Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Радиоактивдүү калдыктардын классификациясы
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 2-глава
1. Радиоактивдүү калдыктарды (РАК) урунуу тутуму аларды чогултууну, сорттоону, таңгактоону, убактылуу сактоону, кондициялаштырууну (топтоону, кургатууну, пресстөөнү, өрттөөнү ж.б.), ташууну, узакка сактоону жана (же) көмүүнү камтыйт.
2. РАК агрегаттык абалы боюнча суюк, катуу жана газ түрүндөгүлөргө бөлүнөт.
3. Суюк РАКга техногендик радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгү суу үчүн 1-тиркемеде келтирилген кийлигишүү деңгээлдеринин (КД) маанисинен 10 эседен ашуунду түзгөн суюктуктар органикалык жана органикалык эмес заттардын эриндилери, аралашмалары ж.б. кирет.
4. Катуу РАКга техногендик радионуклиддердин салыштырмалуу активдүүлүгүнүн ченелген суммасы 1ден ашпаган өзү ресурсун иштеп бүтүргөн радионуклиддик булактар, материалдар, буюмдар, жабдуулар, биологиялык объекттер, тышкы чөйрөнүн булганган объекттери, катып калган суюк калдыктар кирет.
5. Газ түрүндөгү радиоактивдүү калдыктарга өндүрүштүк процесстерде түзүлгөн радиоактивдүү газдар жана мааниси 1-тиркемеде келтирилген жол берилген көлөмдүү активдүүлүктөн (ЖКА) ашкан көлөмдүү активдүүлүктөгү аэрозолдор кирет.
6. Суюк жана катуу РАК салыштырмалуу активдүүлүгү боюнча 2-таблицада келтирилген үч категорияга бөлүнөт. Радионуклиддердин келтирилген мүнөздөмөлөр боюнча калдыктары ар түрдүү категорияларга кирген учурда, алар үчүн калдыктардын категорияларынын кыйла жогорку мааниси белгиленет.
2-таблица
Суюк жана катуу радиактивдүү калдыктардын классификациясы
| Калдыктардын категориясы ├────────────────┬────────────────┬───────────────┤ | Салыштырмалуу активдүүлүк, кБк/кг бета-нурлануучу радионуклиддер | альфа-нурлануучу радионуклиддер | трансурандык радионуклиддер |
|---|---|---|---|
| Төмөнкү активдүүлөр | 10^(3) аз | 10^(2) аз | 10^(1)ден аз |
| Орточо активдүүлөр | 10^(3)дон 10^(7) чейин | 10^(2)дон 10^(6) чейин | 10^(1)ден 10^(5)ке чейин |
| Жогору активдүүлөр | 10^(7) жогору | 10^(6) жогору | 10^(5)тен жогору |
7. РАК урунуу менен алектенген адамдардын нурлануусу персонал үчүн белгиленген дозалык чектерден ашпоосу керек. РАКнын бардык түрлөрүн урунууда калктын нурлануусу 0,1 мЗв/жылдан ашпоосу керек. РАКны көмүүнүн эсебинен калктын кризистик тобунун нурлануусу 0,01 мЗв/жылдан ашпоосу керек.
8. Республиканын аймагында радиоактивдүү калдыктарды мамлекеттик эсепке алуу өзгөчө кырдаалдар жаатындагы Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан радиактивдүү калдыктар, аларды сактоонун жана/же көмүүнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды ыкчам алуу жана курчап турган чөйрөдө радиоактивдүү калдыктардын контролсуз топтолушун болтурбоо максаттарында бирдиктүү тариз боюнча жүргүзүлөт.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-12" title="12-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>