15-берене. Иондуу нурлануу булактарын урунууда сапатты камсыз
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 4-глава
кылуу
1. Техногендик булактардын иштөө циклинин бардык этаптарында коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптерин жана критерийлерин ишке ашырууга багытталган сапатты башкаруу боюнча иштер пландаштырылышы, системалуу жүзөгө ашырылышы, талдоого алынышы жана баа берилиши керек.
2. Сапатты башкаруу боюнча иштер белгиленгендей жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуусу, ал эми алардын натыйжалары техногендик булактын иштөөсүнүн бардык этаптарынын, циклинин аны жайгаштырууну, долбоорлоону, курууну, эксплуатациялоого берүүнү, эксплуатациялоону, эксплуатациядоодон чыгарууну, ошондой эле ал үчүн радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү калдыктарды урунууда коопсуздук үчүн маанилүү системаларды (элементтерди) жана жабдууларды конструкциялоону жана жасоону кошо алганда, техногендик булактын иштөөсүнүн бардык этаптарындагы ага карата коюлган талаптарды канааттандыруусу тийиш. Бул иштин натыйжасында жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө табылган жаңылыштыктар оңдолууга жана мындан ары жаңылыштыктарды кайталоону жокко чыгаруу боюнча иш-чаралар кабыл алынууга тийиш.
3. Техногендик булактарды урунууда сапаттуу башкаруу боюнча иштер сертификаты бар болсо, эксплуатациялоочу уюм үчүн жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүлөрдү аткаруучу эксплуатациялоочу уюмдун жана уюмдардын сапат системасынын алкактарында жүзөгө ашырылууга тийиш.
4. Техногендик булактардын иштөө циклинин бардык баскычтарында сапатты башкаруу боюнча иштер сапатты камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралардын жыйындысын белгилөө сапатты камсыз кылуу программалары менен регламенттелүүгө тийиш.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-15" title="15-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>