64-берене. Эвакуация жолдоруна, эвакуациялык жана авариялык эшиктерге карата өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттар менен курулмалардын звакуация жолдору жана эшиктери адамдарды имараттан коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга тийиш.
Эвакуациялык жолдорду жана эшиктерди эсептөө аларда колдонулган өрт өчүрүү каражаттарын эсепке албастан эле жүргүзүлөт.
2. Адамдар, балдар жана калктын мүмкүнчүлүгү чектелген топтору массалык түрдө болуучу жайлардын жайгашуусу, эвакуация жолдорунун конструкциялык элементтеринде өрт коркунучу бар курулуш материалдарын колдонуу ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.
3. Имараттар менен курулмалардын төмөнкүдөй жактарга алып баруучу эшиктери эвакуация эшиктерине кирет:
1) биринчи кабаттагы жайлардан сыртка төмөнкүдөй чыгуучу:
- түздөн-түз;
- коридор аркылуу;
- вестибюль (фойе) аркылуу;
- тепкнч клеткасы аркылуу;
- коридор жана вестибюль (фойе) аркылуу;
- коридор жана тепкич клеткасы аркылуу;
2) 1-кабаттан башка ар кандай кабаттын жайларынан:
- түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке;
- түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу коридорго;
- түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу эшиги бар холлго (фойеге);
- 3-типтеги тепкичке алып баруучу пайдалануудагы үй үстүнө же үй үстүнүн атайы жабдылган бөлүгүнө;
3) ошол эле кабаттагы ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн эшиктер менен камсыз болгон коңшу жайларга ("А", жана "Б" категорияларынын "Ф 5" классындагы жайларды кошпогондо) чыгуучу. Туруктуу жумушчу орду жок техникалык жайлардан "А" жана "Б" категорияларындагы жайларга чыгуу, эгер техникалык жайларда бул өрт коркунучу бар жайларды тейлөө үчүн жабдуулар жайгашкан болсо, эвакуациялык деп аталат.
Жертөлөдөгү жана жер астындагы кабаттардын эвакуация эшиктери ушул Техникалык регламент менен белгиленген учурларды кошпогондо, түздөн-түз сыртка алып баруучу жана башка имараттын, курулманын жалпы тепкич клеткаларынан обочолонгон болуп каралуусу керек. Ошондой эле төмөнкүлөр эвакуация эшиктери болуп саналат:
- жертөлөдөн жалпы тепкич клеткалары аркылуу обочолонгон жана тепкич клеткасынын башка бөлүктөрүнөн жертөлөнүн полунан 1 жана 2-кабаттардын тепкич марштарынын аралык аянтчасына чейин жайгашкан 1-типтеги өрткө каршы туюк тоскуч менен бөлүнгөн тамбурга чыгуучу эшиктер;
- "В4", "Г" жана "Д" категорияларындагы жайлары бар жертөлөдөгү жана жер астындагы кабаттардан "В4", "Г", "Д" категорияларындагы жайларга жана "Ф 5" классындагы имараттардын 1-кабатында жайгашкан вестибюлга чыгуучу эшиктер;
- "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" класстарындагы имараттардын жертөлөдөгү жана жер астындагы кабаттарында жайгашкан фойеден, кийим илүүчү жайдан, тамеки тартуу үчүн жана санитариялык түйүндөрдөн 2-типтеги өзүнчө тепкичтер боюнча 1-кабатка чыгуучу эшиктер;
- өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерде белгиленген чектөөлөр аткарылган шарттарда жайлардан түздөн-түз 2-типтеги тепкичке, ушундай тепкичке алып баруучу коридорго, холлго (фойеге, вестибюлга) алып баруучу эшиктер;
- темир жол жана автомобиль транспорттору үчүн дарбазалардагы эки тараптуу калиткалар.
4. Имараттар менен курулмалардагы төмөнкүдөй жактарга алып баруучу эшиктер авариялык эшиктерге кирет:
- балкондун (лоджиянын) туура жак четинен айнектелген терезеге (айнектелген эшикке) чейин 1,2 метрден кем эмес же балконго (лоджияга) чыгуучу айнектелген терезенин ортосу 1,6 метрден кем эмес туюк дубалчалуу балконго же лоджияга;
- "Ф 1.3" классындагы имараттын чектеш секциясына же чектеш өрт отсегине алып баруучу туурасы 0,6 метрден кем эмес өткөөлгө;
- балкондорду же лоджияларды кабат боюнча байланыштыруучу, сырткы тепкич менен жабдылган балконго же лоджияга;
- полдон -4,5 метрден кем эмес жана +5,0 метрден ашык эмес бийиктен өлчөмү 0,75 х 1,5 м терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6 х 0,8 м люк аркылуу жайдан түздөн-түз сыртка. Бул учурда эшик чуңкурчага чыккан тепкич менен, люк аркылуу чыкса, жайдагы тепкич менен жабдылууга тийиш. Бул тепкичтердин жантаюусу нормага салынбайт;
- өлчөмү 0,75 х 1,5 м терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6 х 0,8 м люк аркылуу тик же жантайган тепкич менен "С0" жана "С1" класстарындагы отко туруктуулугу I, II жана III даражадагы имараттардын чатырына.
