2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 1-глава
Активдүүлүк (А) - убакыттын ушул учурунда ушул энергетикалык абалда турган радионуклиддин кандайдыр бир санынын радиоактивдүүлүгүнүн ченеми:
' A = dN / dt ,
мындан dN - мезгилдин кандайдыр бир аралыгында - dt, ушул энергетикалык абалдан өзүнөн-өзү келип чыгуучу ядролук өзгөрүүлөрдүн күтүлгөн саны. Беккерель (Бк) активдүүлүктүн бирдиги болуп саналат. Мурда колдонулган активдүүлүктүн системадан тышкары бирдиги - кюри (Ки) 3,7x10^(10) Бк түзөт. Радионуклиддин минималдуу маанидеги активдүүлүгү (ММА) - нурлануунун ачык булагындагы радионуклиддин активдүүлүгүнүн ушул Техникалык регламентте белгиленген мааниси, ал ушул булакты пайдаланууга уруксат алуунун зарылдыгын баалоодо колдонулат. Булактын салмактанган суммалык активдүүлүгү - булакта камтылган ар бир радионуклиддин активдүүлүгүнүн алардын минималдуу маанидеги активдүүлүктөрүнө карата катышынын суммасы. Радионуклиддин минималдуу маанидеги салыштырмалуу активдүүлүгү (ММСА) - нурлануунун ачык булагынын затындагы радионуклиддин салыштырмалуу активдүүлүгүнүн ушул Техникалык регламентте белгиленген мааниси, ал ушул булакты пайдаланууга уруксат алуунун зарылдыгын баалоодо колдонулат; салыштырмалуу активдүүлүктү өлчөө бирдиги - килограммга беккерель (Бк/кг). Булактын салмактанган суммалык салыштырмалуу активдүүлүгү - булакта камтылган ар бир радионуклиддин салыштырмалуу активдүүлүгүнүн алардын салыштырмалуу минималдуу маанидеги активдүүлүктөрүнө карата катышынын суммасы. Кризистик топ - бир же бир нече белгилери (жынысы, курагы, социалдык же кесиптик шарттары, жашаган жери, тамактануу рациону) боюнча бирдей, иондуу нурлануунун ушул булагынан кыйла радиациялык таасирге кабылган калктын адамдарынын тобу (10 адамдан кем эмес). Детерминацияланган эффект - дозанын босого деңгээли бар, андан ашып кетсе бул эффекттин таасиринин оорлугу дозанын көбөйүшү менен жогорулаган радиациялык эффект. Сиңирилген доза (D) - иондуу нурлануунун затка берилген энергиясынын чоңдугу:
de D = ──, dm
мында de - элементардык көлөмдөгү затка иондуу нурлануу тарабынан берилген орточо энергия, ал эми dm - бул көлөмдөгү заттын массасы. Энергия каалагандай аныкталган көлөм боюнча орточо алынышы мүмкүн, мындай учурда орточо доза көлөмгө берилген толук энергиянын ушул көлөмдүн массасына бөлүнүшүнө барабар болот. СИ бирдиктеринде сиңирилген доза килограммга бөлүнгөн джоул менен өлчөнөт (Дж х кг^(-1)) жана грей (Гр) деген атайын аталышка ээ. Мурда колдонулган системадан тышкары рад бирдиги 0,01 Гр өлчөмүнө барабар. Эквиваленттик доза (НT,R) - органда же тканда сиңирилген доза, ал нурлануунун ушул түрү үчүн өлчөнгөн тиешелүү коэффициентке, WR көбөйтүлөт:
НT,R = WR x DT,R,
мында DT,R - органдагы же ткандагы Т орточо сиңирилген доза, ал эми WR - нурлануу үчүн өлчөнгөн R коэффициент. Ар кандай өлчөнгөн коэффициенттери бар нурлануунун ар кандай түрлөрү таасир бергенде, эквиваленттик доза нурлануунун ушул түрлөрү үчүн эквиваленттүү дозалардын суммасы катары аныкталат НТ = НT,R Эквиваленттик дозанын бирдиги зиверт (Зв) болуп эсептелет. Натыйжалуу доза (Е) - адамдын бүткүл денесинин жана анын айрым органдарынын жана ткандарынын нурлануусунун натыйжасында алардын радиосезимдүүлүгүн эске алуу менен кийинки кесепеттеринин пайда болуу тобокелдигинин ченеми катары колдонулуучу чоңдук. Ал органдардагы жана ткандардагы эквиваленттик дозаны өлчөнгөн тиешелүү коэффициенттерге көбөйтүүнүн суммасы катары берилет: E = Wt х HT,
