1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонулуу чөйрөсү
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 1-глава
1. "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент (мындан ары - Техникалык регламент) адамдардын өмүрүн, ден соолугун жана курчап турган чөйрөнү иондуу нурлануунун зыяндуу таасирлеринен коргоо максаттарында колдонулат жана иондуу нурлануунун булактарын негиздүү, пайдалуу жана коопсуз пайдалануу үчүн шарттарды түзүү максатында радиациялык коопсуздукту камсыз кылууга карата талаптарды белгилейт.
Калктын нурлануусун чектөөгө карата ушул Техникалык регламентте коюлган талаптар нурлануунун төмөнкү төрт негизги түрүнүн ар бири үчүн колдонулат: табигый нурланууда, диагностикада жана дарылоодо персоналдын жана бейтаптардын медициналык нурлануусунда, техногендик булактарды нормалдуу пайдалануунун эсебинен техногендик нурланууда, радиациялык кырсыктардын натыйжасында нурланууда.
2. Ушул Техникалык регламенттин колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу радиациялык объекттерди долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодон чыгарууда, радиоактивдүү заттарды жана ион нурлануусунун башка булактарын казып алууда, өндүрүүдө, сактоодо, эксплуатациялоодо, ташууда, кайра иштетүүдө, калдыктарды көмүүдө, иштөөсү иондуу нурланууну колдонууга негизделген приборлорду, орнотмолорду жана аппараттарды жана иондук нурланууну генерациялаган түзүлмөлөрдү монтаждоо, оңдоо жана иштетүү процесстерине жайылтылат.
3. Ушул Техникалык регламент адамды иондук нурланууга алып келген же ушундай нурлануунун мүмкүндүгүн жараткан бардык процесстерде колдонулат.
4. Ушул Техникалык регламенттин талаптары пайдалануунун бардык шарттарында 10 мкЗв өлчөмүнөн көп эмес жеке жылдык натыйжалуу дозаны жараткан жана териде 50 мЗв өлчөмүнөн көп эмес, ал эми көздүн карегинде 15 мЗв өлчөмүнөн көп эмес жеке жылдык эквиваленттик дозаны жараткан иондуу нурлануу булактарына жайылтылбайт.
5. Радиациялык контролдон төмөнкүлөр бошотулат:
1) ушул берененин 4-бөлүгүндөгү шарттар аткарылган продукциялардын бардык түрлөрү;
2) максималдык энергиясы 5 кэВ өлчөмүнөн көп эмес иондуу нурланууну генерациялаган электро-физикалык түзүлүштөр;
3) аларды пайдалануунун жол берилген каалагандай режиминде үстүңкү бетинен 0,1 м аралыктагы каалагандай чекитте сиңирилген дозанын кубаттуулугу фонго салыштырганда 1,0 мкЗв/саат өлчөмүнөн ашпаган иондуу нурлануу генерациялаган электро-физикалык башка түзүлүштөр;
4) техногендик радионуклиддердин суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү бирдиктен ашпаган материалдар (буюмдар);
5) аларда техногендик радионуклиддердин суммаланган салыштырмалуу активдүүлүгү бирдиктен ашпаган нурлануунун радионуклиддик булактары;
6) радиациялык көзөмөлдөө аппараттарын калибровкалоого жана градуировкалоого арналган техногендик радионуклиддердин салмактанган суммалык активдүүлүгү 10дон ашпаган контролдук жана эталондук жабык радионуклиддик булактар;
7) пайдалануунун жол берилген каалагандай шарттарында булактын же аны камтыган буюмдун үстүңкү бетинен 0,1 м аралыктагы каалагандай чекитте абада сиңирилген дозанын кубаттуулугу фонго салыштырганда 1,0 мкЗв/саат өлчөмүнөн ашпаган, радионуклиддик булактагы техногендик радионуклиддердин суммаланган өлчөлүү активдүүлүгү 100дөн ашпаган жана анын ичиндеги радиоактивдүү заттардын ишенимдүү герметикалык бекемдиги камсыз кылынган жабык радионуклиддик булактар.
6. Ушул Техникалык регламентте аныкталган радиациялык коопсуздук боюнча талаптар радиациялык объекттерди долбоорлоону, эксплуатациялоодон чыгарууну, радиоактивдүү заттарды жана иондуу нурлануунун башка булактарын казып алууну, өндүрүүнү, сактоону, пайдаланууну, ташууну, кайра иштетүүнү, калдыктарды көмүүнү, иондуу нурланууну колдонууга негизделген приборлорду, орнотмолорду жана аппараттарды жана иондук нурланууну генерациялаган түзүлмөлөрдү монтаждоо, оңдоо жана иштетүү процесстерин жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-1" title="1-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>