5. Эвакуация эшиктеринин оюктарында жылдырылма, көтөрүп-түшүрмө, айланма эшиктерди жана турникеттерди орнотууга тыюу салынат.
6. Кабаттардагы жана имараттардагы жайлардан чыгуучу эвакуация эшиктеринин саны жана кеңдиги алар аркылуу эвакуациялануучу адамдардын мүмкүн болгон эң көп санына жана адамдардын болушу мүмкүн болгон эң четтеги жерден (жумуш ордунан) жакынкы звакуациялык эшикке чейинки жол берилген чектик аралыкка жараша аныкталат.
Имараттын өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнгөн ар кандай функциялык өрт коркунучу бар бөлүктөрү өз алдынча эвакуация эшиктери менен камсыз болууга тийиш.
7. Кабаттан чыгуучу эвакуация эшиктери функциялык өрт коркунучу бар төмөнкүдөй класстардагы имараттарда экиден кем эмес болууга тийиш:
1) "Ф 1.1"; "Ф 1.2"; "Ф 2.1"; "Ф 2.2"; "Ф 3"; "Ф 4";
2) "Ф 1.3" - имараттын кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имарат үчүн секциялар) жалпы аянты 500 кв.м көп болгондо;
3) "А" жана "Б" категорияларындагы "Ф 5" - иштегендердин саны эң көп сменада 5 адамдан көп, "В" категориясында - 25 адам;
4) эгерде кабатта экиден кем эмес эвакуация эшиги болууга тийиш жайлар бар болсо, ар кандай класстардагы функциялык өрт коркунучу бар имараттарда;
5) жертөлөдөгү төмөнкү жана жер астындагы кабаттардан турган, кабаттын жалпы аянты 300 кв.м көп, ошондой эле эгерде аларда бир мезгилде 15тен көп адамдын болушу каралган болсо, ар кандай функциялык өрт коркунучу бар имараттарда.
15 метрден бийик эмес, "Ф 1.2"; "Ф 3" жана "Ф 4.3" класстарындагы функциялык өрт коркунучу бар имараттарда төмөндөгү шарттар бир мезгилде аткарылганда кабатта (же кабаттын башка бөлүктөрүнөн өрткө каршы бөгөттөр менен тосулган бөлүгүндө) бир эвакуация эшигинин болушуна жол берилет:
- кабаттын аянты 300 кв.м ашпаганда;
- кабатта бир мезгилде болуучу адамдардын саны 20 кишиден ашпаганда;
- тепкич клеткасына чыгуучу эшиктер өрткө каршы 2-типтеги эшиктер менен жабдылганда.
"Ф 1.3" классындагы функциялык өрт коркунучу бар имараттардын кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциянын) жалпы аянты 500 кв.м кем эмес болсо жана бийиктиги 15 метрден жогору жайгашкан кабаттагы ар бир квартира үчүн бир эвакуация эшиги бар болсо, андан тышкары дагы авариялык эшик каралууга тийиш. Имараттан чыгуучу эвакуация эшиктеринин саны имараттын ар кандай кабатынан чыгуучу эвакуация эшиктеринин санынан кем болбоого тийиш.
8. Жайдын эң четинен ("Ф 5" классындагы имараттар үчүн - эң четки жумуш ордунан) эвакуация жолунун огу менен ченелүүчү эң жакынкы эвакуация эшигине чейинки жол берилген аралыктагы чеги жайдын жана имараттын функциялык өрт коркунучуна жана өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категориясына, эвакуациялануучулардын санына, жайдын жана эвакуация жолдорунун геометриялык параметрлерине, имараттын өрт коркунучтуулук жана отко туруктуулук классына жараша белгиленет.
Жайдагы 2-типтеги тепкич боюнча эвакуация жолунун узундугу анын үч эселенген бийиктигине барабар кабыл алынышы зарыл.
9. Эвакуация жолдору лифттерди, эскалаторлорду, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн участкалар аркылуу өтпөөгө тийиш:
- эгер лифт шахталарынын тосуучу конструкциялары, лифт шахталарынын эшиктерин кошпогондо, өрткө каршы бөгөттөргө коюлуучу талаптарга жооп бербесе, лифт шахталарынын эшиктери чыккан коридорлор аркылуу, лифт холлдору жана лифттердин чыга беришиндеги тамбурлар аркылуу;
- тепкич клеткасынын аянтчасы коридордун бөлүгү болуп саналса тепкич клеткалары аркылуу, ошондой эле 2-типтеги эвакуациялык эмес тепкич жайгашкан жай аркылуу;
- пайдаланылуучу үйдүн үстүн же конструкция боюнча пайдалануудагы үйдүн үстүнө окшош үстүн атайын жабдылган участкасын кошпогондо, имараттын үстү боюнча;
- экиден көп кабаттарды (ярустарды) байланыштыруучу, ошондой эле жертөлөдөгү жана жер астындагы кабаттардан чыгуучу 2-типтеги тепкичтер боюнча;
- жер алдындагы жана жер үстүндөгү кабаттарды байланыштыруучу тепкичтер жана тепкич клеткалары боюнча.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
64-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-64" title="64-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>