65-берене. Өрт бөлүкчөлөрүнүн ишин камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо төмөнкүлөрдү куруу каралууга тийиш:
- имараттар менен курулмаларга атайын же функциялык машина жолдор жана жакын баруучу жолдор менен бириктирилген өрт техникасы өтүүчү жолдор жана жанына баруучу жолдор;
- сырткы өрт тепкичтери жана өрткө каршы кызматтын өрт бөлүмдөрүнүн өздүк курамын жана өрт техникасын кабаттарга жана имарат үстүнө көтөрүү үчүн каражаттар, анын ичинде "өрт бөлүмдөрүн ташуу үчүн" деген режимге ээ лифттер;
- өрткө каршы суу түтүгүн, анын ичинде чарбалык менен бириктирилген же атайын, суусуз түтүктөрдү жана өрт идиштерин (резервуарларын), ал эми турак үйлөрдө квартира ичинде өрт өчүрүү үчүн - чарбалык-ичилүүчү суу түтүк тармагы менен;
- өрткө каршы кызматтын өрт бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын жүрүүчү жолдорун түтүндөн коргоо тутуму;
- адамдарды куткаруу үчүн жеке жана жамааттык каражаттар.
2. Бийиктиги 10 метр жана андан ашык имараттарда өрт машиналары жүрүүчү жолдун бетинен үй үстүнүн кырына же сырткы дубалдын үстүнө (парапетке) түздөн-түз тепкич торчолорунан же чатыр аркылуу, болбосо 3-типтеги тепкичтер же сырткы өрт тепкичтери аркылуу чыгуу каралууга тийиш.
Имараттын чатырына чыгуучу жолдордун саны (бирден кем эмес) жана алардын жайгашуусу имараттын функциялык өрт коркунучтуулугуна жана өлчөмүнө жараша каралууга тийиш:
- "Ф 1", "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" класстарындагы имараттын үстүнүн ар бир толук жана толук эмес 100 м узундугуна жана чатырыны жок жабылган ар бир толук жана толук эмес 1000 кв.м аянтына бирден кем эмес чыгуу;
- "Ф 5" классындагы имараттын периметри боюнча ар бир 200 м де өрт тепкичтери боюнча.
Төмөнкүлөрдүн болбошуна жол берилет:
- эгер имараттын туурасы 150 м ден ашпаса жана башкы фасадынын тушунда өрткө каршы суу түтүгү бар болсо, имараттын башкы фасадынын тушунда өрт тепкичинин болбошуна;
- имараттын үстүнүн аянты 100 кв.м ден ашпаса, үстүнө чыгуучу жолдун болбошуна.
3. "Ф 1.4" классындагы имараттарды кошпогондо башка имараттар менен курулмалардын чатырларында өлчөмү 0,6 x 0,8 м ден кем эмес эшиктер, люктар же терезе аркылуу үй үстүнө чыгуучу туруктуу тепкич менен жабдылган жолдун болушу каралууга тийиш.
Тепкич клеткаларынан үй үстүнө же чатырга чыга турган жолдор чыга бериштеги аянтчалуу тепкич марштары боюнча өлчөмү 0,75x1,5 м ден кем болбогон өрткө каршы 2-типтеги эшик аркылуу өтмө каралууга тийиш. Аталган марштар менен аянтчалар күйбөй турган материалдардан жасалууга жана жантаймасы 2:1ден ашпоого жана кенендиги 0,9 м ден кем болбоого тийиш. Бийиктиги 15 м ге чейинки "Ф 1", "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" классындагы имараттарда чатырга чыга турган жолдорду тепкич торчолорунан бекитилген болот шатыча боюнча өлчөмү 0,6x0,8 м ден кем эмес өрткө каршы люктар аркылуу курууга жол берилет.
4. Техникалык кабаттарда, анын ичинде техникалык жертөлөлөрдө жана техникалык чатырларда жарыкка чыгуучу өтмөлөрдүн бийиктиги 1,8 м ден, бүт имараттын узундугу боюнча чатырда 1,6 м ден кем болбоого тийиш. Бул өтмөлөрдүн жазылыгы 1,2 м ден кем болбоого тийиш. Узундугу 2 м ден ашпаган айрым участкаларда өтмөнүн бийиктигин 1,2 м ге, туурасын 0,9 м ге чейин азайтууга жол берилет.
5. Мансардасы бар имараттарда чатырлардын ичиндеги тосмо конструкцияларда люктардын болушу каралууга тийиш.
6. Чатырдын бийиктигинин 1 м ден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде (анын ичинде имарат үстүнө аэроциялык жарык фонарларын алып чыгуу үчүн) өрт тепкичтеринин болушу каралууга тийиш.
Чатырдын бийиктигинин 10 м ден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде эгер үй үстүнүн ар бир участкасында чатырга чыгуучу аянты 100 кв.м ден көп жол бар болсо же үй үстүнүн төмөнкү участкасынын бийиктиги 10 м ден ашпаса өрт тепкичтеринин болушу каралбайт.
7. 10 м ден 20 м ге чейин бийиктикке чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктигинин 1 м ден 20 м ге чейин өйдө-ылдый болгон жерлеринде "П1" тибиндеги өрт тепкичтеринин болушу, ал эми 20 м ден өйдө чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктиги 20 м ден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде "П2" тибиндеги өрт тепкичтеринин болушу зарыл.
Өрт тепкичтери күйбөй турган материалдардан жасалууга, терезелерге 1 м ден жакын жайгашпоого жана өрттөн коргоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аскер кийимчен жана жабдыктар менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу конструкцияда жасалууга тийиш.
8. Тепкич марштарынын ортосунда жана тепкич марштарынын тосмолорунун кармоочторунун ортосунда жазылыгы 75 м ден кем эмес көңдөй болушу каралууга тийиш.
9. Бийиктиги 5 м ден жогору "Ф 1.1" классындагы имараттар менен курулмалардын, бийиктиги 28 м ден жогору функциялык өрт коркунучу бар класстардагы ("Ф 1.3" классындагы имараттарды кошпогондо) имараттар менен курулмалардын ар бир өрт отсегинде өрт бөлүкчөлөрүн ташуу үчүн лифттер каралууга тийиш.
10. Карнизге же сырткы дубалдын үстүңкү кырына (парапетке) чейинки бийиктиги 10 м ден жогору, чатыры 12%га чейин жантайыңкы имараттардын, ошондой эле карнизге чейинки бийиктиги 7 м ден жогору, чатыры 12%га чейин жантайыңкы имараттардын чатырында тийиштүү стандарттарга ылайык тосмолордун каралышы зарыл. Бул тосмолор имараттардын бийиктигине карабастан, имараттын колдонуудагы жалпак жабылган чатырларында, балкондорунда, лоджияларында, сырткы галареяларында, сырткы ачык тепкичтерде, тепкич марштары менен аянтчаларында каралууга тийиш.
11. Жогорку кабаттын полунун белгиси 75 м ден көп болгон имараттардын жабуусунда өрт тик учагынын транспорттук-куткаруу кабинасы үчүн өлчөмү 5x5 м болгон аянтчалар каралууга тийиш. Бул көрсөтүлгөн аянтчалардын үстүнө антенналарды, электр өткөрүүчү зымдарды, кабелдерди жайгаштырууга тыюу салынат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-65" title="65-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>