6-берене. Иондуу нурлануунун техногендик булактарын нормалдуу
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
эксплуатациялоодо нурлануу
1. Иондуу нурлануу булактарын нормалдуу эксплуатациялоодо жана радиациялык кырсыктарда жарандардын нурлануусун чектөөлөрдү дифференциялоо үчүн нурланган адамдардын төмөнкү категориялары белгиленет:
- персонал (А жана Б топтору);
- алардын өндүрүштүк иштеринин шарттарынан жана чөйрөсүнөн тышкаркы персоналдагы адамдарды кошуп алганда бардык калк.
2. Нурланууга чалдыккан адамдардын жогоруда саналган категориялары үчүн нурлануу дозасы 1-таблицада келтирилген негизги нурлануу дозаларынын чектеринен (ДЧ) ашпашы керек.
1-таблица
Дозалардын негизги чектери
| Ченемделген чоңдуктар(*) ├──────────────────────┬───────────────────────┤ | Дозалардын чектери Персонал (А тобу)(**) | Калк |
|---|---|---|
| Натыйжалуу доза ---------------------- | Ар кандай ырааттуу 5 жыл үчүн орточо алганда жылына 20 мЗв, бирок жылына 50 мЗв көп эмес | Ар кандай ырааттуу 5 жыл үчүн жылына 1 мЗв, бирок жылына 5 мЗв көп эмес |
| Көздүн карегиндеги жыл ичиндеги эквиваленттик доза(***) ---------------------- териде(****) манжаларда жана таманда | 150 мЗв 500 мЗв 500 мЗв | 15 мЗв 50 мЗв 50 мЗв |
Эскертүү: (*) Бардык ченемделген чоңдуктар боюнча көрсөтүлгөн чектерге чейин бир убакта нурланууга жол берилет. (**) Дозалардын негизги чектери. Б тобунун персоналынын нурлануусунун калган бардык жол берилген деңгээлдердей эле. А тобунун персоналы үчүн маанинин 1/4не барабар. Мындан ары текстте персонал категориялары үчүн бардык ченемдик маанилер А тобу үчүн гана келтирилет. (***) 300 мг/кв.см тереңдиктеги дозага кирет. (****) Калыңдыгы 3 мг/см сырткы катмардын алдындагы калыңдыгы 5 мг/см теринин базалык катмарындагы 1 кв.см орточо аянтка кирет. Алакандардагы тери катмары 40 мг/см. Теринин кандай гана болбосун 1 см аянтынын орточо нурлануусунун чектеринде мындай чек ашып кетпеген шартта, адамдын бүткүл терисинин көрсөтүлгөн чекте нурлануусуна жол берилет. Бет териси нурланганда дозанын чеги көз карегиндеги бета-бөлүкчөлөрдүн дозасынын чектен ашпоосун камсыз кылат.
3. Дозалардын көрсөтүлгөн чектери менен үстүдөгү жыл үчүн тышкы нурлануунун дозасынын суммасы жана өмүрдүн калган мезгили үчүн ички нурлануунун күтүлгөн дозасы (чоңдор үчүн 50 жыл жана балдар үчүн 70 жыл) чектелет.
4. Нурлануунун негизги чектери табигый жана медициналык нурлануунун дозаларын, ошондой эле радиациялык кырсыктардын дозаларын өзүнө камтыбайт. Нурлануунун бул түрлөрүнө атайын чектөөлөр белгиленет.
5. Калктын өмүр бою (70 жаш) топтолгон натыйжалуу нурлануусунун дозасы, кырсыктык нурлануунун дозасын кошо алганда 70 мЗв ашпоосу керек.
6. А тобунун персоналынын эмгек иштери мезгилинде (50 жыл) топтолгон натыйжалуу техногендик нурлануусунун дозасы, кырсыктык жана пландаштырылган жогорку нурлануу дозасын кошо алганда 1000 мЗв, ал эми Б тобунун персоналыныкы - 250 мЗв ашпоосу керек.
