3-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 1-глава
1. Радиациялык объекттер жана техногендик булактар:
- радиациялык булактар:
- радиоактивдүү заттарды сактоо пункттары, радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайлар.
2. Техногендик булактарда иштетүү аткарылуучу материалдар, заттар, калдыктар:
- радиоактивдүү заттар;
- радиоактивдүү калдыктар.
3. Табигый жана техногендик радионуклиддерди камтыган материалдар, заттар, курулуш объекттери, тамак-аш азыктары, жалпы өнөр жай багытындагы буюмдар үчүн чийки заттар, жалпы өнөр жайлык калдыктар:
- тамак-аш азыктары жана айыл чарба продукциялары;
- ичүүчү суу жана анын негизиндеги тамак-аш азыктары;
- курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар, ошондой эле аларды чыгаруу үчүн колдонулуучу өндүрүштүк калдыктар жана чийки заттар;
- турак-жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттар;
- курулуш үчүн берилүүчү жер участоктору;
- ашыкча табигый радионуклиддерди камтыган материалдар, чийки заттар жана буюмдар;
- жер семирткичтер жана мелиоранттар;
- жаратылыш радионуклиддери жогору болгон жалпы өнөр жайлык калдыктар.
4. Өткөн радиациялык кырсыктардын же учурдагы иштин натыйжасында техногендик радионуклиддер менен булганган аймактарда жашоо жана жумуштарды жүргүзүү.
5. Радиациялык булактарды пайдалануу менен диагностика жана дарылоо үчүн арналган медициналык техника буюмдары.
6. Иштин түрлөрү:
- техногендик булактарды, анын ичинде медициналык багыттагыларды долбоорлоо, конструкциялоо, даярдоо, жайгаштыруу, куруу, эксплуатациялоо, эксплуатациялоодон чыгаруу жана утилдештирүү;
- радиоактивдүү заттарды, анын ичинде ушул материалдарды жана заттарды камтыган пайдалуу кендерди чалгындоодо жана казып алууда, радиоактивдүү заттарды өндүрүүдө, пайдаланууда, кайра иштетүүдө, ташууда жана сактоодо уруна билүү;
- аларды жыйноодо, сактоодо, кайра иштетүүдө, ташууда жана көмүүдө радиоактивдүү калдыктарды уруна билүү;
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүдө, медициналык максаттарда диагностикалоодо жана дарылоодо, өнөр жайында радиоактивдүү заттарды жана радиациялык булактарды пайдалануу;
- радиациялык булактарды, сактоо пункттарын, радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү калдыктарды физикалык коргоо;
- радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү калдыктарды эсепке алуу жана контролдоо;
- техногендик булактардын радиациялык кырсыктарынын кесепеттерин жоюу;
- мурунку радиациялык кырсыктардын жана учурдагы иштердин натыйжасында радиоактивдүү булганууга дуушар болгон аймактарды реабилитациялоо;
- жаратылыш радионуклиддери жогору болгон материалдарды, буюмдарды жана өнөр жай калдыктарын уруна билүү;
- техногендик булактардын элементтеринин техникалык абалына изилдөө жүргүзүү;
- техногендик булактарды жайгаштырууда, эксплуатациялоодо, консервациялоодо жана утилдештирүүдө, ошондой эле радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү калдыктарды урунуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууда персоналдын жана калктын радиациялык коопсуздугунун абалын баалоо боюнча иликтөөлөрдү (изилдөөлөрдү) жүргүзүү;
- техногендик булактуу радиациялык объекттердин, анын ичинде медициналык багыттагы персоналдардын нурлануусунун жеке дозасынын көрсөтмөсүн контролдоо жана эсепке алуу;
- диагностика жана дарылоо үчүн радиациялык булактарды медициналык пайдаланууда персоналдардын жана бейтаптардын радиациялык коопсуздугунун абалын баалоо боюнча иликтөөлөрдү (изилдөөлөрдү) жүргүзүү;
- жаратылыш булактары менен ашыкча нурланууга кабылган персоналдын жана калктын радиациялык коопсуздугунун абалын баалоо боюнча иликтөөлөрдү (изилдөөлөрдү) жүргүзүү;
- мурунку радиациялык кырсыктардын же учурдагы иштердин натыйжасында радиоактивдүү булганууга кабылган аймактарда жашаган калктын радиациялык коопсуздугунун абалын баалоо боюнча иликтөөлөрдү (изилдөөлөрдү) жүргүзүү;
- мурунку радиациялык кырсыктардын же учурдагы иштердин натыйжасында радиоактивдүү булганууга кабылган калкты жана аймактарды реабилитациялоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- табигый жана медициналык булактардан нурлануунун дозасын контролдоо жана эсепке алуу;
- мурунку радиациялык кырсыктардын же учурдагы иштердин натыйжасында радиоактивдүү булганууга кабылган аймактардын калкынын нурлануу дозасын контролдоо жана эсепке алуу.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-3" title="3-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>