108-берене. Экспертиза
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Коргоо объекттерин, өрткө каршы коргоо системаларын, өндүрүш, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү (пайдалануудан чыгаруу) процесстерин жана өрт техникасын, өрткө каршы жабдууларды жана өрт-техникалык куралдарды өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин баалоо үчүн экспертизадан өткөрүү айылдык жана шаардык калктуу конуштарды пландоодо, имараттарды, курулмаларды, үйлөрдү жана башка коргоо объекттерин долбоорлоодо ушул Техникалык регламенттин 63 и 64-беренелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө карата жүргүзүлөт. Коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларын, өндүрүш, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү (пайдалануудан чыгаруу) процесстерин ушул Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо үчүн экспертизадан өткөрүү, текшерүү, изилдөө, сыноо төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
- мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары тарабынан;
- аккредиттелген сыноочу лабораториялар тарабынан.
Коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларын, өндүрүш, эксплуатация, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстерин экспертизадан өткөрүү, текшерүү, изилдөө, сыноо Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына караган, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эксаймактык объекттердин коргоо объекттерин, алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларын, өндүрүш, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстерин экспертизадан өткөрүү, текшерүү, изилдөө, сыноо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
108-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-108" title="108-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>