7. Иондуу нурлануу булактары менен иштеген 45 жашка чейинки курактагы аялдар үчүн кошумча чектөөлөр киргизилет: ичинин төмөнкү бөлүгүнүн терисинин эквиваленттүү дозасы айына 1 мЗв ашпоосу керек, ал эми жыл ичинде организмдеги радионуклиддердин келип кошулуусунун эсебинен ички нурлануунун натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашпоосу тийиш. Бул шарттарда кош бойлуулугу айкындалбаган 2 айдын ичинде түйүлдүктүн эквиваленттүү нурлануусунун дозасы 1 мЗв ашпайт. Кош бойлуу жана бала эмизген мезгилде аял иондуу нурлануу булагына байланышпаган ишке которулат.
8. Иондуу нурлануу булактарын пайдалануу менен кесиптик окуудан өтүп жаткан студенттер жана окуучулар үчүн жылдык доза Б тобунун персоналы үчүн белгиленген маанилерден ашпоосу тийиш. Иондуу нурлануунун булактарын пайдалануу менен окууга 18 жашка чейинки адамдарга жол берилбейт.
9. Калктын I категориядагы радиациялык объекттер менен шартталган техногендик нурлануусун чектөө максаттарында радиациялык коопсуздукту камсыз кылууну контролдоо үчүн дозалык квоталар белгиленет. Аймактын калкына таасир этүүчү I категориядагы радиациялык объекттердин дозалык квоталарынын суммасы 1 мЗв/жылдан ашпоосу тийиш. Мында радиациялык объекттердин ар бири үчүн дозалык квота 0,3 мЗв/жылдан ашпоосу тийиш.
10. Калктын болуусуна чек коюлбаган жерлерде техногендик булактардан тышкы нурлануунун дозасынын жол берилген кубаттуулугу орточо алганда жыл ичинде 0,1 мЗв/с. ашпоосу тийиш.
11. Персоналдын өндүрүштүк иш чөйрөлөрүнөн тышкары адамдарды, буюмдарды, жайларды, транспорт каражаттарын жана үстүңкү бети бета-нурлантуучулар жана уулуулугу төмөн альфа-нурлантуучулар үчүн 0,4 Бк/кв.см ашуунду түзгөн жана калган альфа-нурлантуучулар үчүн 0,04 Бк/кв.см түзгөн башка объекттерди техногендик радионуклиддер менен радиоактивдүү булгоого жол берилбейт. Уулуулугу төмөн альфа-нурлантуучуларга табигый уран жана торий, байылтылбаган уран, урандын жана торийдин радионуклиддери (235U, 238U, 228Th, 230Th, 232Th) жана жарым бөлүнүү мезгили 10 күндөн аз болгон альфа-активдүү радионуклиддер.
12. Техногендик нурлануучу булактар менен калктын нурлануусу техногендик булактардын сакталышын камсыз кылуу, технологиялык процесстерди контролдоо жана радионуклиддерди курчап турган чөйрөгө ыргытууну (таштоону) чектөө жолу менен, ошондой эле долбоорлоо, эксплуатациялоо баскычтарындагы башка иш-чаралар жана техногендик булактарды пайдаланууну токтотуу менен чектелет.
13. Жыл ичиндеги 1 мЗв дозанын чегине жана мындай чектин квоталарына ылайык келген тамак-аш сиңирүү органдары аркылуу радионуклиддердин ЖКЧ маанилеринин негизинде алардын рациондун компоненттери жана ичүүчү суудагы бөлүштүрүүсүн эске алуу менен, ошондой эле радионуклиддин дем алуу органдары аркылуу кирүүсүн жана тышкы нурланууну эске алуу менен дайындоо шарттар үчүн негизги тамак-аш продуктуларынын жол берилген салыштырмалуу активдүүлүгү эсептелип чыгылышы мүмкүн. Калк үчүн дем алуу жана тамак-аш сиңирүү органдары аркылуу өтүүчү радионуклиддердин ЖКЧ мааниси, ошондой эле аларга ылайык жол берилген көлөмдүү активдүүлүктүн мааниси (мындан ары - КАМ) жана кийлигишүү деңгээлдери (мындан ары КД) 3-тиркемеде келтирилген.
14. Жеке дозаметрикалык контролдоо "А" категориясына киргизилген бардык адамдар үчүн жүргүзүлөт. Тышкы бета-, гамма-, рентгендик жана нейтрондук нурлануулардын дозасына контроль жүргүзүү жеке дозаметрлерди пайдалануу менен жүргүзүлүшү керек.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-6" title="6-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>