5-берене. Ушул Техникалык регламенттин колдонулуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Ушул Техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына таянат жана ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдарынан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Ичүүчү суу менен камсыздоону жүзөгө ашырууда ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо жаатындагы мамилелер "Ичүүчү суу жөнүндө" жана "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Керектөөчүлөр менен жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы мамилелер ичүүчү сууну берүү (алуу) жагдайы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4. Ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жайгаштыруу, куруу жана эксплуатациялоого байланыштуу келип чыккан суу объекттерин, жерлерди, кен байлыктарды, токойлорду жана жаратылыш чөйрөсүнүн башка компоненттерин ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын кен байлыктар жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле суу, жер, токой, шаар куруу мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-5" title="5-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>