1-берене
Күчүн жоготкон · 26.06.2009 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекстин 29-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 400-2-статья менен толукталсын:
"400-2-статья. Прокурордун, тергөөчүнүн, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо Прокурордун, тергөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынан келип чыккан талаптарын, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын талабын атайылап аткарбоо,- Жарандарга-жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 508-статьядагы "400-1-статьясында" деген сөздөр "400-1, 400-2-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 26.06.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203168/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>