4-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
Ушул Техникалык регламентти аткарууну камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: кырсык - суу менен камсыз кылуу системасынын, ичүүчү сууну, ыплас сууларды тазалоо боюнча курулмалардын иштешинин санкцияланбаган түрдө токтошу же болбосо мүлккө зыян келтирилиши же жок кылышы же болбосо адамдардын ден соолугу менен бакубаттыгы үчүн коркунуч түзүшү мүмкүн болгон алардын компоненттеринин бузулушу; ичүүчү суу менен камсыз кылуунун автономдуу системасы - жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдалануучу жана калктын жалпы пайдалануусу үчүн арналбаган ичүүчү сууну керектөө жерлерине берүү менен (же бербестен) топтоо, даярдоо (же даярдабастан) үчүн түзүлүштөр жана курулмалар; тобокелдиктерди талдоо жана эң жогорку контролдук чекиттер - сапатты контролдоо системасы, ал бир түргө келтирүүнү, баалоону карайт жана ичүүчү суунун коопсуздугуна таасир этүүчү коркунучтуу факторлорду башкарат; коопсуз ичүүчү суу - алынган жерине же келип түшкөнүнө карабастан, микроорганизмдерди жана мителерди, ошондой эле адамдардын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген ар кандай заттарды кармабаган жана ичүү, тамак-аш даярдоо, тамак-аш азыктарын же заттарды өндүрүүдө адамдар пайдалануучу жана гигиеналык жол-жоболор үчүн арналган жаратылыш же кайра иштетилген суу; суу топтоочу курулма - ичүүчү суу менен камсыз кылуу булагынан сууну топтоо үчүн гидротехникалык курулма; суу менен камсыздоо - жер үстүндөгү же жер астындагы сууларды пайдалануучуларга коопсуздук боюнча талаптарга ылайык талап кылынган өлчөмдө берүү; суу түтүк тармагы (суу түтүгү) - сууну керектөөчү жерлерге берүү үчүн арналган суу түтүктөрүнүн курулмаларынын системасы; мамлекеттик көзөмөл - калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатында ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузуунун алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши; санитардык коргоо зонасы - анын чектеринде ичүүчү суу менен камсыз кылуу булагын, суу түтүктөр курулмаларын жана ичүүчү сууну булгануудан коргоо максатында чарбалык жана башка иштердин өзгөчө режими белгиленген аймак жана (же) суунун бети; ичүүчү суу менен камсыздоо булагы - суусу коопсуздук боюнча белгиленген талаптарга жооп берген жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасына топтоо үчүн пайдаланылуучу же пайдаланылышы мүмкүн болгон жер үстүндөгү же жер астындагы суу объектиси (же анын бөлүгү); контролдоо - тиешелүү сыноолор жана өлчөөлөр менен коштолуучу байкоо жүргүзүү жана жыйынтык чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылуучу ылайыктуулукту баалоо формасы; мониторинг - суунун коопсуздугун баалоо жана өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн белгилүү программа боюнча жүргүзүлүүчү үзгүлтүксүз байкоолордун жана контролдоонун системасы; колдонуудагы эң мыкты технология - экономикалык жана социалдык факторлорду эске алуу менен белгиленген мөөнөттүн ичинде колдонулуучу, суу пайдалануунун коопсуздугу боюнча талаптарды илим менен техниканын жетишкен деңгээлинде кармап туруучу өндүрүштүк иштердин, анын ичинде ичүүчү суу өндүрүшүнүн кыйла натыйжалуу технологиясы; ичүүчү суунун олуттуу эмес кемчилиги - ичүүчү суунун сапатынын кемчилиги, ал ичүүчү сууну анын максаттык арналышына ылайык пайдаланууга жолтоо болбойт; борбордоштурулбаган суу менен камсыздоо - бөлүүчү тармагы жок (шахталык же түтүкчө түрүндөгү кудуктар жана булактардын каптаждары) суу топтоочу түзүлүштөрдүн жардамы менен сууну жер астындагы булактардан берүүчү ичүүчү суу менен камсыздоо системасы; ичүүчү суунун коопсуздугунун ченемдери - эпидемиялык жана радиациялык жагдайда адам үчүн коопсуздукту, пайдалануунун узактыгына карабастан химиялык курамы боюнча зыяндуу эместигин кепилдикке алуучу ичүүчү суунун көрсөткүчтөрү; сууну зыянсыздандыруу (дезинфекциялоо) - суудагы микроорганизмдерди ичүүчү суунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуучу чекке чейин жок кылуу процесси; ичүүчү суу менен камсыздоонун жалпы үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системасы - ичүүчү сууну борбордоштурулган жана автономдуу суу менен камсыз кылуу системасынан керектөөчүлөргө берүүнү камсыздоочу, имараттагы түзүлүштөрдүн, курулмалардын жана суу түтүктөрүнүн комплекси; ичүүчү сууну керектөөчү - өзүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ичүүчү сууну белгиленген тартипте алуучу жеке же юридикалык жак; ичүүчү суу менен камсыздоо - керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер; ичүүчү сууну даярдоо (суу даярдоо) - сууну ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык келтирүү үчүн аны иштетүүнүн технологиялык процесси; чектик жол берилүүчү концентрация (ЧЖК) - суудагы заттардын максималдуу концентрациясы, анда зат өмүр бою организмге күн сайын кирүүдө учурдагы жана кийинки муундагы калктын ден соолугуна тикелей же ортомчулук таасир көрсөтө албайт, ошондой эле суу пайдалануунун гигиеналык шарттарын начарлатпайт; өндүрүштүк контроль - юридикалык жана жеке жактар иш жүргүзүү процессинде, иштерди аткарууда жана адам үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген кызматтарды көрсөтүүдө адамдардын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында уюштурулуучу жана жүргүзүлүүчү санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чараларды камсыз кылуу боюнча контролдоо системасы; ден соолук үчүн тобокелдик - кооптуу эмес ичүүчү сууну пайдалануу менен байланышкан жагымсыз факторлордун таасири менен шартталган, адамдардын жана келечек муундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч ыктымалдыгы; чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасы - сууну топтоо, ошондой эле зарыл учурда аны тазалоо, сактоо жана суу пайдалануучу жерге жеткирүү үчүн арналган курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси; борбордоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасы ичүүчү сууну топтоо, даярдоо, ташуу жана керектөөчүгө берүү үчүн жалпы пайдаланууга жеткиликтүү инженердик курулмалардын комплекси; чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - анын компетенциясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык анын милдеттери жана укуктары белгиленген белгилүү функцияларды жүзөгө ашыруучу орган; ичүүчү суунун олуттуу жетишсиздиги - анын максаттуу арналышына ылайык ичүүчү сууну пайдаланууну мүмкүн эмес же жеткиликтүү эмес кылуучу кемчилик; чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо - чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык-тиричилик максаттары үчүн адамдардын сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган тиешелүү ишканалардын жана уюмдардын иш чөйрөсү.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-4" title="4-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>