
- калктуу конуштардан тышкаркы жол курулушунда жана келечектеги курулуш чөлкөмдөрүндө пайдаланылуучу материалдар үчүн Аэфф мааниси 1500 Бк/кг (III класс) ашпоосу тийиш:
Аэфф 1500 - 4000 Бк/кг болгон IV класстагы курулуш чийки заттарын жана материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча ар бир учурда өзүнчө чечилет.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-7" title="7-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>