Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
312-статья. Атаандаштыкты чектеген макулдашуу түзүү же
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
атаандаштыкты чектөөчү макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу
Чарбачылык субъекттин атаандаштыкты чектеген жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамы боюнча жол берилгис макулдашууларды түзүшү же макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруусу - кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - укук бузуучунун укук бузуу жасалган рынокто товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынын өлчөмүнөн бирден он бешке чейинки пайыз өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
4. 313-статьянын экинчи абзацында "ондон он беш" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 314-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"314-статья. Кара ниет атаандаштык
Чарбачылык субъекттердин ишкердик жүргүзүүдө артыкчылык алууга багытталган, мыйзамдын жоболоруна, ишкердик жүргүзүүнүн салттарына, тартиптүүлүктүн, чектен ашпоочулуктун жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, башка чарбачылык субъекттерди - атаандаштарын чыгымга дуушарлантышы мүмкүн болгон же дуушарланткан бардык иш-аракеттер, ушул Кодекстин 315-1-статьясында каралгандан башкалары, - кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүз, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 315-1-статья менен толукталсын:
"315-1-статья. Жарнама жөнүндө мыйзамды бузуу
"Жарнама берүүчүнүн, жарнама чыгаруучунун же жарнама таратуучунун жарнама жөнүндө мыйзамда каралган ченемдерди бузушу, - жеке адамдарга - ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн бир миңге чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 318-статьянын экинчи абзацында "бештен он" жана "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" жана "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 319-статьянын экинчи абзацында "үчтөн беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 320-статьянын экинчи абзацында "үчтөн беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 321-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"321-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органга маалыматты бербөө же убагынан кечиктирип берүү, маалыматты толук эмес көлөмдө берүү же маалыматты бербөө
Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органына мыйзамда берилүүсү каралган маалыматты бербөө же убагынан кечиктирип берүү, ошого тете монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органына толук эмес же негизделбеген маалыматты берүү - жарандарга - үчтөн бешке чейин, кызмат адамдарына - бештен онго чейин, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
11. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 321-1-статья менен толукталсын:
"321-1-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) бербөө
Монополияга каршы мамлекеттик органга, анын аймактык органдарына өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) бербөө, эгерде мындай өтүнүч каттарды (арыздарды), билдирүүлөрдү берүү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык милдеттүү болсо; атайылап туура эмес маалыматтарды камтыган өтүнүч каттарды (арыздарды), билдирүүлөрдү берүү, ошого тете өтүнүч каттарды, билдирүүлөрдү (арыздарды) берүүнүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында белгиленген тартибин жана берүү мөөнөттөрүн бузуу - жарандарга - бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн бир миңге чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
12. 322-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"322-статья. Бааларды (тарифтерди) макулдашуунун тартибин бузуу
Бааларды (тарифтерди) коюунун жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен материалдарды макулдашууга бербей коюу (өз убагында бербөө), ошондой эле атайылап жалган (туура эмес) же толук эмес маалыматтарды (информацияны) берүү - кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
13. 323-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"323-статья. Монополияга каршы мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүн аткаруудан качуу
Монополияга каршы мамлекеттик органдын монополияга каршы мыйзамдын, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын бузулушун жоюу жөнүндө көрсөтмөлөрүн аткаруудан же өз убагында аткаруудан качуу - кызмат адамдары эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга тартылат.".
14. 324-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацында "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "- жыйырмадан элүү, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацында "жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "кызмат адамдарына элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 325-статьянын экинчи абзацында "бештен жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 534-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "534-статья. Монополияга каршы мыйзамды, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзамдардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу орган"; 1-бөлүк "317-1" деген сандардан кийин "321-1," деген сандар менен толукталсын; 2-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык органдарынын жетекчилери, алардын орун басарлары.".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203398/st-312" title="312-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>