1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьяда:
2-бөлүк "наркына" деген сөздөн кийин ", ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес".
2. 23-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-глава Монополияга каршы мыйзамдарга, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жарнак, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартиптери жөнүндө мыйзамдарга шек келтирген администрациялык укук бузуулар".
3. 311-312-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"311-статья. Товар рыногундагы үстөмдүк абалдан кыянат пайдалануу
Чарбачылык субъекттин товар рыногунда үстөмдүк абалды пайдалануусу жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамы боюнча үстөмдүк абалды кыянат пайдалануу жана жол берилгис деп эсептелүүчү иш-аракеттери, эгерде мындай иш-аракетте кылмыштык жазык жок болсо, - кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - укук бузуучунун укук бузуу жасалган рынокто товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчасынын суммасынан бирден он бешке чейинки пайыздык өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, бирок товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчанын бүткүл суммасынын элүүдөн бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. Эскертүү. Ушул главаны колдонуу максаты үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акча деп, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аныкталуучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан алынган акча түшүнүлөт.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203398/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>