Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин V «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген „Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерн жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 12-июну N 3201-V Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:
- Иманалиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы;
- Скрипкина Г.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү;
- Абдылдаев М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Темирбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Абдылдаев Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда баяндалган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төраганын орун басары
Т. Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3960-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 12-июнундагы № 3201-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 09.04.2014 · № 3960-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралы № 3843-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2014 · № 3843-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.