63-берене. Имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде өрттүн таралышын чектөөгө карата талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин бөлүктөрү, ошондой эле ар кандай класстагы функциялык өрт коркунучтуулуктагы жайлар нормага салынган отко туруктуулук чеги жана конструкциялык өрт коркунучу бар тосуучу конструкциялар же өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнүүгө тийиш. Бөлүүчү мындай конструкцияларга жана өрткө каршы бөгөттөрдүн типтерине карата талаптар жайлардын функциялык өрт коркунучтуулугун, өрттүн жүктөмүнүн чоңдугун, имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражаларын жана конструкциялык өрт коркунучтуулук классын эске алуу менен белгиленет жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Өрткө каршы бөгөттөрдүн функциясын аткаруучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери жана типтери, ачыктыктарды аларга ылайык келүүчү толтуруу типтери жана тамбур-шлюздар ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 13-таблицада келтирилген.
Өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөр "НГ" күйүү тобундагы материалдан жасалууга тийиш. Өрткө каршы 2-4-типтеги бөгөттөр күйүү тобу "Г1"ден төмөн болбогон материалдардан жасалууга тийиш. Өрткө каршы бөгөттөрдүн ачыктыктарын тийиштүү толтуруу типтери үчүн отко туруктуулук чектери ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндети 14-таблицада келтирилген. Тамбур-шлюздардын элементтеринин ар кандай типтерине карата талаптар ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 15-таблицада келтирилген.
3. Өрткө каршы дубалдар имараттардын жана курулмалардын бүткүл бийиктиги боюнча тургузулууга тийиш жана өрттүн чектеш жаткан өрт отсектерине таралбоосун, анын ичинде имараттын конструкциясынын өрттүн очогу жагындагы бир капталы урап калганда, камсыз кылууга тийиш.
Өрткө каршы дубалдардын, калканчтардын жана тосмолордун имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин башка бөлүүчү конструкциялары менен ашташкан жерлери алар менен ашташкан бөгөттөрдүн отко туруктуулук чегинен кем эмес отко туруктуулук чегине ээ болууга тийиш. Өрткө каршы дубалдардын имараттардын, курулмалардын башка дубалдарынын ашташуучу жерлеринин конструкциялык аткарылышы өрттүн бул бөгөттөрдү айланып өтүп таралуу мүмкүндүгүн жок кылууга тийиш.
4. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү терезелер ачылбай турган болууга тийиш, ал эми өрткө каршы эшиктерде, дарбазаларда, люктарда жана клапандарда өзү жабылуу жана тыгыздалуу үчүн түзүлүштөр болууга тийиш. Ачык абалда пайдаланылуучу өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар өрттө алардын автоматтык түрдө жабылышын камсыз кылуучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
5. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү ачыктыктардын жалпы аянты атайын техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо алардын аянтынын 25%ынан ашпоого тийиш.
"А" жана "Б" категорияларындагы жайларын башка категориядагы жайлардан, коридорлордон, тепкич клеткалары менен лифт аянтчаларынан бөлүп турган өрткө каршы бөгөттөрдө туруктуу атайын аба үйлөгүчү бар тамбур-шлюздар каралууга тийиш. "А" жана "Б" категорияларындагы эки же андан көп жанаша жайгашкан жайлар үчүн жалпы тамбур-шлюздарды курууга жол берилбейт. "А" жана "Б" категорияларындагы жайларды башка категориядагы жайлардан бөлүп туруучу өрткө каршы бөгөттөрдө тамбур-шлюздарды же "В" категориясындагы жайларын башка категориядагы жайлардан бөлүп турган өрткө каршы бөгөттөрдө өрткө каршы эшиктерди, дарбазаларды, люктарды жана клапандарды куруу мүмкүн болбогон учурда өрттүн жакынкы кабаттарга жана жайларга таралышынын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплекси каралууга тийиш. Өрткө каршы бөгөттөрдүн өрткө каршы эшиктер, дарбазалар менен жабуу мүмкүн болбогон ачыктыктарында "В" же "Г" жана "Д" категорияларындагы чектеш жайларды байланыштыруучу өрттү автоматтык өчүрүүчү орнотмолор менен жабдылган ачык тамбурлардын куруу же өрткө каршы эшиктердин (дарбазалардын) ордуна өрткө каршы штора (экран) орнотуу каралууга тийиш. Бул тамбурлардын калкалоочу конструкциялары өрткө каршы болууга тийиш.