мында HT - органдагы же ткандагы Т эквиваленттик доза, ал эми WT орган же ткань Т үчүн өлчөнгөн коэффициент. Натыйжалуу дозанын бирдиги - зиверт (Зв). Алдын алуу дозасы - радиациялык кырсыктын кесепеттеринин божомолдонгон дозасы, аны коргоо чаралары аркылуу болтурбай коюуга болот. Жылдык жеке доза - дозасы ошол жылы организмге радионуклиддердин кирүүсү менен шартталган календардык жыл ичинде алынган тышкы нурлануу дозасынын жана ички нурлануунун өмүр бою күтүлгөн дозасынын суммасы. Радиоактивдүү булгануу - материалдын үстүндө, ичинде, абада, адамдын денесинде же башка жерлерде ушул Техникалык регламентте белгиленген деңгээлден ашкан санда радиоактивдүү заттардын болушу. Радиациялык кырсык зонасы - радиациялык кырсык фактысы белгиленген аймак. Радиоактивдүү булгануу зонасы - радиациялык кырсыктын же мурда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында курчап турган чөйрөгө түшкөн, жашоочулардын кризистик топтору үчүн техногендик радионуклиддер менен шартталган орточо жылдык натыйжалуу дозасы 1 мЗв ашкан калктуу конуштар жана алардын ареалдары. Генерациялаган булак - ион нурлануусу заряддалган бөлүкчөлөрүнүн, аннигиляциянын ылдамдыгынын өзгөртүүсүнүн эсебинен генерацияланган радиоактивдүү заттарды камтыбаган иондуу нурлануунун булагы. Иондуу нурлануунун булагы - иондуу нурлануу чыгаруучу же чыгарууга жөндөмдүү, ушул Техникалык регламенттин колдонулушу жайылтылган зат же түзүлүшү. Табигый булак - космостук нурлануу булактары, ошондой эле курчап турган чөйрө объекттериндеги, тамак-аш азыктарындагы жана адамдын денесиндеги табигый радионуклиддер кирген иондуу нурлануунун табигый булагы. Радионуклиддик булак - суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү жана суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү бирдиктен чоң болгон техногендик радионуклиддерди камтыган иондуу нурлануунун булагы. Радионуклиддик жабык булак - ал эсептелген шарттарда эксплуатациялоодо жана эскиргенде түзүлүшү анда камтылган техногендик нуклиддердин курчап турган чөйрөгө келип түшүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган радионуклиддик булак. Радионуклиддик ачык булак - нормалдуу эксплуатациялоодо анда камтылган техногендик радионуклиддер курчап турган чөйрөгө келип түшүүсү мүмкүн болгон радионуклиддик булак. Техногендик булак - аны пайдалуу колдонуу үчүн атайын түзүлгөн же ушундай иштин калдык продукту болуп эсептелген иондуу нурлануунун булагы. Радиациялык объекттин категориясы - мүмкүн болуучу кырсыктын шарттарында калк жана персонал үчүн потенциалдуу коркунучтуулук деңгээли боюнча объекттин мүнөздөмөсү. Дозалык квота - дайындуу радиациялык объектти нормалдуу эксплуатациялоонун эсебинен калктын нурлануусун чектөө үчүн белгиленген дозанын чектик бөлүгү. Контролдонуучу зона - төмөнкү максаттар үчүн коргоонун жана коопсуздуктун атайын чаралары талап кылынуучу же талап кылынышы мүмкүн болуучу кандай гана болбосун зона: нормалдуу нурлануу же нормалдуу жумушчу шарттарда булганычтын жайылышын болтурбоону контролдоо; потенциалдуу нурлануу деңгээлине бөгөт коюу же чектөө. Калк - иондуу нурлануу булагы менен иштөөдөн тышкаркы персоналды кошуп алганда, бардык