Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташуу, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 24-июлу № 129
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташуу , сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 141-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдө турган "жана импорт" деген сөздөр алып салынсын.
2. 1-беренеде:
"кыюуга" деген сөздөн кийин "өсүүсүн токтотууга чейинки деңгээлде залал келтирүүгө" деген сөздөр менен, "тазалоо" деген сөздөн кийин "жана токойду багуу иретинде кыюу" деген сөздөр менен толукталсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын: "Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде курулуш жана жардыруу иштери, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды алып өтүү транспорттук магистралдык жолдорду куруу, жер казынасын геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү максатында берилген аймактардын чегинде аларды сактоого негизделген мүмкүнчүлүк жок болгондо, келтирилгин чыгашалардын ордун (алынбай калган пайданы кошуу менен) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу менен өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга уруксат берилсин. Кыюуга уруксат токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык берилет. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле даярдалган жыгачтарды сатуудан түшкөн каражат токойду сактоого, коргоого, өстүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланылат".
2-берене.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу…Закон · 12.02.2007 · № 15
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 22-майындагы № 395-IV "2008-жылдын 22-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2008 · № 395-IV
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 850-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 850-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 851-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 851-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 852-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 852-V
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга,даярдоого…Постановление · 23.06.2011 · № 340 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.