Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген „Мөңгүлөр жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 24-декабры № 137-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2106-VI, 2018-жылдын 30-майындагы № 2437-VI токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Ч.А.Султанбекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
А.К.Назаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы;
К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
К.А.Боронов - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри.
(КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2106-VI, 2018-жылдын 30-майындагы № 2437-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын киргизсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4186-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине (М.И.Бакиров) жүктөлсүн.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2106-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө"…Постановление · 21.12.2017 · № 2106-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 2437-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.05.2018 · № 2437-VI
Шилтеме берет (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4186-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мөңгүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.06.2014 · № 4186-V
- КР Жогорку Кенеши 2014-жылдын 26-фералындагы № 3847-V "«Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө"…Постановление · 26.02.2014 · № 3847-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.