14-берене
Күчүндө · 19.07.2011 редакциясы
Ушул Мыйзамды колдонуу прокурордун санкциясынын, ошондой эле соттун токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат. Соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары жана жаза-чара берилгендиги жөнүндө маалымкаттар, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон жана башка документтер токтомго тиркелет. Ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулган учурда прокурордун катышуусу милдеттүү. Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат. Доо карызы бар адамдарга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу жаатында мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим, алар тарабынан материалдык зыяндарынын суммасы 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдардан тышкары материалдык зыяндын суммасы толугу менен калыбына келтирилгенден кийин кабыл алынат.
Берененин тексти 19.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203354/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>