Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2008-жылдын 22-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 22-майы № 395-IV 2008-жылдын 22-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 22-майына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Айыл Банк" ачык акционердик коомун менчиктештирүүнүн концепциясынын долбоору жөнүндө; 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каржылык отчеттуулугунун аудити боюнча эл аралык аудитордук компанияны тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен талапкерлерди бекитүү жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; 2004-жылдын 25-июнундагы З № 1689-II "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралу" Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "Ташуучунун жүргүнчү алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жалдоочунун (иш берүүчүнүн) жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Чоң жана кичи жыйындар залдарын, борбордук фойени жана протоколдук кабинеттерди реконструкциялоо жана техникалык жактан жабдуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.
Төрага
А.Мадумаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 188
- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 189
- Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 15.08.2008 · № 202
- Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 05.08.2008 · № 194
- Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташуу , сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого…Закон · 26.07.2011 · № 129
- Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Закон · 23.06.2008 · № 128 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.