Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга,даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-июну № 340 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга,даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, 2011-жылга мыйзам долбоорлорунун Планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2007-жылдын 20-февралы, № 13) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1-беренеде:
1) биринчи абзац "кыюуга" деген сөздөн кийин "өсүүсүн токтотууга чейинки деңгээлде залал келтирүү" деген сөздөр менен, "тазалоо" деген сөздөн кийин "жана токойду багуу иретинде кыюу" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 1-берене төмөнкү мазмундагы экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде курулуш жана жардыруу иштери, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды алып өтүү, транспорттук магистралдык жолдорду куруу, жер казынасын геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү максатында берилген аймактардын чегинде аларды сактоого негизделген мүмкүнчүлүк жок болгондо, келтирилген чыгашалардын ордун (алынбай калган пайданы кошуу менен) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу менен өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга уруксат берилсин. Кыюуга уруксат берүү токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык берилет. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле дан жана даярдалган жыгачтары сатуудан түшкөн каражат, токойду сактоо, коргоо, өстүрүү, калыбына келтирүү жана токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланылат.".
2-берене
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга,ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 1-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, сатууга жана сатып алууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдар жасоого, экспорттоого жана импорттоого, анын ичинде санитардык кыюуга, 5 жылдык мөөнөткө тыюу салынат, токойду кыюусуз кыйраган дарактардан тазалоо буга кирбейт. | 1-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, сатууга жана сатып алууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдар жасоого, экспорттоого жана импорттоого, анын ичинде санитардык кыюуга өсүүсүн токтотууга чейинки деңгээлде залал келтирүү, 5 жылдык мөөнөткө тыюу салынат, токойду кыюусуз кыйраган дарактардан тазалоо жана токойду багуу иретинде кыюу буга кирбейт. "Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде курулуш жана жардыруу иштери, кабелдерди,өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды алып өтүү, транспорттук магистралдык жолдорду куруу, жер казынасын геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү максатында берилген аймактардын чегинде аларды сактоого негизделген мүмкүнчүлүк жок болгондо, келтирилген чыгашалардын ордун (алынбай калган пайданы кошуу менен) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу менен өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга уруксат берилсин. Кыюуга уруксат берүү токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык берилет. Токой чарба өндүрүшүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле дан жана даярдалган жыгачтары сатуудан түшкөн каражат, токойду сактоо , коргоо, өстүрүү, калыбына келтирүү жана токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланылат.". |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 852-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 852-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 850-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 850-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 851-V "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга…Постановление · 30.06.2011 · № 851-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташуу , сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого…Закон · 26.07.2011 · № 129
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.