6. Өрткө каршы бөгөттөрдүн ачыктыктарын толтуруу, эгер ушул Техникалык регламентте башкалар каралбаган болсо, күйбөй турган материалдар менен аткарылууга тийиш.
Өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар бул конструкциялардын отко туруктуулук чектеринин нормативдик маанилерин камсыз кылуучу "НГ" күйүү тобундагы материалдарды же "Г1", "Г2" жана "Г3" күйүү тобундагы материалдарды колдонуу менен аткарылууга тийиш. Өрткө каршы шторалар жана экрандар "НГ" күйүү тобундагы материалдардан жасалууга тийиш.
7. Өрткө каршы 1-типтеги дубалдар менен калканчтарды күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюктуктарды, заттар менен материалдарды ташуу үчүн каналдардын, шахталардын жана өткөрмө түтүктөрдүн кесип өтүшүнө жол берилбейт. Мындай өрткө каршы бөгөттөрдүн жогоруда көрсөтүлгөндөн айырмаланган чөйрөлөрдү ташуу үчүн каналдар, шахталар жана өткөрмө түтүктөр менен кесилишкен жерлеринде түтүндөн коргоо системаларынын каналдарын кошпогондо, күйүү продукттарынын каналдар, шахталар жана өткөрмө түтүктөр боюнча таралышынын алдын алуучу автоматтык түзүлүш каралуусу керек.
8. Лифт шахталарынын жана лифттердин (чатырда жайгашкандарын кошпогондо) машина бөлүмдөрүнүн жайларын, ошондой эле коммуникация жүргүзүү үчүн каналдар менен шахталардын тоскуч конструкциялары өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөргө жана 3-типтеги калканчтарга коюулуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Лифт шахталары менен лифттердин машина бөлүмдөрүнүн ортосун тосуучу конструкциялардын отко туруктуулук чеги нормага салынбайт.
Лифт шахталарынын тоскучтарындагы эшик оюктары отко туруктуулук чеги "ЕI 30"дан кем эмес болгон жана өрт учурунда лифт шахталарынын эшик оюктарын автоматтык жабуучу өрткө каршы эшиктер менен, же күйбөөчү материалдардан жасалган отко туруктуулук чеги "Е1 45"тен кем эмес экрандар менен корголууга тийиш же болбосо имараттар менен курулмалардагы лифт шахталары коридорлордон, тепкич клеткаларынан жана башка жайлардан өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөрү жана 3-типтеги калканчтары бар тамбурлар же холлдор менен бөлүнүп турууга тийиш. Бийиктиги 28 метр жана андан жогору имараттардагы чыга беришинде атайын аба үйлөткүчү бар тамбур-шлюздары жок лифт шахталары өрттө лифт шахтасына аба үйлөткүч системасы менен жабдылууга тийиш. Автоматтык өрт сигнализациясы же өрт өчүргүч системалары менен жабдылган имараттарда лифттерде блокировка болууга тийиш жана өрт болгондо автоматтык түрдө 1-кабатка түшүүгө, эшиги ачылууга жана жабылбаган бойдон калууга тийиш.
9. Тепкичтер менен тепкич клеткаларынын көлөмдүк-пландык чечилиши жана конструкциялык аткарылышы өрт болгондо адамдарды имараттан коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга жана кабаттардын ортосунда өрттүн таралышына тоскоол болууга тийиш.
10. Имараттар менен курулмалардын жертөлөсүндөгү жана жер астындагы кабаттарында лифтке кирүү өрт болгондо атайын аба үйлөтүлүүчү 1-типтеги тамбур-шлюздар аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
63-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-63" title="63-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>