3-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Ушул Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерине төмөнкүлөр кирет:
- ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы ичүүчү суу (борбордоштурулган, борбордоштурулбаган, автономдуу, транспортто суу менен камсыз кылуу системасы, жалпы жана үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системалар);
- адамдар ичүү үчүн жана тамак-аш өндүрүшүндө колдонулууга багытталган ичүүчү суу;
- адамдар ичүү үчүн пайдалануучу цистерналарга, диспенсерлерге жана башка идиштерге (челектерге, чакаларга, флягаларга) куюлган ичүүчү суу.
2. Ушул Техникалык регламенттин аракети төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- минералдык ичүүчү, дарылык жана дарылык-ашканалык сууларга;
- табигый ичүүчү ашкана сууларына, сыйымдуулуктарга куюлган (бөтөлкөлөр, контейнерлер);
- медициналык азык болуп эсептелинүүчү сууларга;
- техникалык максаттар үчүн арналган сууларга;
- геотермалдык сууларга;
- ысык суу менен камсыздоо системасындагы сууларга;
- суу даярдоого чейинки булак сууларына;
- суу бөлүү объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча техникалык талаптарга.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-3" title="3-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>