5-берене. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
Ченемдөө принциби - жарандардын нурлануунун бардык булактарынан нурлануусунун жеке дозаларына жол берилген чегинен ашпоо. Ченемдөө принциби иш аракеттери адамдардын табигый нурлануусунун радиациялык фонуна кошумча алып келиши мүмкүн болгон бардык уюмдар жана адамдар тарабынан сакталуусу тийиш. Негиздөө принциби - адам жана коом үчүн алынуучу пайда кошумча нурлануу келтирүүсү мүмкүн болгон зыяндын тобокелчилигинен ашпаган нурлануу булактарын пайдалануу боюнча иштердин бардык түрлөрүнө тыюу салуу. Негиздөө принциби жаңы радиациялык объекттерди долбоорлоодо, иондун нурлануу булактарын пайдаланууга ченемдик-техникалык документтерди бекитүүдө, ошондой эле аларды пайдалануунун шарттары өзгөргөндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуу баскычында колдонулушу керек. Альтернативдүү мүмкүнчүлүктөр болгондо жаратылыштын радиациялык жана радиациялык эмес факторлорунан пайдасы жана зыяны каралуусу тийиш. Оптималдаштыруу принциби - кандай гана болбосун иондуу нурлануу булагын пайдаланууда нурлануунун жеке дозаларынын экономикалык жана социалдык факторлорун жана нурлануучу адамдардын санын эске алуу менен, мүмкүн болушунча төмөнкү жана жетимдүү деңгээлде кармап туруу.
2. Радиациялык кырсыкта калкты радиациялык коргоонун негизги принциптери:
- болгон мүмкүнчүлүктөрдү эсепке алуу менен калктын максималдуу корголушун камсыз кылуу;
- радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча белгиленген иш-чаралар зыянга караганда көбүрөөк пайда алып келүүсү тийиш;
- радиациялык кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин түрү жана масштабы иондуу нурлануу дозасынын төмөндөшүнүн пайдасы көрсөтүлгөн иш менен келтирилген зыянды алып таштаганда максималдуу болгондой ыңгайда ишке ашырылышы керек;
- радиациялык кырсыктын шарттарында негиздөө принциби ион нурлануу булактарына жана нурлануу шарттарына кирбейт, ал коргоо иш-чараларына кирет. Пайданын чоңдугу катары ушул иш-чара менен болтурулбай калган дозаны жана дозага ылайык болтурулбаган болжолдонуу зыянды пайдалануу керек. Болжолдонуучу зыяндын ченеми катары ушул радиациялык кырсыктын нурлануусу менен шартталган, күтүлгөн толук кандуу жашоонун жоготулган жылдары пайдаланылат, мында 1 адам - Зв барабар жамааттык доза ушул адамдардын жыйымында толук кандуу жашоонун 1 адам - жылына жоготууга алып келет.
Иондуу нурлануусунун булактарынын үстүнөн болгон көзөмөлдү калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар кандай учурда гана болбосун жана милдеттүү түрдө жүргүзүлүүсү тийиш.
3. Радиациялык кырсыкта негиздөө жана оптималдаштыруу принциптери техникалык жөнгө салуу объектисине карата эмес, коргоо иш-чараларына карата колдонулушу керек.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-5" title="5-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>