17-берене
Күчүндө · 19.07.2011 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, баардык деңгээлдердеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендерди өз учурунда аларды жашаган жерлерине келиши боюнча эсепке алууну, аларды ишке орноштурууну же ата-энелеринин, же болбосо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрдүн көзөмөлүнө өткөрүп берүүнү, зарыл болгон учурларда аларды жашаган жерлерине келгенден эки жумадан кеч эмес мөөнөттө балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге жайгаштырууну;
2) жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын ишин координациялоону;
3) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учурунда эсепке алууну, алардын жашаган жерлерине келген күндөн тартып эки жумадан кеч эмес мөөнөттө ишке жана жашоо тиричиликке ыңгайлаштырып орноштурууну; жазадан бошотулган майыптарды жана карыларды өздөрүнүн багуусуна ала турган жакын туугандары жок болсо, майыптар же карылар үчүн үйлөргө жайгаштырууну уюштурууну;
4) алардын коомго тезирээк аралашышынын максатында ушул Мыйзамдын негизинде эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдар менен айкын реабилитациялык жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө ички резервдерди табууну же болбосо каражаттарды тартууну.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдар менен биргелешип жазадан бошотулган жана кургак учуктун оор түрү менен ооруган адамдарды милдеттүү тартипте эсепке алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке алсын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
Берененин тексти 19.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203354/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>