адамдар кирген нурлануучу адамдардын категориясы. Нормалдуу эксплуатациянын бузулушу - белгиленген эксплуатациялык чектерден жана шарттардан четтөө болгон техногендик булактын ишиндеги бузулуу. Мында коопсуз эксплуатациялоо чектерин кошуп алганда, долбоор менен белгиленген башка чектерде жана шарттарда бузулушу мүмкүн. Дозанын кубаттуулугу - убакыт бирдигиндеги нурлануу дозасы (секунда, мүнөт, саат). Нурлануу - адамга иондуу нурлануунун таасири. Кырсыктык нурлануу - радиациялык кырсыктын натыйжасында нурлануу. Медициналык нурлануу - медициналык текшерүүнүн же дарылоонун натыйжасында бейтаптердин нурлануусу. Пландаштырылган жогорку нурлануу - радиациялык кырсыктын же анын кесепеттерин алдын алуу максатында дозалардын негизги белгиленген чектеринен ашкан дозаларда А тобунун персоналдарынын айрым адамдарын регламенттелген зарылчылык менен акталган пландаштырылган нурлануусу. Жаратылыштык нурлануу - иондуу нурлануунун жаратылыш булактарынан нурлануу. Өндүрүштүк нурлануу - өндүрүштүк иш процессинде техногендик жана жаратылыштык иондуу нурлануу булактарынан жумушчулардын нурлануусу. Техногендик нурлануу - бейтаптардын медициналык нурлануусун кошпогондо, нормалдуу жана ошондой эле кырсыктык шарттарда техногендик булактардан нурлануу. Радиациялык объект - техногендик булактар менен иш жүргүзгөн уюм же анын түзүмдүк бөлүмү. Радиоактивдүү калдыктар - радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгү ушул Техникалык регламентте белгиленген деңгээлден ашкан андан ары пайдалануу үчүн арналбаган кандай гана болбосун агрегаттык абалдагы буюм же заттар. Радиациялык-гигиеналык уюмдун паспорту - уюмдагы радиациялык коопсуздуктун абалын мүнөздөөчү, белгиленген үлгүдөгү документ. Персонал (жумушчулар) - нурлануунун техногендик булактары менен иштеген (А тобу), же иш шарттары боюнча анын аймагында же анын санитардык-коргоо зонасында жумуш кылган (Б тобу) нурлануучу адамдардын категориясы. Практикалык иш - жүзөгө ашырууда нурлануунун кошумча булактары жаралуучу же нурлануунун кошумча жолдору түзүлүүчү, болбосо нурланууга дуушар болгон адамдардын саны көбөйүүчү, же болбосо нурлануунун өзү, же адамдардын нурланууга дуушар болуусу же нурланган адамдардын саны көбөйүүчү нурлануу булактарынан нурлануу жолунун түзүмү өзгөрүүчү адамдын кандай гана болбосун иши. Жылдык нурлануунун чеги (мындан ары - ЖНЧ) - жылдык дозанын тиешелүү чегине барабар болгон күтүлүүчү доза менен шарттуу адамдын нурлануусуна алып келүүчү монофактордук таасирдин алдында бир жыл ичинде организмге радионуклиддик нурлануунун жол берилүүчү деңгээли. Дозалык чек (ДЧ) - радиациялык объекттерди нормалдуу эксплуатациялоо шарттарында ашууга тийиш эмес болгон техногендик нурлануунун натыйжалуу же эквиваленттүү дозасынын чоңдугу; дозалардын чегин сактоо детерминациялоо эффектинин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн болтурбайт, ал эми стохостикалык эффектинин мүмкүнчүлүгү алгылыктуу деңгээлде сакталат. Сапатты камсыздоо программасы - техногендик булактын коопсуздугуна таасир этүүчү сапатты камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык иш чаралардын жыйындысын белгилөөчү документ (документтердин комплекти). Сактоо пункттары - радиоактивдүү заттарды сактоо, радиоактивдүү калдыктарды сактоо же көмүү үчүн арналган стационардык объекттер жана