6-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
- калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчиликтери;
- ичүүчү сууну чыгарууга, ташууга, сактоого жана сатууга коопсуздук талаптарынын аткарылышын милдеттүү түрдө сактоо жана колдонуу;
- белгиленген тартипте коопсуздуктун ченемдик көрсөткүчтөрүнө ылайыктуулугун баалоону жүргүзүү;
- өндүрүүдө, ташууда, сактоодо жана сатууда ичүүчү суунун коопсуздугунун мониторингин уюштуруу;
- ичүүчү сууну өндүрүүдө, ташууда, сактоодо жана сатууда мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу;
- ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин талаптарынын жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы;
- сууну өндүрүүнүн бардык этаптарында тобокелдикке жана кооптуу контролдук чекиттерге талдоо жүргүзүү менен ичүүчү суунун коопсуздугун башкаруу системасын киргизүү жана ичүүчү сууну эл аралык стандарттардын негизинде берүү;
- өндүрүштүк контролдоо программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу.
2. Ичүүчү сууда ченемдер белгиленбеген заттар болгондо жеке жана юридикалык жактар чектик жол берилүүчү концентрацияларды белгилөө боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-6" title="6-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>