62-берене. Президент тарабынан кайтарылып берилген мыйзамдардын каралышы
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Төрага Президенттин каршы пикирлери менен мыйзамды алган күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен каршы пикирди жооптуу комитетке, фракцияларга, эксперттик кызматка жиберет.
2. Жооптуу комитет Президенттин каршы пикирлерин, фракциялардын сунуштарын, эксперттик кызматтын корутундусун иликтегенден кийин 10 жумушчу күндөн ашык эмес мөөнөттө төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) Президенттин каршы пикирлерине макулдук берилсин;
2) Президенттин каршы пикирлерине макулдук берилбесин жана мыйзам мурун кабыл алынган редакциясында жактырылсын (ветону жеңип өтүү);
3) мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлсүн.
3. Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирлерине макул болуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда Аппараттын тийешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте жооптуу комитетке Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамдын текстин жеткире иштеп чыгууну жана Президентке кол коюга жөнөтүүнү тапшырат.
Эгерде Жогорку Кеңеш мыйзамды толугу менен кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө Президенттин каршы пикирине макулдук берсе, анда мыйзам четке кагылды деп эсептелинет.
4. Эгерде Жогорку Кеңеш мыйзамды мурун кабыл алынган редакциясында Жогорку Кеңештин конституциялык курамынан депутаттардын үчтөн экисинин кем эмес добушу менен кайрадан жактырса, мыйзам Президентке кол коюуга жиберилет.
5. Мурун кабыл алынган редакциясында жактырылган мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде ага Президент тарабынан кол коюлушу керек. Белгиленген мөөнөттө кол коюлбаган учурда, мыйзамга 10 күндөн кечиктирбестен Төрага тарабынан кол коюлат жана жарыяланууга жатат.
6. Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамды даярдоо үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу чечим катышкандардын көпчүлүгүнүн добуштары, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирин кароонун натыйжасында ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чечимдердин бирин кабыл албаса, мыйзам четке кагылды деп эсептелинет.
8. Жогорку Кеңеш Президенттин төмөнкү мыйзамга келген каршы пикирлерин кароосуз калтырат:
1) Жогорку Кеңеш тарабынан кийинчерээк күчүн жоготкон деп табылган негизги мыйзамды өзгөртүүгө багытталган;
2) күчүнө кирген башка мыйзам менен анын мазмуну сиңирип алынган.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (253)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 137-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.12.2015 · № 137-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 апреля 2016 года № 471-VI "О выборах на должность Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Постановление · 20.04.2016 · № 471-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1827-VI "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 29.06.2017 · № 18270-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-июнундагы № 3201- V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерн…Постановление · 12.06.2013 · № 3201-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 1136-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 1106-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 30.11.2016 · № 1136-VI
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2151-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2047-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 27.12.2017 · № 2151-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 2357-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы № 2191-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 12.04.2018 · № 2357-VI
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 5-ноябрындагы N 4162-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы N 4150-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 05.11.2020 · № 4162-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 4788-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 28.07.2021 · № 4778-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши…Постановление · 22.07.2021 · № 4757
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 4485-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана…Постановление · 20.11.2014 · № 4485-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 24 октябрындагы № 3524-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 24.10.2013 · № 3524-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 19-сентябрындагы № 2286-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 19.09.2012 · № 2286-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2330-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-сентябрындагы № 2286-V токтому менен түзүлгɵн макулдашуу тобу…Постановление · 27.09.2012 · № 2330-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы № 4838-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 25.02.2015 · № 4838-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине…Постановление · 26.11.2020 · № 4190-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3 октябрындагы № 3472-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы…Постановление · 03.10.2013 · № 3472-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 21-январындагы № 4701-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 4486-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 21.01.2015 · № 4701-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1853-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 13.09.2017 · № 1853-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 2445-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.05.2018 · № 2445-VI
253 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-62" title="62-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>