курулмалар. Калктын радиациялык коопсуздугу - адамдардын азыркы жана келечектеги муундарынын алардын ден соолугу үчүн зыяндуу иондоштуруучу нурлануунун таасиринен корголгондугунун абалы. Техногендик булактын радиациялык коопсуздугу - кырсыкты кошуп алганда, нормалдуу эксплуатациялоодо жана нормалдуу эксплуатациялоону бузууда техногендик булактын касиети, белгиленген чектер менен персоналга, калкка жана курчап турган чөйрөгө радиациялык таасир этүүнү чектөө. Радиоактивдүү заттар - суммалык салыштырмалуу активдүүлүгү бирден жогору болгон техногендик радионуклиддерди камтылган кандай гана болбосун агрегаттык абалдагы заттар. Радиоактивдүү булак - үзгүлтүксүз көзөмөлдөн бошотулбаган, биротоло бекем жабылган капсулдагы же бекем бекитилген жана катуу абалда турган радиоактивдүү материал. Ал ошондой эле агуу пайда болгонунун же анын бүтүндүгү бузулганынын натыйжасында радиоактивдүү булактан бошонгон кандай гана болбосун радиоактивдүү материалды билдирет, бирок көмүү үчүн капсулданган же изилдөө жана энергетикалык реакторлордун ядролук отун циклдеринин алкагындагы материалды билдирбейт. Жаратылыш радионуклиддери - адамдын ишине көз карандысыз жаратылышта болуучу радионуклиддер. Техногендик радионуклиддер - адамдын ишинин натыйжасында пайда болгон радионуклиддер. Радиациялык кырсык - жабдуунун бузулганынан, жумушчулардын (персоналдын) туура эмес аракеттеринен, табигый кырсыктардан же башка себептерден улам адамдардын белгиленген нормадан ашыкча нурлануусуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген же курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышына алып келүүчү иондуу нурлануунун булагын башкарууну жоготуу. Радиациялык контроль - негизги дозалык белгиленген чектерден жана контролдук деңгээлдерден ашырбоону кошуп алганда, радиациялык коопсуздуктун принциптерин жана ченемдердин талаптарын сактоо даражасын аныктоо үчүн аткарылуучу радиациялык ченөөлөр (сыноолор). Жекече коргонуу каражаттары - радиоактивдүү заттардын таасиринен жана/же ион нурлануусунан сактануу үчүн адам кийүүчү жекече колдонулуучу каражат. Стохастикалык натыйжа - пайда болушу дозага пропорциялуу, ал эми оорчулугу - дозадан көз карандысыз, эреже катары дозанын босоголук деңгээли болбогон радиациялык натыйжа. Радиациялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенциясына радиациялык коопсуздук жаатындагы белгилүү функцияларды жүзөгө ашыруучу орган. Кийлигишүү деңгээли - ашуусу кандайдыр бир белгилүү коргоо иш-чараларын жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө маселелерди кароо үчүн негиз болуп эсептелген радиациялык фактордун деңгээли. Табигый радиациялык фон - курчап турган чөйрөдөгү космостук нурлануу жана табигый нуклиддердин нурлануусу менен түзүлүүчү нурлануу дозасынын кубаттуулугу. Эксплуатациялоочу уюм - өз күчү же башка уюмдарды тартуу менен ион нурлануу булактарын сактоо пункттарын жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды иштетүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга багытталган уюм. Урунуу циклинин этаптары - аянт тандоо, жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, техногендик булакты ишке киргизүү, эксплуатациялоо, эксплуатациялоодон чыгаруу.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-2" title="2-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>