13-берене
Күчүндө · 19.07.2011 редакциясы
Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) тергөө жана прокуратура органдарына - адамдарга карата кылмыш жөнүндө иштер өндүрүшүндө болгон ошол органдарга;
2) сотторго:
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин адамдарга карата кылмыш иштери сот өндүрүшүндө болгон жана карала элек, ошондой эле кылмыш иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;
- айыпка, үч эселенген айыпка, мүлкүн конфискациялоого соттолгон адамдарга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте өкүмдү аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга карата;
3) жазаларды аткаруу мекемелеринин начальниктерине - жазаны андан ары өтөөдөн толук бошотулууга тийиш болгон жана жазанын мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө жазаларды аткаруу мекемелеринде жүргөн соттолгондорго карата;
4) жазык-аткаруу инспекциясына - коомдук жумуштарга, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарга карата, ошондой эле шарттуу соттолгон адамдарга карата жана жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган жана жазык-аткаруу инспекциясынын көзөмөлүндө турган адамдарга карата;
5) аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - шарттуу соттолгон, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган аскер кызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо жазасына соттолгон аскер кызматчыларына карата.
Берененин тексти 19.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203354/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>